Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Жөө күлүк Писториус "адам өлтүрдү" деп соттолууда


Оскар Писториус сүрөттөгү сүйлөшкөн кызы Рева Стенкампты "ууру болушу мүмкүн" деп жаңылыш атып алса керек дешкен.
Оскар Писториус сүрөттөгү сүйлөшкөн кызы Рева Стенкампты "ууру болушу мүмкүн" деп жаңылыш атып алса керек дешкен.

Түштүк Африка Республикасында “адам өлтүрүүгө” шектелип жаткан Паралимпиада атлети Оскар Писториустун соту башталды. Ал кечээ эртең менен өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызын атып өлтүргөн болушу мүмкүн деп жатышат.

Писториус азыр камактан күрөө акы менен чыкканга аракет кылаары айтылууда, бирок полиция буга жол бербестигини билдирди.

Оскар Писториустун сүйлөшкөн кызы, 30 жаштагы модель Рева Стенкамптын денеси кечээ эртең менен атлеттин үйүнөн табылган.

Өзүнүн Twitter эккаунтунда көбүнчө аялдардын үй-бүлө зордугуна кабылып жатышына, зордукталышына каршы ойлору менен бөлүшүп жүргөн моделге, полициянын кабарына караганда, төрт ок тийген. Азыр анын өлүмүнө дал ошол 26 жаштагы спортсмен жигит шектүү болушу мүмкүн. Полиция Писториусту “сотко чейин шектүү деп формалдуу атабай турууну” эп көрдү.

Писториус баш калаа Преториядагы эң өнүккөн райондордун биринде жашайт. Бейшембиде эртең менен анын коңшулары спортсмендин үйүнөн кыйкырыктар угулганын айтышты.

Баштапкы версия боюнча Писториус сүйлөшкөн кызын байкабастан “үйгө ууру кирген окшойт” деп атып алганы айтылган эле. Полициянын расмий өкүлү спортчунун үйүндө буга чейин да “үй-бүлөдөгү зомбулукка байланышкан” чыр-чатактар болгонун билдирди.

Эки бутунун тең тизесинен ылдый жагы ампутацияланган бул жөө күлүк өз өлкөсүндө “тирүү легендага” айланган. Ошондуктан соңку окуя Түштүк Африка Республикасын чындап эсин оодаргандай болду.

Йоханнесбургдун тургуну Бонисфа Теле уккан жаңылыкка ишенбей жатканын айтты:

- Баары мен ойлогончолук жаман эмес болсун деп үмүттөнүп жатам. Анткени Оскар чындап өлкөсү үчүн үлкөн эмгек жасаган жакшы жигит, бирок баары чындап эле ушунчалык жаман болсо, анда мыйзам иштеши керек.
Оскар Писторуис 400 метрге чуркоодо. Лондон Олимпиадасы, 4.08.2012
Оскар Писторуис 400 метрге чуркоодо. Лондон Олимпиадасы, 4.08.2012

"Азыр ар кандай сөздөр айтылып жатат. Биз баарыбыз азыр полициядан, тергөөчүлөрдөн жыйынтыкты күтүшүбүз керек деп ойлойм. Ар ким муну жамандап, камалышы керек дей бериши мүмкүн. Бирок мен чындап эмне болгонун азыр так биле элекмин" - йоханнесбургдук дагы бир тургун Шай Ханжел.

Оскар Писториус өз өлкөсүндө эле эмес, дүйнөлүк спортто жетишкендиктери менен таанылган. Ал төрөлгөндө эле эки бутунун тизесинен ылдый жагы өспөй, кийин ампутациядан соң тизесинен ылдый уланган протез менен чуркай баштаган.

Көптөгөн жылдар бою ал паралимпиадалык таймаштарга катышып, үч жолу алтын медалга татыган. 2008-жылы Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерацияны сотто утуп, майып эмес, кадимки жөө күлүктөр менен таймашканга укук алат.

Былтыр Лондон Олимпиадасында майыптыгына карабай, жалпы жарышка катышкан тарыхтагы алгачкы майып-спортсмен аталган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG