Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга шашпагандар көп


Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 22-февралга карата бирдиктүү салык декларациясын тапшырган жарандардын саны 56 418 болду. Булардын ичинен 15 миңге жакыны уюмдардан, 31,5 миңи жеке ишкер, ал эми 10 миңден ашууну жеке адамдар.

Салык мыйзамдарына ылайык, Кыргызстанда ишканалар 1-мартка чейин, жеке адамдар 1-апрелге чейин мүлкү, экономикалык ишмердүүлүгү жана алган кирешеси тууралуу маалымат берүүгө тийиш.

1-апрелге чейин муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патент менен иштеген жарандар кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү, чарбасы тууралуу толук маалымат берүүсү керек. Өз учурунда декларация тапшырбаган ишканаларга 5000 сом, ал эми жеке адамдарга 2 миң сом айыппул салынарын Мамлекеттик салык кызматы эскертет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG