Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Европаны багындырган Атай Өмүрзаков


Атай 100 000 евро баш байге жана Лас Вегаска жолдомонун ээси. Братислава, 28.11.2011
Атай 100 000 евро баш байге жана Лас Вегаска жолдомонун ээси. Братислава, 28.11.2011

“Чехия-Словакияда таланттар бар” телесынагында Атай Өмүрзаков финалдык таймашта жеңип, 100 миң еврону утуп алды.

Словакиянын борбору Братиславада өткөн таланттар сынагында кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков финалдык таймашта жеңип, баш байгени утуп алды.

Атай бул ирет көрүүчүлөргө оң жана терс каармандардын бейнесин сүрөттөгөн жаңы бийин тартуулады.
Атайдын финалдык сынактагы бийи (Аманат сүрөт)
Атайдын финалдык сынактагы бийи (Аманат сүрөт)

Сынакта “Прима” телеканалынын эрежелерине ылайык, телекөрүүчүлөрдөн эң көп SMS алган аткаруучу жеңүүчү аталат.

Шоунун алып баруучулары “Словакияда жана Чехияда элдин көп добушун алган абсолюттук жеңүүчү" деп Атай Өмүрзаковду аташты.


Сынактын аягында Атайдын өзүнө сөз беришкенде, ал бардык күйөрмандарына жана калыстар тобуна ыраазычылык билдирди.

"Мен үчүн добушун бергендердин жана мага убакыт бөлүп, шоуну көргөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем", - деди сүйүнүчтөн көз жашын жашыра албай Атай. "Мен аябай бактылуумун. Бул – менин алгачкы чоң жеңишим".

"Мен аябай бактылуумун. Бул – менин алгачкы чоң жеңишим" (Аманат сүрөт)
"Мен аябай бактылуумун. Бул – менин алгачкы чоң жеңишим" (Аманат сүрөт)
“Чехия-Словакияда таланттар бар” деп аталган бул конкурстун жеңүүчүсүнө 100 000 евро тапшырылды.

Буга чейинки жарым финалдагы сынакта Атай Өмүрзаковдун аткаруусундагы бийди калыстар тобу жогору баалашкан эле. Калыстар тобунун мүчөсү чехиялык белгилүү актер Мартин Дейдар Атай бул сынакта бийдин деңгээлин өтө бийик көтөргөнүн, чыныгы өнөр, жогору чеберчилигин тартуулаганын, бийдин жан дүйнөсүн чагылдырганын айткан.

Эми шарт боюнча бул сынактын жеңүүчүсүн Лас-Вегастагы дүйнөлүк сынак күтөт. Бирок бүгүн сынак учурунда Атайдын жанында болгон кыргызстандык студент Аскат Абдыкадыровдун айтымында, Атай ал жолдомодон баш тартышы мүмкүн экенин айтты.

"Словактарга эле берем го жолдомону, анткени алардын желеги менен Лас-Вегастагы конкурска катышсам, мен тараптан туура эмес болуп калат го деди мага, - дейт А.Абдыкадыров. - Атай өзүнүн Кыргызстандагы күйөрмандары ага капа болуп калышы мүмкүн деп жатат, ошондуктан жолдомодон баш тартышы мүмкүн экенин кыйытты. Бирок баары бир ойлонуп, өзү чечет".

21 жаштагы Атай Өмүрзаков былтыр Орусиядагы "Даңазанын ирмеми" телетаймашында финалга жетип, экинчи орунду ээлеген. Ушул жылдын май айында Украинада "Менин өнөрүм" сынагына катышкан болчу.


Атай Өмүрзаковдун финалдык таймаштагы бийи
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:30 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG