Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

"Сириянын достору" Парижде чогулушту


Атареб шаары, Сирия, 2012-жыл
Атареб шаары, Сирия, 2012-жыл

Батыш Сирия режимине каршы санкцияларды күчөтүүгө үндөдү. Парижде "Сириянын достору" тобунун 3-жыйыны өттү. Бирок Орусия менен Кытай ал конференцияга келишкен жок.

Париждеги конференцияны ачып жатып, француз президенти Франсуа Олланд Асадга каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларды эл аралык коомчулук көбүрөөк колдоого тийиш деген оюн айтты:

- Сириядагы кризис дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудуруп жатканын эч ким талаша албайт. Биз андан тыянак жасашыбыз керек. Башар Асад кызматынан кетүүгө, өткөөл өкмөт түзүлүүгө тийиш. Бул – бардыгыбыздын кызыкчылыгыбызга жооп берет.

Конференцияга 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, Сирия оппозициясынын ондогон мүчөлөрү катышууда. Асадга каршы санкцияларды күчөтүүгө вето коюп келаткан Орусия менен Кытай жыйынды бойкоттоону чечишти.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Москва менен Бээжин Сирия элинин мыйзам ченемдүү мүдөөлөрүн колдоого тийиш деп билдирди:

- Мен ачык эле айтайын, Орусия жана Кытай Асаддын режимине тарапташ болгону үчүн бир нерсе тапканына ишенет деп ойлобойм. Аларды өзгөртө турган жол - бул жерде өкүлү отурган ар бир өлкө түз жана токтоосуз түрдө Орусия менен Кытай жараянга бөгөт коюп жатканын айтуусу керек. Мындан ары чыдап турууга болбойт

Франция лидери ошондой эле Сирия элине берилип жаткан гуманитардык жардамды көбөйтүүгө, оппозицияга көмөктөшүүгө, козголоңчуларды коммуникациялык жабдыктар менен камсыздоого үндөдү.

БУУнун Коопсуздук кеңеши кан төгүүнү токтотуу үчүн кечиктирилгис чара көрүүгө тийиш деп белгиледи Олланд.

Сириянын бөлүнүп-жарылган оппозициясы эл аралык коомчулук кризисти жөндөөдө өтө жай аракет көрүүдө деп сындап келатат. Айрымдары сырттан аскерий кийлигишүү идеясын айтып чыгышкан.

Сириянын Улуттук кеңеши деген оппозициялык топтун лидери Хасан Хашими аскердик учактарга тыюу салынган тилкелерди киргизүүнү сунуш кылды. Муну менен, анын айтымында, Асаддын куралдуу күчтөрүнө карапайым элди жана армиядан качкан жоокерлерди бутага алуусуна тоскоолдук түзүлмөкчү.

Сириянын достору деген аталыш менен белгилүү топ буга чейин февралда Тунисте жана апрелдин башында Стамбулда чогулган.

30-июнда Аннандын демилгеси менен Женевада Сирия боюнча эл аралык конференция өтүп, анын жыйынтыгында план кабыл алынган.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү, Түркия, Араб лигасынын мүчөлөрү бийликти өткөрүү, ок атышууну токтотууга көмөктөшүү жөнүндө макулдашкан.

Париж жыйыны өтүп жаткан кезде Сирия куралдуу күчтөрүнүн жогорку даражалуу генералы, Асаддын жакын кишиси каршы тарапка өткөнү тууралуу кабар тарады.

XS
SM
MD
LG