Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Сочи: Спорттук жана саясий күч сыноо


Орусия -- Олимпия паркындагы башкы стадион. Сочи, 29-январь, 2014

Орусия -- Олимпия паркындагы башкы стадион. Сочи, 29-январь, 2014

7-февралда Орусиянын түштүгүндөгү Сочи шаарында Кышкы олимпиада оюндары салтанаттуу ачылганы турат. Олимпиада өткөрүү чоң жоопкерчилик, чоң чыгым. Ошол эле учурда өлкөнүн спорттогу жетишкендиктерин дүйнөгө даңазалап алуунун мыкты жолу.

70 жыл коммунисттик бийлик астында тыш дүйнөдөн жабык жашаган орусиялыктар үчүн элдин меймандостугун жана чет элдиктерге болгон достук мамилесин көргөзүүнүн мүмкүнчүлүгү. Бирок акыркы мезгилдерде Олимпиадалык оюндар кезде анын коопсуздугу, мелдеш өтчү жайларды даярдоого кеткен чыгымдар жөнүндө көп айтылып, спорт майрамынын шаңына жана күйөрмандардын маанайына тескери таасир этишүүдө дешет.

Мындай маанай орус журналисти, Agentura.ru он-лайн агенттигинин башкы редактору Андрей Соколовдо да бар:

- Олимпиада улам барган сайын чоң спорттук майрам катары кабыл алынбай калды. Азыр Олимпиадага баа бергенде анын коопсуздугу кандай камсыздалганы, саясий амбициянын долбоору жана башка жактарына көп көңүл бурчу болдук. Олимпиада спорттук фестиваль экенин мен эң акыркы кезекте ойлоном. Фестивалдык маанай акырындап жүрүп жоголот деп чочуйм. Узактан бери эч ким Олимпиаданын принциптери жөнүндө сүйлөбөйт. Бул Олимпиадага келген адамдардын аң-сезимине да таасир этиши ыктымал. Эгер мен ышкыбоз көрөрман болсом, мен Сочиге келет белем, анын кызыгына маашырланат белем, билбейм.

Сочидеги XXII кышкы Олимпиада оюндары жана анын тегерегиндеги сөздөргө байланыштуу “Арай көз чарай” талкуусун мына бул жерден уксаңыз болот.



Талкууга Москвадагы Жайкы Олимпиаданын жана дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, Улуттук олимпиада комитетинин, ошондой эле Физкультура жана спорт боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Саралинов жана журналист-юрист Жыргалбек Турдукожоев катышты.

Сочи, андан мурдагы Бээжин олимпиадасы алдында оюнду өткөрчү бул эки өлкөдөгү адам укуктары тууралуу көп сөз болду. Олимпиада оюндары кезде өлкөдөгү адам укугу катуу чектелгенине, анын ичинде көптөгөн саясий диссиденттер абакта отурганына көңүл бурган Батыш мамлекеттери 1980-жылкы XXII Олимпиадага бойкот жарыялоого чакырган. Ошондо бир катар өлкөлөр бойкот жарыялап, спортсмендерин Москвага жибербей, а түгүл өз алдынча мелдеш өткөргөн. СССР башындагы “социалисттик блокко” кирген көпчүлүк мамлекеттер жооп ирети, төрт жылдан кийинки Лос-Анжелестеги олимпиадага бойкот жарыялаган.

Москвадагы жайкы олимпиада оюндары кезде СССРдин ошол кездеги жетекчилиги бизде майыптар жок деп паралимпиядалык оюндарын өткөрбөй койгон. Азыр Сочи олимпиадасы бүтөр замат майыптар олимпиадасы уланат.



Cочидеги олимпиадалык объекттердин курулушунда иштеген жумушчу мигранттарды, анын ичинде кыргыз, серб жана башка өлкөлөрдөн барган жумушчуларды иштетип туруп, маянасын төлөбөй коюу, полициянын мыйзамсыз кармап кетүүсү, айлыгын төлөбөй туруп кууп жиберүү же депортациялоо сыяктуу фактыларды адам укугун коргоочулар какшап айтып жатышты.

Мисалы, Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Орусия боюнча программасынын директору Таня Локшина 13-январда “Азаттык” радиосуна маегинде мындай деген:

- Олимпиада оюндарына даярдыктын жүрүшүнө түз тиешеси бар проблемалар тууралуу сүйлөгөндө: жумушчу мигранттар, аларды жөнү жок кармоо; Олимпиадалык курулуштарда жасаган иштери үчүн акысын төлөбөй айдап чыгуу; аймактын айрым тургундарынын татыктуу компенсация төлөнбөй үй-жайын жоготуусу; Олимпиадалык курулуштарды сындаган көз карандысыз журналисттерди жана активисттерди кысмакка алуу, кысымдын акыркы айда дагы күчөөсү сыяктуу маселелерди айтуу керек.

Сочи олимпиадасынын коопсуздугун камсыздоо, бул дүйнөлүк спорттук майрамды тынч, коогалаңсыз өткөрүү жагы чынында эле бир нече жылдан бери кызуу талкууланууда. А түгүл Кошмо Штаттар Орусияга аскерий жактан көмөк бергенге даяр экенин билдирди. Мындай кооптонууларга албетте, декабрь айында Волгограддагы ондогон адамдардын өмүрүн алган террордук жардыруулар, Түндүк Кавказда коопсуздук кызматтарына тынбай кол салуулар, өзүн күнкорсуз ислам мамлекети - Кавказ Эмиратынын лидери деп атаган козголоңчу Доку Умаровдун өз тарапкерлеприн Сочидеги Олимпиада обьектилерине чабуул жасаганга чакырганы, кээ бир олимпиада командаларына Сочиге барбагыла деп коркутуп опузалаган каттардын жөнөтүлүшү да өбөлгө түздү.

1972-жылы Мюнхен олимпиадасы кезде олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң чоң трагедия болгон. Палестиндердин “Кара сентябрь” уюмунун мүчөлөрү Олимпиадалык кыштакка кирип, Израил делегациясынын бир нече адамын барымтага алат. Алар полициянын аракетин көрүп, барымтадагы 11 адамды өлтүрөт. Эл аралык Олимпиада комитети оюндарды улантуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Сочи олимпиадасына сарпталган акча буга чейинки он олимпиадага кеткен чыгымдан да көп болду. Премьер-министр Медеведев 60 миллиард долларга жакын каражат кеткенин билдирди. Анын үчтөн бири уурдалып кеткени айтылууда.

Орусиянын олимпиада комитетинин төрагасы Александр Жуковдун айтымында:

- Сочидеги 22-олимпиада оюндары жаңы замандын олимпиада кыймылынын тарыхындагы эң чоң оюн. Олимпиадага 85 өлкөдөн 2750 атлетчи келет деп күтүүдөбүз. Спорттун 15 түрү боюнча 98 медаль үчүн күрөш жүрөт. Бул Ванкувер олимпиадасындагыдан 12 медалга көп. Мелдешти маалымат каражаттарынын 12 миңге чукул аккредитация алган өкүлү чагылдырат. Дүйнөнүн 3 миллиард чамалуу калкы Олимпиаданы көрөт деп боолгонууда.

Соңку маалыматтарга караганда, 7-февралда Сочи Олимпиадасынын ачылышына 60ка чукул мамлекеттин лидерлери катышат. Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери, анын ичинде АКШнын, Франциянын, Германиянын, Литванын, Эстониянын, Молдованын президенттери, Британия жана Жапониянын өкмөт башчылары келбей турганы маалымдалган. Алардын айрымдары - Литванын президенти Даля Грибаускайте айым жана Германиянын президенти Йоахим Гаук Сочиге бара албасын өлкөдөгү адам укуктарын бузуулар менен түшүндүрүшкөн.

Бул салтанатка АКШнын делегациясын өлкөнүн мурдагы ички коопсуздук министри Жанет Наполитано айым баштап келет. 2012-жылкы Лондон Олимпиадасына президент Обаманын зайыбы Мишел Обама, 2010-жылкы Ванкувердеги кышкы олимпиадагы вице-президент Жо Байден баштап барган.

Олимпиада кыймылынын хартиясында көрсөтүлгөндөй, Олимпиада оюндары эл арасындагы достукту жана жакшы ыклас, эркти бекемдегенге кызмат кылат. “Олимпизм – бул денени, эркти жана акыл-эсти баланстуу тарбиялап өстүрчү жашоонун философиясы; Олимпизмдин максаты спортту адамзаттын ар тараптан гармониялуу өнүгүүсүнө кызмат кылдыруу, ошондой эле адамзаттын насил-наркын сактоого кам көрчү бейкут коомду түзүүгө көмөктөшүү” деп айтылат Олимпиада хартиясында.
XS
SM
MD
LG