Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Шанхай: тепсендиде калып, 36 адам набыт кетти


Тепсендиден 36 адам набыт кетип, 50 чамалуусу жарадар болушту.
Тепсендиден 36 адам набыт кетип, 50 чамалуусу жарадар болушту.

Кытай бийликтери Шанхайда 36 адамдын өмүрүн алган жаңы жылдык башаламандыкты иликтеп баштады.

Жергиликтүү медиа каражаттар маалымдагандай, массалык өлүмдүн себебине көп кабаттуу үйлөрдүн биринен ыргытылган жасалма акчалар себеп болгон.

Массалык башаламан ызы-чуу Шанхайдын Хуанпу районунда жыл жаңыраарына бир нече мүнөт калганда башталган. Социалдык тармактарда маалымдалгандай, адамдардын түртүшүүсүнө көп кабаттуу имараттын биринин үстүндө жайгашкан түнкү клубдан жааган жасалма акча себеп болгон. Көчөдө чогулгандар акчаны терүүгө шашылып, төө бастыда калышкан.

Полиция, тез жардам кырдаалды жөнгө салууга аракет кылган.

Соңку маалыматтарга ылайык, тепсендиден 36 адам набыт кетип, 50 чамалуусу жарадар болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, набыт кеткендердин көбү студенттер, бир нече өспүрүм да бар экени айтылууда.

Окуянын күбөлөрүнүн бири Цуй Тинтин:

“Бул абдан коркунучтуу болду. Адамдар биздин алдыбызда жерге кулап, башкалары алардын үстүнөн тебелеп жатышты. Качып кутулууга мүмкүндүк болбой калды. Биз ажал ушундай жакын келгенин сездик” - деп айтты.

Shanghai Daily агенттиги билдиргендей, жыл сайын шаардын Вайтань деп аталган аймагында пиротехникалык шоулар уюштурулуп келген, бирок быйыл элдин көп топтолуу коркунучунан улам бул иш-чарага тыюу салынган. Ошол себептен быйыл фейерверктин болбогонуна карабай эмнеге бул аймакка көп адам топтолгонунун себеби иликтенүүдө.

Каргашага байланыштуу шаар бийликтери Шанхайдагы бардык жаңы жылдык салтанаттарды токтотту.

XS
SM
MD
LG