Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:06
Кылым карыткан кыргыз акыркы кезде упурап бараткандай түр калтырат. Балалуу аялды жүрүп бараткан унаадан ыргытып, аталар өз баласына кол салып, жигиттер алсыз кыз-келинди мазактап тим болбой, аны видеого тартып өзүбүздү-өзүбүз шылдың кылган абалга жеттик.

Бул жол менен кете берсек эмне болот? Бизди көргөн жаш муундар кантип чоңоёт? Кылым карыткан деген атыбыз сакталабы? Илгери бизде мындай болгон эмес деп тана бергенден элдин аң-сезими өзгөрүп кетпеси бышык. Мына ушул себептен мен жашаган АКШда мындай терс көрүнүштөр кантип чечилерин айтып бергим келди. Балким көйгөйдү чечүнүн механизмдерин жалпылап табабыз?

Эгемендик алганы жаңы система түзбөй туруп, эскилерин талкалап алдык. Кыргызстанда эң жөнөкөйү соолуктуруучу жайлар жоюлду. Мастар кыштыр-жайдыр көчөдө жата берет. Аны тургузуп коюуга эч ким жарабайт. Балким ал адам күйүтүнө чыдабай ичкендир. Эгер психологдун, атайын адистердин кеп-кеңеши болсо, коомчулук жардам берсе оңолуп кетмектир? Балким ушундан кийин ал адам мамлекетке кандайдыр бир салым кошмок. Саясий ызы-чуудан башыбыз арылбай жатканда адамдар депрессияга кабылып, акыр-аягы кейиштүү бүтүүдө.

Мен Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинин социалдык жумуш факультетинде окуйм. Көбүнесе тажрыйба топтоо үчүн ар түрдүү мекемелерге – мектептен тарта мамлекеттик ишканаларга чейин барабыз. Жылына бир эле мекемеге практикага бара бергенге болбойт, себеби жыл сайын жаңы уюм менен таанышып, анын жумушун көрүп, жаңы билим алышыбыз керек. Мени биринчи жылы Нью-Йорктогу ЛГБТ (кумсалар) борборуна жиберишти. Башта сексуалдык ориентациясы ар түрдүү адамдарга терапия өткөрүү мага жат болду. Каратып туруп эле эки эркек же эки аял бири-бирин кучактап, өөп атса өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрдүм.

Батышта баары эркин дегени менен сексуалдык ориентациясы башка адамдардын көйгөйлөрү жетиштүү. Адамдар эмне үчүн буга барат деп изилдеп, атайын адабияттарды окуп көрсөм, атанын залим мамилеси да кээде баланын кумса болуп кетишине кандайдыр себепкер болот экен.

Менин айтаарым бул жерде терапия же психологиялык кеп-кеңештер ар кандай терс жүрүм-турумду оңдошу мүмкүн. Мисалы, жардам сурап келген киши менен социалдык жумушчу (психолог) бирге отуруп ошол кишинин эмнеге кайра-кайра эле окшош проблемаларга чалдыга бергенин же эмнеге ал аялын жөнү жок ура бергенин чогуу талдашат. Анан ал адам өз проблемаларынын себебин түшүнүп, анализдеп, андан чыгууга жол издей баштайт. Бул ылдам процесс эмес, себеби терапия алып аткан адам бир нече жолу жолунан чыгып, эски адатын карматышы мүмкүн. Ал адамга жалгыз эле социалдык жумушчу же психолог эле жардам бербей жанындагы жаамат да жардам көрсөтүүгө аракет кылышат. Бул жетим-жесир калгандардын түйшүгүн ошол журттагылар чогуу бөлүшүп, моралдык колдоо көрсөткөн байыркы кыргыздарды эске салат. Ошондуктан, биз тарыхтагы болгон механизмдерди эске алып, Кыргызстандын чындыгына туура келген система курууга аракет кылуубуз керек.

Менин оюмча Батыштын көп жагы бизге туура келе бербейт, бирок адам укугун коргоо боюнча тажрыйбасы эң чоң жетишкендик. Бул жагынан көп нерсе үйрөнсөк болот.

Кыргызстанда психологиялык жардамга же терапияга тескери көз караш калыптанган. Бул советтик медициналык моделдин саркындысы. Ал кезде адам депрессия болуп адекваттуу эмес жүрө баштаса эле жиндиканага камалчу. Батышта болсо буга социалдык ыкмалар колдонулат. Депрессияга же менталдык ооруга чалдыккандарга жардам берчү уюмдар жетиштүү. Мисалы, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жапа тарткан аялдар көп. Бирок алардын көйгөйүнө коом олуттуу карабайт. Милиция барса “кайра жарашып аласыңар” деп арызын албайт, алган күндө да медициналык экспертизадан өтүп кел деп жөнөтөт. Өзү коркуп, депрессияга баткан аял бюрократиялык узун чынжырдан кантип өтө алат? Айыл жергесинде болсо кризистик борборлор жок, айласы куруганда төркүнгө качып барат. Күйөөсү бир жумадан кийин тууган-уругу менен барып кайра үйүнө алып келет. Бир айга жетпей дагы кол көтөрөт. Дайыма таяк жеп, басым астында жүргөн аялдын жашоого кызыгы тарап, ачуусун балдарынан чыгарат эмеспи…

Мисалы, ушул жылдын 4-сентябрында Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жаш балалуу аялды көчөгө ыргытып кетишкени интернетке жарыяланган. Эгерде мындай окуя Америкада болсо, полиция ыргыткан кишини дароо таап, эч кимди укпай эле камап коймок. Ал эми аялды баласынан ажыратпай, социалдык жардам берилмек дагы, убактылуу жайга жайгаштырылмак. Кыргызстанда болгон бул окуя институционалдык жактан адам укугун коргоо жок экенин көрсөтүп турат.

Бизде дагы бир жаман адам калыптанган. Бир күндө эле шизофрения деген диагноз коюшуп, аны бүт дүйнөгө жарыялап коюшат. Америкада ар бир адамдын оорусу, өзү уруксат бермейинче доктурлар же социалдык жумушчулар тарабынан жарыяланбайт. Шизофрения деген диагнозду доктурлар жана психологдор чогулуп, бир нече изилдөөлөрдү жүргүзүп анан коюшат, ар бир пациенттин документтери жабык бөлмөдө сакталат.

Мени дагы бир түйшөлткөн маселе - жалгыз калган карыялардын тууган-туушкандардан, ар кандай шылуун адамдардан кордук көрүп, үйүн тарттырып көчөдө калганы. Кыргыз коомунда ата-энесин карылар үйүнө берүүгө каршы чыккандар көп. Менин оюмча, карыган адамдын укугун жана оюн урматташыбыз керек. Эгерде улгайган адам үйдө кордук көрүп жатса, эмне үчүн ал карылар үйүнө барбашы керек? Мисалы, Батышта карыганда кантип жашоо керектигин адам өзү чечет. Көпчүлүгү үйүн сатып карылар үйүнө кетишет, себеби ал жерде камкордук бар, өздөрү каалаган жумуштарын кылууга шарт түзүлгөн. Бизде деле карылар үйү бар дечи, бирок Батыштыкы менен салыштырып болбойт.
Сөз акырында айтайын дегеним, велосипедди башынан ойлоп таппай, бар системаны кантип модификациялоо боюнча иш жүргүзүү керек. Буга убакыт жетти. Чет өлкөдөн бүтүп келген жаш адистер жетиштүү. Бир гана ошол системаны ишке киргизүүгө саясий эрк, каалоо керек. Келгиле улуттук уңгубузду сактап калууга күрөшөлү.

Айнуска Шерипканова, Нью-Йорк шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG