Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Күбөлүгү жок балдардын түйшүгү


Бишкектеги балдардын реабилитациялык борборундагы бала. 27-декабрь, 2012-жыл.
Бишкектеги балдардын реабилитациялык борборундагы бала. 27-декабрь, 2012-жыл.

Жалал-Абадда мугалимдер окуучуларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берүү үчүн өздөрү аракет кылышууда.

Социалдык педагогдор ата-энеси жок, балдар үйүндө, же чоң ата-эненин колунда тарбияланган өспүрүмдөргө документ алып берүү үчүн сотко чейин кайрылышкан.

Базар-Коргон районундагы 9 жылдык Бакас Абдрашев атындагы мектепте 219 окуучу окуйт. Мында 14 бала учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок билим алышууда. Мектептин социалдык педагогу Баринса Жамбылова балдар тууралуу мындай маалымат берди:

- Көбүнчө Өзбекстандан бул жакка турмушка чыккан келиндердин балдарынын күбөлүгү жок. Алардын жарандагы жок болгондон кийин документ берилбейт экен. Биздин аймакта жайгашкан соң балдар билим алууга тийиш. Мектепке киргизбей коюуга болбойт. Бул эми ата-эненин күнөөсүнөн улам болгон иш да.

Баринса Жамбылова 22 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет. Документ даярдоодогу негизги түйшүк анын моюнунда. Азыр ал ата-энеси ажырашып, Өзбекстанга кетип калган балдардын апасын издетүү менен убара болуп, сотко чейин барууда. Жакынкы күндөрү сот аркылуу окуучуларга күбөлүк берилерин билдирди:

- Милиция Өзбекстанга чейин кайрылып, сураштырып жатат. Бирок жыйынтык жок. 3 жыл бою соттон сотко жүгүрүп жүрүп аябай чарчадым. Эми жакынкы күндөрү чечилип калса жакшы болор эле.

Базар-Коргон районунун тургуну Саламат эненин 3 небереси учурда күбөлүгү жок мектепке барат. Атасы каза тапкан соң балдардын апасы Өзбекстанга, төркүнүнө кетип калган. Учурда 67 жаштагы эне соттун чечими менен балдарын өз атына өткөрүп, документ даярдоого киришип жатканын айтты:

- Сотко кайрылсам, жалгыз бой эне деп менин пайдама чечим чыгарып берди. 10 күн ичинде пенсиямды берсе, барып күбөлүк алам.

Базар-Коргон районунда учурда 200дон ашык өспүрүмдүн күбөлүгү жок. Бул тууралуу райондук администрациянын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Гүлипа Сагынбаева билдирди. Анын айтуусунда, өткөн жылы этникалык атуулдардын 51инин баласына күбөлүк берилген. Ата-энеси мигрант 80 өспүрүм да туулгандыгы тууралуу күбөлүктүү болушкан.

- 113 бала мектеп окуучулары. Биз ЮНИСЕФ менен биргеликте ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. 81 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болуп жатат, булардын көбү мигранттардын балдары. Атасынын же апасынын паспорту алынган эмес, же мөөнөтү өтүп кеткен же нике күбөлүгү жок. Биз азыр үй-бүлөнү кантип мыйзамдаштырууну жер-жерде өткөн жыйындарда элге айтып жатабыз.

"Эрайым аялдар" коомдук бирикмеси да былтыр түштүктөгү кээ бир райондордо иш жүргүзүп, анын негизинде Базар-Коргондун Акман айылындагы 6 өспүрүм күбөлүктүү болушканын бирикменин облустагы координатору Кишимжан Боромбаева билдирди:

- Биздин бирикме атайын Базар-Коргондун Акман айыл округун тандап алып, 2011-2012-жылдары юристибиз келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, консультация беришти. Анын негизинде 2013-жылы 6 өспүрүм күбөлүк алышты. Биз негизинен миграция багытында иш алып бардык.

Өткөн жылы райондо 7 бала күбөлүксүз мектепти аяктап, жергиликтүү бийликтин жардамы менен аларга документ берилген. Азыр бул багыттагы иштерге эл аралык уюмдар көмөк көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG