Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Тырмак кооздоп, илдет тапкандар


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте да акыркы жылдары колу-буттун тырмагын салондорго барып алдырып же чаптатып, өгөөлөтүп, бойотуу маданияты кулач жайды.

The New York Times басылмасы Америкада тырмакты өгөөлөп иштегендер арасында залалдуу шишикке (рак), тукумсуздукка же жугуштуу инфекциялык дарттарга чалдыккан учурлар арбын экенин жазды. Сулуулук салондорунда кардар да, аны тейлеген адам да жогорку деңгээлде корголбойт.

Өнүккөн Батышта ушундай болуп жатса, бизде абал кандай? Бул суроого жооп издеп, Бишкектеги бир нече салонду кыдырып чыктык.

Соода борборлордун бириндеги салондо иштеген Мээримдин иш күнү таңкы саат 9да башталып, кечки саат 9да бүтөт. 12 саат бою ал ондон ашык кишинин тырмагын тазалап, боёп берет. Бул үчүн атайын курска барып, окуган.

-12 саат бою, таңдан кечке чейин иштейбиз да. Кээде ар кандай боёктун, аны кетирген суюктуктун жытынан башыбыз ооруп чыгат. Көз кызарып, тамак кычышат. Биздин ишибиз химия менен тыгыз байланыштуу. Бизди ушул кесипке окутканда мугалимдерибиз "көп иштебегиле, зыян" деп эскерткен. Эми айла жок, кыргызбыз, чыдап эле иштей беребиз.

Тырмактагы боёкту өчүргөн суюктуктун курамында ацетон, ацетонитрил, бутил, этил жана изопропил кычкылдары бар. Ал адамдын башын оорутуп, жүрөгүн айлантып, көздү, мурунду, тамакты кычыштырат. Тырмакка жапкан лактын курамындагы формальдегид, толуол, дибутилфталат кычкылы аллергиялык реакцияны чакырып, демди кыстыктырат. Мээрим иштеп аткан кезде кесиптештеринин ушинтип кыйналганын байкаган.

Акыркы мезгилде тырмакты алып, өгөөлөп, боёп иштегендердин арасынан гепатиттин С түрүн жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын догдуру Чолпон Идирисова "Азаттыкка" берген маегинде айткан болчу.

- Маникюр, педикюр жасагандардын аспаптары эч качан тазаланбайт, спиртке чылап, шам же күкүрткө күйгүзүмүш болуп коюшат. Бирок гепатиттин вирусу андан өлбөйт. Азыр жаштар арасында татуаж, маникюр, педикюр аябай мода болуп жатпайбы. Ушундан улам сулуулук салондорунан гепатиттин ар кыл түрүн жуктуруп келгендер көбөйдү.

Азыр баш калаада колдун тырмагын 250 сомдон жогору, буттукун 600 сомдон өйдө жасалгалашат. Ал эми Нью-Йоркто маникюр баасы 100 доллардан ашып түшөт. Бирок тырмак боёп иштеген адистер дүйнөдө кирешеси эң аз катмарга киргенин, алардын иш акысын салондордун ээси бербей же кемитип алган учурлар көп болгонун Нью-Йорктогу мамлекеттик Эмгек департаменти билдирет. Ошентсе да тырмакты кооздоо индустриясы барган сайын өнүгүп, андан пайда тапкысы келгендер да көбөйүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG