Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Жапондор космосто таштанды өрттөйт


Космос
Космос

Түштүк Африкада дагы бир канкор чымын, ал эми Грецияда байыркы шаардын орду табылды. Акылдуу терезе сиз каалагандай жарык берет.

Таштандыга жармашкан аркан

9-декабрда Жапониянын Танегасима аралындагы космодромдон Kounotory (жапон тилинен которгондо айры дегенди билдирет) космостук кеме учурулду. Ал кеме Эл аралык орбиталдык станцияга бир нече тонна жүк жеткирет. Кайра келе жатканда Жердин орбитасындагы таштандыларды жыйнап, жок кыла турган технологияны космоско калтырат.

Жапониянын аэрокосмостук изилдөөлөр агенттигине (JAXA) караштуу технология - 700 метрлик электродинамикалык аркан болоттон жана алюминий зымынан жасалган. Аркандын бир учу орбитадагы эски спутникке же анын сыныктарына жабышкандан кийин Жердин магниттик талаасын пайдаланып, энергия иштеп чыгат. Бул энергия таштанды спутниктердин же алардын сыныктарынын потенциалдык энергиясын гравитациялык мейкиндикте акырындап азайтып отуруп, Жердин атмосферасына чыгарат. Атмосферанын калың катмарында таштандылар күйүп жок болот.

Жапондордун электродинамикалык арканы Жердеги аэрокосмостук системалардын көзөмөлүндөгү 20 миңдей таштандыны же спутник сыныктарын жок кылат деп мерчемделүүдө.

Космосто таштанды жыйноочу аркан Nitto Seimo компаниясынын көмөгү менен жасалган. Балык кармоочу тор жасоого адистешкен береги компания 1910-жылы түптөлгөн.

Жердин орбитасында учуп жүргөн таштандыларды жок кылуу боюнча алгачкы эксперимент ийгиликтүү болсо JAXA береги технологияны Жерден 800-1400 чакырым бийиктикте калкып жүргөн таштандыларды жок кылуу үчүн пайдаланмакчы. Орбитада космостук аппараттарга коркунуч келтирген түрдүү чоңдуктагы 100 миллиондон көп жасалма таштанды 27 359 км/саат ылдамдык менен учуп жүрөт.

Адистердин айтымында, орбитадагы таштандылар 100-200 жылдан кийин космосту өнүктүрүүгө чоң коркунуч жаратышы ыктымал. 1967-жылкы келишимге ылайык, космостогу спутниктер жана алардын сыныктары же “адам колунан жаралган заттын баары” аны орбитага учурган мамлекетке таандык (менчиги) деп эсептелет.

(Булагы: http://phys.org/news, www.nytimes/com. http://www.npr.org.)

Бөлмөгө жарык берген терезе

Акылдуу терезе сиз каалагандай жарык берет (кармап турат жана үй ээсине электр энергиясын алып берчү күн батареясы катары да кызмат кылат. Мындай терезени АКШдагы Мэриленд университетинин (University of Maryland) профессору Жереми Мондей (Jeremy Munday) жетектеген адистер жасашты.

Күн кубатын пайдаланчу акылдуу терезенин айнегинин түзүлүшү абдан татаал. Айнектин ортоңку катмары суюк кристаллдардын аралашмасынын микротамчылары менен толтурулган. Бул микротамчыларды эки жагынан калыңдыгы 13 нанометр аморфтуу кремний кысып турат.

Күн батареяларында кеңири колдонулган аморфтуу кремний күн кубатын электр энергиясына айлантат. Береги заттар кадимки эле айнектин эки катмарынын ортосуна жайгаштырылган. Сиз акылдуу терезени өчүрүп койсоңуз, суюк кристаллдар жарыкты чачыратып жиберет да айнек күңүрт тартат. Ошон үчүн сырттан бөлмөнүн ичи көрүнбөсүн деп терезеге парда илүүнүн зарылдыгы жок. Акылдуу терезедеги кремний суюк кристаллдардын абалын өзгөртүүгө жетерлик электр энергиясын иштеп чыгат. Терезени иштеткенде береги кристаллдар абалын өзгөртөт да айнек туптунук болуп, бөлмө жарыкка бөлөнөт. Аморфтуу кремний иштеп чыккан ашыкча электр энергиясы ортоңку аккумулятордук батареяларды заряддачу приборго жөнөтүлөт. Аны смартфондун батареясын, портативдик компьютерлерди (ноутбук, лэптоп, Айфон) же башка чакан приборлорду заряддоо үчүн пайдаланууга болот.

(Булагы: https://mundaylab.umd.edu, pubs.acs.or)

Канкор чымын

Канкор чымындын Trichoura pardeos деп аталган жаңы түрү Түштүк Африканын Түндүк Кейп провинциясындагы Тирберг коругунда табылган. Аны Түштүк Африканын Квазулу-Натал музейинин кызматкери, доктор Жейсон Лондт (Drs Jason Londt) жана Вашингтондогу Смитсон институтунун Табият тарыхынын улуттук музейинин (Smithsonian Institution National Museum of Natural History) кызматкери Торстен Диков (Torsten Dikow) тапкан.

Окумуштуулар жаңы табылган макулукту чымындардын каракчылары катары таанымал Asilidae түркүмүнө кошту. Канкор чымындар агрессивдүү жүрүм-туруму менен белгилүү жана алар коңуздарга, көпөлөктөргө, ошондой эле жакшы коргоно албаган ийнеликтер менен жөргөмүштөрдүн айрым түрлөрүнө кол салат. Канкор чымын алдагы бечаралар учуп баратканда буктурмада туруп кармап алат. Анан олжосунун денесине куйругундагы ийнесин сайып, уусун чачат. Уу денеге тарап кетер замат курмандыктын ичи суюктукка айланып, канкор чымын аны шимирип алат.

Окумуштуу биологдор канкор чымын табылганга байланыштуу чымындардын Trichoura pardeos түркүмүнүн мүнөздөмөсүн кайра карап жазып чыгышты. Береги жаңы чымындар Түштүк Африканын алое өсүмдүгү бар кургак жерлерин байырлайт. Ушуну менен канкор чымындардын түрү жетиге жетти.

(Булагы: https://www.eurekalert.org/pub_releases/2016-12/pp-aot120616.php, africaninvertebratesorg)

Грециядагы байыркы шаар

Байыркы шаардын калдыктарын швециялык жана британиялык археологдор Афиныдан 300 чакырым түндүктөгү Влачос кыштагына жакын жердеги дөңсөөдөн тапкан. Илимпоздордун божомолуна караганда, өз доорунда гүлдөп-өскөн шаарды жергиликтүү эл римдиктер басып алганда болжол менен биздин заманга чейинки IV-III кылымдардан кийин таштап кеткен болушу ыктымал. Ошого археологдор калаа мындан 2500 жылдай мурда өкүм сүргөн деп жоромолдошот.

Байыркы калаанын ордун казып жатканда чопо идиштер, биздин заманга чейинки 500 жылга таандык делген тыйындар, мунаралардын, чеп дубалдардын жана дарбазалардын урандылары чыккан. “Биз тапкан шаардын аянттары жана көчөлөрү бул жерде чоң шаар болгонун ырастайт. Шаар коргонунун ичи 40 гектарга жакын” деп билдирди эл аралык археологиялык экспедициянын мүчөсү, Швециянын Гетеберг университетинин докторанты Робин Роннланд (Robin Ronnlund). Жыл башынан бери жүрүп жаткан археологиялык долбоорго ошондой эле Британиянын Борнмут университетинин окумуштуулары жана грециялык изилдөөчүлөр тартылган.

Байыркы шаардын калдыктары атайын радарлардын жардамы менен аныкталган. Ошондуктан археологдор кыртыш астында жаткан байыркы шаардын сакталып калган бөлүгү зыянга учурабай казып алынат дешет.

(Булагы: http://www.express.co.uk, http://www.foxnews.com)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG