Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташуу уюму - ШКУнун эки күндүк жыйыны аяктады.

Саммитте уюмга мүчө Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстандын лидерлери өз өлкөлөрү жана аймактын коопсуздугу үчүн актуалдуу маселелер боюнча сунуштарын ортого салышты.

Ошондой эле уюм мүчөлөрү арасындагы экономикалык кызматташууну жакшыртуунун зарылдыгын да белгилешти.

12-сентябрда саммитти ачкан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон босоголош өлкөлөрдө пайда болгон проблемалар, анын ичинде чек арадагы кылмыштуулук, курал жана маң аткезчилиги, айлана чөйрөнүн булганышы жана жугуштуу оорулардын эч кимди кыйгачтап өтпөсүн белгиледи. Ал бүгүн Ирак жана Сирияда шариатка негизделген халифат курууну көздөгөн “Ислам мамлекети” уюму Борбор Азия үчүн да коркунуч жаратканын эскертти:

- Биз баарыбыз эстен чыгарбашыбыз керек. Мисалы, Жакынкы Чыгыштагы окуялар, алардын чыныгы исламга эч кандай окшоштугу жок болгону менен, биздин регионго да түздөн түз таасир этиши мүмкүн.

Эмомали Рахмон өз сөзүндө Кытайдын эзелки Улуу Жибек жолун бойлой экономикалык мейкиндик түзүү сунушун жактырып, ШКУнун алкагында транспорт жана коммуникация байланышын өнүктүрүү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эркин алмашуу, өндүрүштүк кызматташууну чыңдоого чакырды.

Кытайдын ШКУдагы экономикалык салмагы Орусияга караганда алда канча чоң экенин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун сөзү да ырастады. Ал “чү” дегенде эле ШКУ дүйнөлүк саясатта олуттуу роль ойногон таасирлүү эл аралык уюмга айланганына токтолуп, уюмга кирген өлкөлөрдү Бээжин сунуш эткендей транспорттук, инвестициялык жана экономикалык мамилелерди жакшыртууну колдоду.

Каримов Ооганстандагы кырдаал дале коңшулар үчүн кооптуу деп чочулайт:

- Ооганстанда түзүлгөн бүгүнкү жагдай перманенттүү бейстабилдүүлүк менен мүнөздөлөт жана көптөгөн саясий байкоочулардын жана эксперттердин көңүл соороткон сөздөрүнө карабай, дагы курчуганга ыктап турат... Азыркы боолгогонго болбогон жагдайда айрым бир саясий күчтөрдүн жана аларды колдогон мамлекеттердин хаос жаратып, Ооганстандагы абалды ого бетер татаалдантышына жол бербеш керек. Ирактагыдай кырдаал кайталанбайт деп ишенимдүү айтуу мүмкүн эмес.

Өзбек президенти Украинадагы жагдайды жөндөөдө Орусиянын кызыкчылыгын эске албоо жаңылыштык болорун кошумчалап, кризис түз сүйлөшүлбөсө, чечилбейт деди.

Ислам Каримовдун Владимир Путин менен Дүйшөмбүдөгү кездешүүдө аны менен тез-тез сүйлөшүүгө зар экенин жана протоколдук 30 мүнөттүк кездешүү чоң маселелерди сүйлөшкөнгө “жетпегенин” айтканына караганда, Ташкент Москва менен мамилени кайра жакшыртууга же кайсы бир өз кызыкчылыгындагы суроолорду чечүүдө Кремлдин колдоосуна ынтызар сыяктуудай.

Президент Путиндин ШКУнун жыйынындагы сөзү Москва Батыштын украин кризисине байланыштуу экономикалык санкциясынан улам Бээжиндин инвестициясына үмүт кылып турганын жышааналады.

"Биздин оюбузча",- деди Путин.- "ШКУнун жалпы транспорттук системасын түзүүнүн, анын ичинде Орусиянын Транссибирь темир жолунун, Байкал-Амур магистралынын транзиттик потенциалын Кытай Элдик Республикасынын Жибек Жолду өнүктүрүү планы менен шайкеш пайдалануунун келечеги чоң".

Бул магистралдар, Путин айткандай, Европаны Батыш Кытай менен, Сары Деңизди Санкт-Петербургдун порттору менен туташтырат. Орус президенти Дүйшөмбү Кытай лидери менен болгон эки жактуу сүйлөшүүдө да Ыраакы Чыгышты Кытай менен бириктирген газ кууру эки жак үчүн пайдалуу болоруна астейдил көңүл бурган.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да украин кризиси өлкө чегинен эбак чыгып, мурдагы советтик аймактагы мамлекеттерге таасир этип жатканын белгиледи:

- Украинадагы абал биздин баарыбызды катуу камтама кылууда. Кризистин масштабынын таасири эбак эле бул өлкөнүн чегинен сыртка чыкты. Чыгыш Украинадагы кырдаал токтоосуз чара көрүүнү жана аракеттенүүнү талап кылат. Проблеманы чечүүнүн бирден бир жолу - саясий диалог жана мунаса табышуу.

Ушундан келип, Назарбаев Шанхай кызматташуу уюму үчүн коопсуздук жаатындагы кызматташуу өтө маанилүү экенин, Чек ара маселесиндеги кызматташуу жана чогуу аракеттенүү келишимине кол коюлса, уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдөөгө кызмат кылат деди.

Чейрек кылымдан ашык убакыттан бери ич ара согуш басылбаган Ооганстанды кой, Борбор Азиядан миңдеген чакырым алыстагы Ирак жана Сириядагы согуштун зыяны айланып келип эле экс-советтик өлкөлөрдүн коопсуздугуна таасир эткенине башка лидерлердей эле президент Алмазбек Атамбаев да өз сөзүндө токтолуп өттү. Андан тышкары региондогу уюмдашкан маң аткезчилигине катар терроризм менен жикчилдикке каршы жигердүү чара көрүү зарыл экенин билдирди.

- Кырдаал маңзаттарын жайылтууга каршы эриш-аркак күрөшүүнүн эффективдүү иштечү системасын түзүү, ошондой эле терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, чек арадагы уюшкан кылмыштуулукка жана эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча чечкиндүү чара көрүүнү талап кылат, - деди Атамбаев.

ШКУнун Дүйшөмбүдөгү саммитине байкоочу макамы бар Ооганстан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистандын лидерлери, ошондой эле конок ирети Түркмөнстандын президенти катышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG