Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Аскер куралы менен алдыга озгондор


2010-2014-жылдары эң көп курал сатып алган мамлекеттер. SIPRI даярдаган диаграмма. Швеция.

2010-2014-жылдары эң көп курал сатып алган мамлекеттер. SIPRI даярдаган диаграмма. Швеция.

Акыркы беш жылда курал экспортунун көлөмү 2005-2009-жылдарга салыштырмалуу 16 пайызга өстү. Дүйнөдө кайсы мамлекеттер көп курал сатып алат? Куралдануу коопсуздукка кандай таасир этти?

Швециянын Эл аралык тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) 16-мартта жарыялаган изилдөө боюнча, 2010 - 2014-жылдары Кытайдын энчисине дүйнөдө сатылган куралдын 5% туура келген. Эң чоң экспортерлор -мурдагыдай эле АКШ (31%) жана Орусия (27%). Курал көп сатып алган беш өлкө: Индия, Сауд Арабия, Кытай, Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ), Пакистан. Кытай беш жылда курал сатууну 143% көбөйткөн. Анын себебин изилдөөнүн авторлорунун бири Симон Везерман мындайча түшүндүрдү:

- Кытайдын аскер өнөр жайынын түрдүү куралдарды жасоону үйрөнүп алганы - абдан маанилүү өзгөрүш. 20 жыл мурда Кытайда жасалган куралдар мурдагы Советтер Союзунда 1950-60-жылдары жасалган куралдардын көчүрмөсү болчу. Кытай андан бери сырттан көп куралдарды сатып алды, аскердик өнөр жайын өнүктүрүп, башка өлкөлөр менен курал экспорттоодо атаандаша баштады. Ырас, бүгүн Кытайдын куралды экспорттоосу саналуу гана өлкөлөргө багытталган. Кытайдын ири кардарларынын бири - Бангладеште тандоо мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Пакистандын Батыштан курал - жарак сатып алганга кудурети жетпейт. Кошмо Штаттар Исламабаддын экстремисттик топторго каршы күрөшкөнүнө купулу толбой, аскерий жардам берүүнү токтоткон. Орусия да Пакистанга көп курал сатканга ынтызар эмес. Анте турган болсо Индиянын кыжырына тиет. Учурда жалгыз Кытай гана Пакистанды курал менен камсыздоодо.

Соңку беш жылда Кытай курал сатуунун көлөмүн 1,4 эседен ашуун, Орусия 37%, АКШ 23% көбөйткөн.

Германия жана Франция Кытайдан артта калды

New York Times гезити жазгандай, 2005 - 2009 - жылдары курал сатуу боюнча үчүнчү орунда турган Германиянын кирешелүү тармакты колдон чыгаруусуна, былтыр немис өкмөтүнүн курал экспортун чектегени себеп болду. Франция 1,2 млрд. евро “Мистраль” согуштук кемесин Орусияга сатуу планынан баш тартпаганда, Кытайды алдыга чыгармак эмес. Орусия Крымды аннексиялап алганга жана Донбасстагы орусиячыл жикчилдерди колдогонго байланыштуу былтыр Париж келишимди токтотуп койгон.

"Эли бир-эки жылда 190 миллионго жетчү Пакистан коңшулаш Индияга атаандашып куралданууда", - дейт англис тилиндеги Gandhara сайтынын редактору, Түштүк Азия боюнча эксперт Абубакар Сыдык.

Исламабаддагы аскерий парад. 29-март, 2014 - жыл.

Исламабаддагы аскерий парад. 29-март, 2014 - жыл.

- Пакистандын куралды көп сатып алуусу - коргонуу стратегиясынын туундусу деп ойлойм. Анын башкы атаандашы - Индиянын армиясы сегиз эсе чоң, элинин саны да алты эсе көп. Бир пакистандык аскерге сегиз индиялык жоокер туура келет. Эки мамлекет Кашмирге байланыштуу төрт жолу согушканын унутпасак. 1971 - жылкы Индия - Пакистан согушу Бангладештин Пакистандан бөлүнүп кетүүсүнө өбөлгө болду. Пакистан 1970-жылдын аягынан тарта коңшу Ооганстандагы бардык согуштарга аралашты. Советтик аскерлерге каршы партизандык жол менен күрөшкөн моджахеддердин негизги жабыты жана базасы Пакистан эле. Исламабад АКШ ж.б. өлкөлөрдүн каршылыгына карабай, Ооган өкмөтү менен согушкан тоң моюн талиптерди алиге чейин колдойт. Иран менен да мамилеси осол. Пакистандын региондогу бирден бир досу - Кытай. Исламабад - Бээжин мамилеси стратегиялык кызматташууга негизделген. Кытай Пакистандын ядролук программасын колдогон жалгыз өлкө. Бээжин ага ядролук реактор берген жана жаңы реакторлорду берүүнү мерчемдеп жатат. Кытай азыр Пакистанга ядролук куралдарын жакшыртууга жардамдашып, баллистикалык ракеталарга зарыл технологияны берип жаткан сыяктуу. Ушинтип, эки жак жөнөкөй куралдан тартып, ядролук куралга чейин өз ара кызматташат.

Абубакар Сыдык “Пуштун маселеси: Пакистан жана Ооганстандын келечегинин табылбаган ачкычы” (The Pashtun Question: The Unresolved Key to the Future of Pakistan and Afghanistan, London 2014) деген китептин автору.

Индия-Пакистан тирешүүсүнүн жүйөсү

Пакистанды эзелтеден "терроризмдин булагы" деп эсептеген Индия да коңшуларынын куралдануусун үнсүз карап турбады. Ал акыркы беш жылда курал сатып алуу боюнча алдына эч бир өлкөнү өткөргөн жок. Индия куралдын 70% Орусиядан алат.

- Ырас, Индия жана Пакистан өз ара жоо. Бирок Индиянын башкы жоосу Кытай экенин унутпасак. Алар 1960-жылдардын башында чек ара талашып жаңжалдашкан. Ушул жагдайдан алганда, Түштүк Азияны калабалуу аймак десе болот. Бул жаңжалдардан улам Түштүк Азия дүйнөнүн эң жарды чөлкөмү болуп саналат жана ал өзүндө катылган мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай жатат, - дейт Абубакар Сыдык.​

2014-жылы Кытайдын коргонуу бюджети 12% өсүп, 132 млрд. долларга жетти же АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты (NYT, WSJ IE, FT ).

Согуштук куралдарды көп сатып алуу чөлкөмдү сөзсүз кооптуу же уруш оту тутанып кетчү аймакка айлантабы? Суроого Абубакар Сыдыктын жообу:

- Менин оюмча, Түштүк Азия эбак эле чатактуу аймакка айланган. Ядролук бомба Индияда да, Пакистанда да бар. 1999-жылы эки тарап талаштуу Кашмирдин алыскы Каргил району үчүн согушалы деп барып араң токтогон. 2001-жылы Индия парламентине чабуул жасалганда, 2008-жылы ноябрда Индиянын соода борбору Мумбайдагы террордук чабуулдардан кийин да уруш оту тутанып кете жаздаган. Ошон үчүн Индия - Пакистан тирешүүсүн Түштүк Азиядагы бейстабилдүүлүктүн негизги фактору десек болот. Ооганстандагы кырдаал, Пакистан - Иран мамилеси, Индия-Кытай карама-каршылыгы мунун баары чөлкөмдөгү кырдаалды бейстабилдүү кылчу факторлор.

Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун маалымдашынча, 2014-жылы Сауд Арабиясы курал сатып алганга 6,4 млрд. доллар, БАЭ 2,2 млрд. доллар сарптаган. Бул экөө курал экспорттоого Батыш Европа өлкөлөрүнөн көп каражат жумшаган.

Азербайжан да аскер кубатын арттырууда

SIPRIнин изилдөөсүнө караганда, Азербайжан акыркы беш жылда 2005-2009-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе көп курал экспорттогон. Буга Тоолуу Карабак аймагына байланыштуу Армения менен араздашуу негизги себеп болгон. Еревандык серепчи А. Искандарян Тоолуу Карабактын аймагындагы канча курал бар экени белгисиз экенине көңүл бурду:

Тоолуу Карабактагы армяндардын танктары Азербайжан менен чектеш жерде турат. 2014-жыл.

Тоолуу Карабактагы армяндардын танктары Азербайжан менен чектеш жерде турат. 2014-жыл.

- Орусия узактан бери Армения жана Азербайжанды курал менен камсыздап келет. Тоолуу Карабак чатагына байланыштуу аймак үчүн жарыша куралдануу демейдеги иш. Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак аймагында да көп курал топтолгон. Ал жөнүндө эч жерде маалымат жок. Болбосо Тоолуу Карабактын мыкты армиясы бар. Зениттик ракеталык комплекстерди, танктарды жок кыла турган башкарылчу ракеталар - ПТУРларды сатып алуу чөлкөмдөгү өлкөлөр үчүн мүнөздүү жараян.

Экс-советтик мейкиндиктеги жаңжалдын дагы бир очогуна 2014-жылы Украинанын чыгышы - Донбасс да айланды. Анын пайда болушуна Орусиянын Крымды аннексиялап алуусу, Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдерге, ЕБ, АКШ ырастагандай, аскерий көмөк көрсөтүүсү негиз болду.

Украин чатагы Орусиянын курал өнөр жайын аксатууда

Донбасстагы согуш дүйнөлүк курал базарына да таасир этүүдө.

- Соңку айларда расмий Киев улуттук коопсуздукка өзгөчө маани берилерин шардана кылып, курал экспорту “күйөт” (азаят) деп эскертти, - деп сөзүн улантты Симон Везерман.

- Украина менен Орусиянын аскердик өнөр жайы бири-бирине байланган жана жакшы деңгээлде өнүккөн. Киев Орусияга курал сатууга тыюу салгандан кийин Орусия Украина менен жарнакташып чыгарчу тик учарларды, учкучтар машыктырылчу самолетторду жасоодо кыйынчылыкка кабылды. Ошон үчүн Орусия эки жылдай аталган куралдарды экспорттоону токтотуусу мүмкүн.

Украинадагы кризис ЕБ - Орусия кызматташуусуна зыян тийгизгенден башка Киев - Москва ортосундагы аскерий-техникалык байланышка да балта чапты, - дейт Симон Везерман:

- Акыркы бир нече жылда Орусия Батыштан жаңы согуштук технологияны сатып сатып алам деп тилек кылып жүргөн. Украин кризисинен улам ЕБ Орусияга эмбарго жарыялап, орустар Батыштан жаңы аскерий технология алуу мүмкүнчүлүгүнөн куржалак калды. Анын кесепетинен Орусиянын жаңы согуштук технологияны өнүктүрүүсү саалгыйт. Ошол эле мезгилде Европа өлкөлөрү Украинаны курал жагынан колдошу мүмкүн. Бирок алар ушу тапта андай кадамга барышпай, абдан этият турушууда. Анткени, Украинага курал берүү Донбасстагы калабаны жөндөөгө тоскоол болмок.

Украин чатагынан кийин Польша Германияга 119 танк заказ берди. Эстония Нидерландиядан мурда колдонулган 44 даана, Латвия 123 даана ушундай унааны Британиядан алат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG