Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

НАСА: МАРСТА СУУ БАР


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага, Аида Касымалиева, Бишкек АКШнын космосту иликтөө агенттиги НАСАнын билдиришинче, анын «Феникс Марс Ландер» (Phoenix Mars Lander) космос кемеси Марс планетасында суу бар экендигин тастыктады. Мындан алты жыл илгери эле Марста муз бардыгы аныкталган, бирок бул муз – сууга таандыкпы, же көмүр кычкыл заты менен байланыштуубу, бул суроонун жообу алигиче белгисиз болуп келген. Соңку маалымат, НАСАнын адистеринин оюнча, Марста табылган муздун тоңгон суу экендигин ырастоодо.

“Суу бар жерде жашоо бар” деген накыл кеп бар эмеспи. Ал эми тоңуп калган суу бар аймакта, жок дегенде, тээ байыркы убактарда жашоонун изи болушу ажеп эмес деп жоромолдосок болоор.

Айтор, АKШнын аэронавтика жана космосту иликтөө улуттук башкармалыгынын (National Aeronautics and Space Administration) Марста тоңгон суу табылды деген соңку билдирүүсү дүйнөдө Марстагы жашоо ыктымалдыгы тууралуу ар кыл айың кептерди жаратууда.

Бул соңку ачылыш тууралуу НАСАнын илимпозу Уилям Бойнтон (William Boynton) бейшембиде (31-июлда) кабарчыларга мындайча жарыя кылды:

Бул - чынында да биз кыйла убактан бери күтүп жаткан жаңылык болду. Албетте, биз алты жыл илгери эле “Марс Одиссей” (Mars Odyssey) кемеси гамма нурларынын спектрометри аркылуу Марста муз бардыгын ачканын билебиз, бирок биз акыры дал ушул музга кол тийгизип, анын даамын таткандай болдук. Мындай иш-аракет буга чейин эч жүзөгө ашырыла элек болчу. Менимче, бул муздун даамы абдан мыкты болуп чыкты,деп тамашалады Бойнтон мырза.

НАСА космос мейкиндигине аттандырган “Фeникс Марс Ландер” космос кемеси быйыл май айынын этегинде Марстын түндүк уюлунун кыртышына конгон. Ал тапкан ак түстөгү заттын муз экенин окумуштуулар июнь айында тастыкташкан.

Андан соң бул космос кемесинин робот аспабы алиги муздун сыныгын алып, кемеге жеткирди да, кемедеги жабдуу аркылуу анын тоңгон муз экендиги айкындалды. Температура Цельсий өлчөмү боюнча 0 даражага чейин ысытылганда, бул муз эрип кетти.

Албетте, азырынча Марстагы жабдуулар аркылуу космостук фантастикалык көркөм тасмалардагы “жашыл түстөгү адам кебетелүү жандыктар” көрүнө элек.

Бирок тоңгон суунун ачылышы менен окумуштууларда "Чын эле тээ байыркы доорлордо Марста жашоо болгонбу?" деген суроого карата кызыгуу өзгөчө жанданды десек жаңылышпаспыз.

Сүрөттө: “Фeникс Марс Ландер” космос кемеси Марста, www.nasa.gov интернет үйүнөн алынды
XS
SM
MD
LG