Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Түштүк Кореянын президентин жарга такашууда


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Түштүк Кореянын лидери Пак Кын Хе, Сеул, 2013-жылдын 19-ноябры

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Түштүк Кореянын лидери Пак Кын Хе, Сеул, 2013-жылдын 19-ноябры

Түштүк Кореяда ушул дем алыш күндөрү президент Пак Кын Хенин кызматтан кетишин талап кылган төртүнчү ири нааразылык акциясы өттү.

Оппозициядагы партиялар импичмент маселесин күн тартибине чыгарып жатса, прокуратура курбусунун кылмыш иштерине президент өзү да аралашкан деп билдирди. Түштүк кореялыктар өлкө башчысын эч бир расмий кызмат ээлебеген курбусун мамлекеттик иштерге аралыштырган деп күнөөлөөдө.

19-ноябрда Сеулдун көчөлөрүнө дагы жүз миңдеген адам чыкты. Төртүнчү дем алыш катары менен өтүп жаткан азыркы демонстрациялар Түштүк Кореянын калкы 1987-жылы тикелей президенттик шайлоону талап кылгандан берки эң ири нааразылык акция катары каралууда.

Президент Пак Кын Хенин кызматтан кетишин талап кылган жүз миңдеген адамдын ар бир колуна шам кармап, ишемби күнү кечинде Сеулда мына ушинтип толкуп турушту:

- Мен президент Пак Кын Хе үчүнчү демонстрациядан кийин эле кызматтан чегинет деп күткөм. Бирок, менин да, элдин да күткөнү акталган жок. Биз ал кызматтан кетмейинче бешинчи, алтынчы митингдерге деле келе беребиз, - деди демонстранттардын бири кабарчыларга.

Дем алыш күндөрү Сеулда президенттин оппоненттерине каршы антимитинг да өттү. Бирок, байкоочулар менен кабарчылардын баамында, президентти коргоп чыккандар ага каршыларга караганда аз болду. Уюштуруучулар өздөрү алтымыш миңдей десе, полиция он бир миңдей деп эсептеди:

- Президент эл талап кылса же жалган маалымат, ушак-айың тарап кетсе эле кызматтан чегине бербеши абзел. Баары мыйзамга жана Конституцияга ылайык болушу керек да, - дейт президенттин жактоочуларынын бири.

Бийлик мөөнөтү 2018-жылы февралда аяктай турган Пак Кын Хе 2012-жылдагы шайлоодо добуш бергендердин 51%, же 15 миллиондон ашуун адамдын колдоосуна ээ болгон.

Жергиликтүү социологдордун баамында, саясий жаңжалдан улам калк арасындагы кадыры кескин төмөндөп кетти деген президентке кысым элден эле эмес, парламенттеги саясий оппозициядан жана прокуратурадан да күчөп жаткандай.

Жекшемби күнү Түштүк Кореянын прокуратурасы саясий жаңжалга байланыштуу азырынча камакка алынган үч адам - президенттин курбусу жана бейрасмий кеңешчиси менен мурдагы расмий кеңешчилеринин экөөнө расмий айып коюлду жана алардын кылмыш иштерине президент өзү да аралашкан деп жарыялады:

- Атайын тергөө тобу колдо бар далилдердин негизинде президент Пак Кын Хе кылмыштуу ишмердиги үчүн шектелген үч адам менен сөз байлашып алган деген бүтүмгө келди. Мындай тыянактан улам атайын тергөө тобу президент боюнча иликтөөнү улантат, - деди Сеулдун борбордук округунун прокурору Ли Ён Лиол.

Түштүк Кореянын мыйзамдары боюнча эгер чыккынчылык беренеси боюнча эле айыпталбаса, кызматтагы президентте аны кылмыш жоопкерчилигинен коргогон иммунитет бар. Бирок прокуратура иликтөөнү улантып, президенттин өзүн да суракка алууну көздөөдө.

Президенттин администрациясы болсо прокуратуранын жарыясын сын жана өкүнүч менен кабыл алды. Президенттин өкүлү Чон Юн Ку Сеулдагы басма сөз жыйында буларды айтты:

- Прокуратуранын билдирүүсү чындык эмес. Фантазия жана жоромолдордун эле негизинде курулган картон үй деп койсок болот. Объективдүү маалыматтар эске алынбай жатат.

Түштүк Кореядагы бул жолку саясий жаңжалдын борбордук фигурасы - президент Пак Кын Хенин узактан берки курбусу Чхве Сун Сил.

Түштүк Корея президентинин жана анын курбусунун (солдо) демонстранттар көтөргөн сүрөтү. Сеул, 27 -октябрь, 2016-жыл.

Түштүк Корея президентинин жана анын курбусунун (солдо) демонстранттар көтөргөн сүрөтү. Сеул, 27 -октябрь, 2016-жыл.

Жергиликтүү оппозиция “көзү ачык” деп атаган бул айым эч расмий кызмат ээлебей туруп эле мамлекеттик иштерге аралашканын күбөлөндүргөн далилдерди түштүк кореялык телеканалдардын бири өткөн айда жарыялаган.

Демонстрацияга чыккандар президентти курбусу мамлекеттик сыр деп саналган маалыматтарды алышына, жеке компаниялардан шектүү кайрымдуулук корлоруна миллиондогон доллар опузалап өндүрүшүнө жол берген деп күнөөлөшүүдө.

Элдик толкундоолордон улам парламенттик оппозиция президентке импичмент маселесин да көтөрүп жатат. 300 орундуу парламентте оппозициядагы партиялар 165 орунду көзөмөлдөйт. Ал эми импичмент үчүн кеминде 200 добуш, демек президент Пактын парламенттеги партиясынан да колдоо талап кылынат.

2004-жылы Түштүк Кореянын парламенти ошол кездеги президент Но Мун Хенге импичмент жарыялап, бирок чечим Конституциялык сот тарабынан четке кагылган. Анда бул кадамды коомчулук да колдобой, оппозициянын парламенттеги үстөмдүгүнөн кыянат пайдалануусу катары кабылдаган болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG