Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Сочи: финдер хоккейден алдыда


19-февралда болгон таймашта орус командасы финдерден утулуп калды. Бул көпчүлүк күйөрмандарды ыза кылды.

19-февралда болгон таймашта орус командасы финдерден утулуп калды. Бул көпчүлүк күйөрмандарды ыза кылды.

20-февралда кыргызстандык Евгений Тимофеев Роза Хутор тоо лыжа базасында кезектеги машыгууларын кайрадан баштады.

Евгений Тимофеев 19-февралда Сочи олимпиадасында гигант-слалом мелдешине катышып, 109 атаандашынан 61-орунга илинди. 22-февралда Тимофеев слалом боюнча мелдеште өлкө намысын коргойт.

12-февралда Сочиде машыгуу учурунда жыгылып, жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ал-абалы дурус. Ал учурда Красная полянадагы олимпиадалык айылда дарыланып жатат. Кечээ ага жолукканымда, олимпиадалык оюндарга катышпай калганына өкүнүп, 1 жарым айдан кийин Москвада бутуна операция жасалаарын, ден соолугу калыбына келсе, 6-7 айдан кийин кайра лыжа менен машыгаарын айтты.

Евгений Тимофеев. Сочи. 20-февраль.

Евгений Тимофеев. Сочи. 20-февраль.



Улуттук олимпиада комитетинин Сочидеги өкүлү, команданын уюштуруучусу Саламат Эргешовдун айтымында, Трелевскийдин ден соолугун калыбына келитирүү боюнча камсыздандыруу иш-кагаздары толтурулду. "Буга ылайык ал Москвадагы ооруканалардын биринде бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алат",- деди Саламат Эргешов.

Хоккей: Айымдардан жеңүүчүлөр аныкталат

Бүгүн, 20-февралдагы башкы таймаш - хоккей боюнча кыз-келиндер командаларынын финалдык күч сынашуулары болмокчу. Мында коло байге үчүн швециялыктар менен швейцариялык айымдар беттешет. Бул оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыда башталат. Сочи олимпиадасынын чемпиондук наамы үчүн финалдык беттешүү түнкү саат 11де башталып, мында баш байге үчүн Канада жана Америка Кошмо Штаттарынын кыз-келиндер командалары мөрөй талашат. Адистер абдан курч, кызыктуу таймаш болорун айтышууда.

Сочиде айрым спорт түрлөрү жыйынтыкталып жатат. Бүгүн, 20-февралда шотландиялыктардын улуттук оюну болгон керлинг боюнча кыз-келиндер командаларынын жеңүүчүлөрү аныкталат. Коло байге үчүн Англия жана Швейцария өлкөлөрүнүн айымдар командалары күч сынашмакчы. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча түштөн кийин 2 жарымда башталат. Ал эми финалда Швеция менен Канада өлкөлөрүнүн командалары мөрөй талашат.

Күн өткөн сайын таймаш курчуду

Красная полянадагы «Русские горки» тоо лыжа айдыңында эркектер арасындагы лыжанын эки түрү: чоң трамплин жана 20 чакырымдык эстафеталык жарыштар башталды. «Экстрим Парк Роза Хутор» базасында фристайл мелдешинин финалы Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 11 жарымда башталат. Спорт күйөрмандары түнгө, жол азабына жана коопсуздукка байланыштуу бир нече текшерүүлөргө карабай мелдештерге барып, сүрөөнгө алып жатышат.

Адаттагыдай эле Сочиде күйөрмандар арбын келип, бүйүрүн кызыткан хоккей мелдештери болууда. Ал эми эркектер командаларынан мыктылары иргелип, жарым финалга шведдер менен финдер, канадалык жана америкалык хоккейчилер чыкты. Орустардын финдерге 3:1 эсебинде утулуп, байгелүү орундарга талапкер болбой калышын жергиликтүү күйөрмандар кайгылуу окуя катары кабыл алышты. Түндө күйүтүнө чыдабай кыйкырып, орусиялык хоккейчилерди тилдеп, кызымтал болуп жүргөн күйөрмандар болду. “Казан шаарынан атайын хоккей оюну үчүн келип, орусиялыктарга үмүт кылгам. Алар ишеничти актай албады. Аларга бардык шарт түзүлүп, өз жеринде жылдыз сезип алышып, утулуп уят болушту”,- деди жергиликтүү күйөрман Ренат Негматтулин.

Көркөм муз тебүү: Ким алдыда

Кечээги ийгиликтер тууралуу учкай айта кетсек, кыз-келиндер арасында көркөм муз тебүү боюнча Ванкувер олимпиадасынын чемпиону, түштүк кореялык Ён А Ким түндө да кыска көнүгүүдөн лидер болду. Ал Түштүк Кореянын тарыхында көркөм муз тебүүдө биринчи олимпиада чемпиону аталган. Учурда орусиялык Аделина Сотникова экинчи орунда келатат. Үчүнчү тепкичте италиялык Каролина Костнер турат. Командалык мелдеште Сочи олимпиадасынын чемпиону болгон 15 жаштагы орусиялык Юлия Липницкая муз үстүндө бийлеп жатып жыгылып, калыстардан төмөнкү баа алып, учурда бешинчи орунда. 20-февралда айымдар эркин көнүгүү боюнча өнөрүн көрсөтүп, анын жыйынтыгына жараша жеңүүчүлөр аныкталат.

Норвегия кайрадан лидер

Учурда жеңип алган медалдардын саны боюнча германиялыктарды норвегиялык спортчулар бир тепкичке сүрүп койду. 20-февралда лидерликти кайрадан колго алган Норвегиянын 9 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медалы бар. Кечээ биринчи орунда турган германиялыктар экинчи болуп, алардын 8 алтын, 3 күмүш, 4 коло байгеси бар. АКШ 3-орунда турса, оюн ээлери орусиялыктар 6 алтын, 9 күмүш жана 7 коло байгеси менен төртүнчү орунда келатышат.

Кыргызстандык ыктыярчы Малик Өмүрзаков.

Кыргызстандык ыктыярчы Малик Өмүрзаков.


Азия өлкөлөрүнөн Кытай 10 - орундан бир тепкич ылдый жылып калды. Алар учурда 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ. Ал эми Түштүк Кореянын спортчулары учурда Сочиде 2 алтын, 1ден күмүш жана коло байгеси менен 16-катарда турат. Учурда жапондор 1 алтын, 4 күмүш жана 2 коло байгеси менен 17-орунда. Жалпысынан оюнга катышып жаткан 88 өлкөдөн 25 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын ырымга бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде коло байге утуп берген Денис Тенге жолукканыбызда “Келечекте Олимпиада чемпиону болмоюнча жаным тынбай машыгып, максатыма жетем. Сочи олимпиадасы жакшы маанайда өтүп жатат”,- деп жооп берди.

Сочидеги кыргызстандык жалгыз волонтер Малик Өмүрзаков

Сочи олимпиадасынын уюштуруу, меймандарды тейлөө үчүн 25 миң ыктыярчы иштеп жатат. Алардын катарында жүзгө жакын чет өлкөлүк жарандар да бар. Ошол 25 миң волонтердун ичинде жалгыз кыргыз жигити Малик Өмүрзаков менен Роза Хутор тоо лыжа олимпиадалык борборунан кезиктик. 25 жаштагы Малик волонтер болуу үчүн 1 жыл мурда Уюштуруу комитетине арыз жазганын, бир нече сыноодон өткөнүн, англис, кытай тилдерин билерин, Кытайдан билим алганын, Сочиде улуттук олимпиада комитеттерине жардам берип, тилмеч болгонун «Азаттыкка» айтып берди. “Сочидеги олимпадалык оюндарга абдан катуу таасирлендим. Эми 2016-жылы Бразилияда өтө турган жайкы олимпиадага ыктярчы болуп, бекер иштеп берет элем”,- деди кыргызстандык волонтер Малик Өмүрзаков. Сочи олимпиадасынын уюштуруу комитетинде улуттук олимпиада комитеттери долбоорунун жетекчисинин орун басары болуп иштеп жүргөн дагы бир Назгүл Кожакматова аттуу жердешибиз бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG