Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Сириядагы абал Сауд Арабияны кыжалат кылууда


Президент Башар Асадга каршылар Алепподо. 14-июнда тартылган сүрөт.

Президент Башар Асадга каршылар Алепподо. 14-июнда тартылган сүрөт.

Сириядагы жарандык согушту токтотууну максат кылган тынчтык конференциянын келечеги бүдөмүк болуп турат. Сауд Арабия Сириядагы жарандык согушка Ирандын жана шииттердин Ливандагы “Хезболла” тобунун аралашуусу коркунучтуу экенин айтып чыкты.

Сауд Арабия Тегерандын Сириядагы ролу боюнча “унчукпай койо албасын” Жидда шаарында өткөн басма сөз жыйынында өлкөнүн тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал билдирди.

Ал-Файсал белгилегендей, Сириядагы согушкерлерге аскерий жардам сунуш кылынып, ал эми өкмөттүк күчтөргө курал агылып келишин токтотуу боюнча чара көрүлүүсү абзел:

- Сирияга курал эбегейсиз түрдө агылып келип жатат. Геноцидге көмөктөшүүчү бул көрүнүш токтотулушу зарыл.

Жон Керри жана Сауд ал-Файсал. 25-июнь, Жидда.

Жон Керри жана Сауд ал-Файсал. 25-июнь, Жидда.

Сириядагы козголоңчулардын башкы колдоочусу катары саналган Сауд Арабияда кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. “Нью-Йорк Таймс” басылмасы жазгандай, расмий Эр-Рияд Вашингтонду сириялык козголоңчуларга жардамын көбөйтүүгө узактан бери үндөп келет.

Мамлекеттик катчы Жон Керри Жиддадагы басма сөз жыйында:

- Биз кимдир бирөөгө беришибиз же бербешибиз мүмкүн болгон куралдын чоо-жайын эч убакта талкуулабайбыз. Бул ачык талкуулай турган маселе эмес. Бирок биз Сириянын аскерий коалициясына жана Сириянын оппозициясына убактылуу жардам көрсөтүүнү улантабыз. Анткени биз Асаддын режиминин ирандыктарды жана “Хезболланы” эл аралык чек араларды бузууга чакырышын, алардын согушкерлерин өз аймагында жайгаштыруусун жөнсүз деп эсептейбиз. Сирияда АКШнын согушкерлери, же Саудиянын, же Катардын согушкерлери жок.

Жон Керри Вашингтон Сириядагы жаңжалдын саясий жол менен жөнгөрүлүшүнүн эң жакшы мүмкүнчүлүгү эл аралык конференция деген ишенимде турганын кошумчалады.

Улуттар Уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими конференция жакын арада өтөрүнөн шек санайт:

- Сөздүн чынын айтканда, мен Сирия боюнча конференция июлда болоруна күмөнүм бар. Оппозициянын кийинки жыйыны 4-5-июлда өтөт. Мен алар конференцияга даяр болот деп ойлобойм.

“Нью-Йорк Таймс” басылмасы жазгандай, Сирия конференциясы боюнча орток планды АКШ, Орусия жана Улуттар уюмунун дипломаттары шейшембиде, Женевадагы жыйында да иштеп чыга алышкан жок. Эми келерки аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кайрадан кездешет деп күтүлүүдө.

Өзү Сирия боюнча эл аралык конференция чакыртылышына АКШда, Орусия да макул. Бирок ал конференциянын жыйынтыгы менен курулушу керек болгон өткөөл өкмөткө ким кирет деген маселеде Москва менен Вашингтондун туруму кайчы чыгууда.

АКШ утурумдук өкмөт Асадсыз түзүлүүсү керек десе, Орусия Асаддын ролун сириялыктар өздөрү аныктоосу керек деп санайт. Конференцияга кимдер чакыртылары боюнча да пикир келишпестик бар. АКШ жыйында Ирандын болушуна каршы.

Эл аралык чабарман Лахдар Брахиминин айтымында, Сириядагы жаңжалдын арты алааматка айланып кетпеши үчүн эл аралык биримдик жана кызматташтык күчөтүлүүсү зарыл:

- Аймакта болуп жаткан нерсе абдан, абдан опурталдуу. Мен аймактагы өкмөттөр, ири оюнчулар, өзгөчө АКШ менен Орусия муну билишет жана колдон чыгып бара жаткан кырдаалды ооздуктоо үчүн чара көрүшөт деп үмүттөнөм.

Адегенде Асаддын режимине каршы тынч козголоңдон тутанган Сирия жаңжалы азыркыга чейин 93 миңден ашуун кишинин башын жалмады. Кийин кездери каршылашуу диний касташууну жаратып, 1,7 миллиондой киши үй-жайын таштоого аргасыз болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG