Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Сомалиде бөйрөк дарылаган Улук


Улук Могадишо шаарында калкты дарылаганына беш ай болду.
Улук Могадишо шаарында калкты дарылаганына беш ай болду.

Кыргызстандык дарыгер, 35 жаштагы Улук Сатымбаев Сомалинин баш калаасы Могадишо шаарында уролог-врач болуп эмгектенет.

Улук көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн маалымат каражаттарында тынчы жок, жарандык согуштан башы чыкпаган, деңиз каракчылары топурап жүргөн өлкө катары сыпатталган Африкадагы Сомалиге кантип барып калганы, андагы жашоосу, калкы тууралуу “Азаттыкка” маек куруп берди.

"Азаттык": Улук, көпчүлүк кыргызстандык интернет менен теледен гана көрчү алыскы Сомали өлкөсүнө кандайча барып калдыңыз? Учурда кайсы шаарда турасыз, кандай ооруканада эмгектенесиз?

Улук Сатымбаев: Мен Сомалинин баш калаасы Магадишодо турам. Келгениме беш ай болду. Бул жакта түрк жеке бейтапканасында уролог-врач болуп эмгектенем. Өзүм Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясын аяктагам, кийин Түркияда дагы билимимди өркүндөтүп, андан соң түрк фирмасы аркылуу Сомалиге келип калдым. Келишимди алты айга деп түзгөнбүз. Эгер узартылса калам, үй-бүлөмдү дагы алып келсемби деп ойлонуп атам.

"Азаттык": Биз Сомалини бир топ жыл жарандык согуш болуп, азыр деле анча калыбына келе албай жаткан өлкө катары билебиз. Сиз беш ай ичинде көргөн Сомали кандай экен?

Улук Сатымбаев: Мен көпчүлүк адамдардай эле Африка өлкөлөрүн такыр башкача элестетчүмүн, чөл, ысык деп. Андай деле эмес, Сомали Инди океанынын жээгинде жайгашкан. Океанга барып турабыз. Могадишо абдан жашыл шаар. Өтө деле ысык эмес, эки айдан бери жамгыр жаап, салкын болуп калды. Азыр 29-30 градус ысык. Ал эми өлкөдөгү туруктуулук тууралуу айтсам, анча-мынча куралдуу кагылыштар болуп турат экен. Тилекке жараша, мен келгени андай чоң деле уруштар боло элек.

Улук Сомалидеги кесиптештери жана бейтаптар менен.
Улук Сомалидеги кесиптештери жана бейтаптар менен.

"Азаттык": Жергиликтүү эл тууралуу айтып берсеңиз. Негизинен эмне менен алектенишет? Турмушу кандай?

Улук Сатымбаев: Сомалинин калкынын 97% мусулмандар экен. Ошол себептен аялдарынын баары жоолук салынып, жабык кийинип жүрүшөт. Эли динге өтө берилген экен. Таң калганым кичинекей, бир-бир жарым жаштагы кыздарына да жоолук салып коюшат экен. Көптөрү намаз окушат экен. Эң көп куран жаттаган кишилер ушул Сомалиде жашайт деп уктум. Элинин көбү мигрант болуп чет жактарга чыгып кетишиптир, алар үйлөрүнө акча салышат. Көбү ошону менен күн көрүшөт. Албетте, океан жээги болгондуктан көп эле нерсе кылса болчудай, бирок азыр өлкө эми бутуна туруп келатыптыр.

"Азаттык": Чет өлкөлүктөр көппү? Башка жактан келгендерге кандай мамиле жасашат? Сизден башка кыргыздар барбы?

Улук Сатымбаев: Чет жактан келгендерден түрктөр бар, бул жерде түрктөрдүн эки чоң ооруканасы бар. Африка куралдуу күчтөр биримдигинин аскерлери көп экен. Испандыктар, орустар жашаптыр бир кезде.

Мен жашаган райондо орустардын 1980-жылдары жылдары курулган мончосу бар. Жакшы сакталып калыптыр. Анткени көп жылдык согуштардан улам шаар бир кезде аябай кыйрап калган экен. Шаар эми-эми кайра калыбына келип, жаңы имараттар курулуп жатат. Түрктөр курулуштарга чоң инвестицияларды салып жаткан экен.

Мусулмандарды аябай жакшы кабыл алышат экен. Сураганда эле атыңар ким, мусулмансыңарбы деп сурашат. Өздөрүнүн врачтарына көп ишенишпейт. Жеке бейтапканалар, ооруканалар көп. Ошентсе да мамлекеттик ооруканага барып, көрүнүп, анан кайра бизге текшерилгени келишет. Ооба, жалпысынан бул жакта он кыргыз дарыгери бар. Алар ар кандай жолдор менен келишкен, мен сыяктуу жеке фирмалар аркылуу, ыктыярчы болуп келгендери бар. Башка тармактардан кыргыздарды көрө алган жокмун. Борбор Азиядан тажиктер бар.

"Азаттык": Сиз дарыгер болуп эмгектенет экенсиз, Сомалидеги медицинанын абалы кандай? Бул өлкөлөрдө таза суунун жетишпегени, тиешелүү шарттын жоктугунан жугуштуу оорулар жайылган деген маалыматтар көп айтылат эмеспи.

Улук Сатымбаев: Өздөрүндө доктурлар жетиштүү эле. Орусча сүйлөгөн айрым врачтар бар. Маселен, биз менен ички органдарды караган, кардиолог сомалилик кесиптештер иштешет. Алар жакында эле Украинадан билим алып келишиптир.

Мамлекеттик ооруканаларда жалаң ыктыярчылар иштешет, аларга айлык төлөнбөйт. Ошол себептен алар бош убактыларында жеке ооруканаларга келип иштеп турушат. Билбейм, Сомалиде мусулмандар жашагандыктанбы СПИД, сифилис деген сыяктуу жугуштуу оорулар дээрлик аз. Эбола жок. Негизинен кант диабети менен ооругандар аябай көп, ошондой эле метаболизми бузулгандыктан буттары жара болуп кетет.

Таза суу жетишпегендиктен, гигиена сакталбайт. Анан жаан көп жааган маалда майда көлчүктөр пайда болуп, чиркейлер көбөйүп кетет экен. Ошондо ич келте, безгек сыяктуу оорулар көбөйөт экен. Жергиликтүүлөр ал ооруларга көнүп калышыптыр. Биздеги грипптей эле кабыл алышат экен. Ошондой эле албетте мамлекетте туруктуулук жок болгону үчүн ар кандай куралдуу атыштарда, жардырууларда жаракат алып келгендер да болот.

Улук: Сомалиде жакшы, Кыргызстанды сагындым.
Улук: Сомалиде жакшы, Кыргызстанды сагындым.

XS
SM
MD
LG