Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Сирия кризисине ким күнөөлүү?


Сирияда "Араб жазынын" шарданы менен башталган элдик чыгуулар ири жаңжалга айланды.

Жарандык согуштун жарына такалган Сирияда бүгүн армия карапайым эл жашаган шаарларды аткылап, оппозиция менен куралдуу согуш жүргүзүүдө. Бул кризис Батыш менен Орусиянын да алакасын кайра солгундантты.

Сириянын борборук аймагындагы Хомс шаары бүгүн президент Башар ал-Асаддын оппозиция менен кандуу тирешүүсүнүн чордонуна айланды.
Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз:




Химаа Юсуп Дамаскта туулган, бирок түпкүлүгү суни мусулмандары басымдуулук кылган Хомс шаарынан. Мындан 10 жыл мурда саясий кугунтуктан качкан Сириянын жараны бул өлкөдөгү жаңжалдын токтобой келатышы үчүн Орусияны күнөөлөдү, тескерисинче Батыш Сирияда демократия орнотууга жардам берет деп эсептейт:

Орусиянын Асадды колдоосуна каршы Нью-Йоркто (сүрөттө), Европада, араб өлкөлөрүндө нааразылык акциялары өтүп жатат.

Орусиянын Асадды колдоосуна каршы Нью-Йоркто (сүрөттө), Европада, араб өлкөлөрүндө нааразылык акциялары өтүп жатат.

- Орусия Сирияга курал саткысы келет. Башаламандыктын мезгилинде бул абдан кирешелүү бизнес. Орусиянын бул режимди колдоп жатышынын дагы бир себеби, ал Жакынкы Чыгышта өз турумун сактап калгысы келет.

Сирияда мындан дээрлик бир жыл мурда башталган толкундоолордо 6 миңге чукул адам набыт болду. Орусиянын колдоосуна таянган Сириянын өкмөтү "массалык демонстрацияларды сырткы күчтөр уюштурду, козголоңду куралданган кылмыштуу топтор менен террористтер баштап жатат" деп ырастап келет.

Ошол эле убакта Батыш менен катар араб өлкөлөрүндө Сириядагы окуяларды былтыр жыл башында Тунистен от алган "Араб жазынын" туундусу катары көрүшөт жана демократиялык жаңыланууну талап кылган карапайым демонстранттарды президент Башар ал-Асаддын армиясы кырып жатат деп эсептешет.

Бир миллиондуу калкы бар шаарга 4-февралда танктар жана башка оор техника киргизилгенден бери күн сайын ондогон кишинин өлүмү тууралуу кабарлар келип түшүүдө. Ошол эле убакта Сириянын Боштондук армиясы өкмөттүк аскерлерге каршылык көрсөтүүдө. Бирок өлкөдө чет элдик кабарчылардын ишине тыюу салынгандыктан, мындагы абалды так-даана билүү кыйын.

Армиядан качкан аскерлер Эркин Сирия армиясына кошулушууда. Орусиядан оор техника алган өкмөттүк аскерлерден айырмаланып, алар граната аткыч, Калашников өңдөнгөн жеңил курал менен каршылык көрсөтүшүүдө.

Армиядан качкан аскерлер Эркин Сирия армиясына кошулушууда. Орусиядан оор техника алган өкмөттүк аскерлерден айырмаланып, алар граната аткыч, Калашников өңдөнгөн жеңил курал менен каршылык көрсөтүшүүдө.

Курал соодасынан тышкары, Орусиянын Жакынкы Чыгышта бир гана ушул Сирияда деңиз порту бар.

Сирия кризисинде Ирандын да өз орду бар. Араб өлкөлөрү менен атаандаш бул мамлекеттин бийликтери дини алави Башар ал-Асадга жан тартат. Бирок бүгүн негизги маселе барып эле Батыш менен Орусиянын атаандаштыгына такалууда.

Инаш Азим уулу Анкарадагы Гази университетинин илимий кызматкери. Ал азыркы кризис Батыш менен Сириянын ортосундагы тирештен улам создугуп жатат деп эсептейт:

- Орусиянын кийлигишип жатышын айта турган болсом, экөө аябай эски өнөктөш. Советтик мезгилде эле аскерий, ар түрдүү саясий багытта да кызматташып келишкен. Азыр Орусиянын Сирияны колдоп жатканы ошондон.

Батыш өлкөлөрү Сирия кризисинде Асад кетиши керек деген турумдан кайтпай келет, бирок бул боюнча резолюциянын долбоорун Бириккен Улуттар уюмуна Батыш эмес, Араб лигасы сунуш этпеди беле?

Изилдөөчү Араб лигасындагы таасирлүү өлкөлөр демократияны эмес, өз кызыкчылыгын көздөп жатат деп эсептейт:

​- Араб лигасындагы мамлекетердин көпчүлүгүндө падышачылык түзүлүш. Лигадагы таасирлүү мамлекеттердин Батыш менен мамилелери жакшы. Алардын Сириянын бийлигине каршы чыгып жатканы, Батыш менен мамилелери аябай жакшы. Катар, Сауд Арабиясы...

"Араб жазы" башталгандан бери Тунисте, Египетте, кийин Ливияда орун алган окуялар Сауд Арапстан өңдөнгөн авторитардык бийликтерди катуу ойго салып, ийкемдүүлүккө мажбурлап жатканы байкалат. Ал эми Батыш өлкөлөрү "Араб жазына" байланыштуу элдин пикирине кулак салууга мезгил жеткендигин айтууда.

Президент Башар ал-Асад (мотоциклге тагылган сүрөттө) Сирияны атасы экөө 41 жылдан бери башкарып келатат. Мотоциклде отурган Инаш Азим уулу, 2009-ж.

Президент Башар ал-Асад (мотоциклге тагылган сүрөттө) Сирияны атасы экөө 41 жылдан бери башкарып келатат. Мотоциклде отурган Инаш Азим уулу, 2009-ж.

Асаддын аскерлери Хомско оор техника киргизген күнү Араб лигасы сунуш эткен президент Асадды бийликтен кетүүгө чакырган резолюциянын долбоору Орусия менен Кытай вето койгондон кийин өтпөй калды.

Жакынкы Чыгышта, анын ичинде араб өлкөлөрүндө барандуу таасири бар Түркиянын Араб жана Батыш өлкөлөрүн колдогон туруму Орусиянын обочодо калгандыгын дагы айгинеледи.

Анын аралыгында куралсыз демонстранттарга курал колдонгону үчүн былтыр эле Сирияны өз катарынан чыгарып салган Араб лигасы январда бул өлкөгө жиберген байкоочуларын чыгарып кетти, ал эми февралдын башында АКШ баш болгон бир катар Батыш өлкөлөрү Дамасктагы элчилерин чакырып алышты.

Ал эми Сирияга коңшулаш Ливандын борбору Бейрутта Орусиянын Башарды колдогон турумуна каршы демонстрация өтүп, орус желеги өрттөлдү.

Ошентип ар тараптан сынга кабылган расмий Москва акыры Сириянын учурдагы өкмөтүн айныксыз колдоодон тайсалдай баштады.

БУУдагы маалымат жыйынында Орусиянын элчиси Виталий Чуркин Орусияны араб дүйнөсүндө түшүнбөгөндөр болуп жаткандыгына нааразы болду, ал эми тышкы иштер министри Сергей Лавров Дамаскта болуп, президент Башарды оппозиция менен ыкка келүүгө үндөдү.

Сирия тогуз жолдун тоомунда жайгашкан өлкө. Коңшулары Түркия, Израил өңдөнгөн аймактык ири оюнчулар. Борбор шаары Дамаск дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын катарына кирет. Алгачкы мусулман халифаттарда таасирлүү рол ойногон Сирия кийин Осмон империясынын, 20-кылымдын биринчи жарымынын басымдуу бөлүгү Франциянын көзөмөлүндө болуп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эгемендик алган. Парламенттик республика деп жарыяланганы менен, аскердик төңкөрүштөр улам кайталанып турган. Ал эми 1971-жылдан бери өлкөнү бир гана үй-бүлө, алгач Хафис ал-Асад, 2000-жылдан бери анын уулу Башар ал-Асад башкарып келет.

Сириянын Орусия менен СССРдин тушунда эле байланышы күчтүү болгон. Чынгыз Айтматовдун бул китептерин Дамаскинин базарынан таба аласыз. Инаш Азим уулунун сүрөтү

Сириянын Орусия менен СССРдин тушунда эле байланышы күчтүү болгон. Чынгыз Айтматовдун бул китептерин Дамаскинин базарынан таба аласыз. Инаш Азим уулунун сүрөтү

Мына ушундай татаал жана көп кырдуу тарыхы бар өлкөнүн башкы баалуулуктарынын бири диний жана улуттук шайкештик болуп келген. Дамаскта 2005-жылы, кийин 2009-жылы изилдөө жүргүзгөн Инаш Азим уулу сириялыктардын ынтымактуу жашоосуна өзү күбө болгон:

- Сирия көп улуттар, көп диндин жолдоочулары (ынтымакта) жашаган демократиялуу өлкө. Бул өлкөдө христиандар бар, күрттөр, алевилер, түркмөндөр жашашат. Бири-бирин сыйлашып, аяабай ынтымактуу болоор эле.

Ал эми Химаа Юсуптун Сириядагы толкундоолор башталганда өзгөрүшкө болгон үмүтү күчтүү болгон. Өткөн жайда ал Сириянын Прагадагы элчилигине барып, Башар ал-Асад дайындаган элчилердин кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Бирок Асаддын кишилери бүгүн да өз орундарында кала беришүүдө. Кош жарандыгы бар Химаа Юсуп бирок бүгүн да Сирия нагыз демократияга колу жетээринен үмүтүн үзө элек. Коштошоордо мен андан "Башар ал-Асад жаш, Батышта илим алган, англисче сүйлөйт, анын тушунда бир топ мыйзамдар жумшартылды, анан эмне үчүн аны анча жаман көрүп жатасыңар?" деп сурадым. Жаш ишкер жана активисттин берген жообу мындай болду:

Биз да ушинтип ойлогонбуз, бирок бизде "адамды сөзүнө эмес, жасаган ишине карап баала" деген лакап бар. Асад жакшы адам деп таптакыр ойлобойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG