Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

СССР эмне себептен кыйраган? Совет заманындагы экономикалык тартыштыктардын себеби эмнеде болгон? Экс-советтик КМШ өлкөлөрү Европа Союзу сыяктуу саясий-экономикалык уюмга бириге алабы?

Бул суроолорго Орусиянын мурдагы президенти Владимир Путиндин экономикалык саясат боюнча кеңешчиси, азыр АКШдагы белгилүү "Като" борборунда иштеп жаткан Андрей Илларионовдун көз карашы кандай?

“Азаттык”: Андрей мырза, Советтер Союзу мунайдын баасынын арзандашына жана өлкөнүн тышкы карызынын көбөйүүсүнө байланыштуу кыйрады деген теория бар. Сиз бул теорияга канчалык деңгээлде ынанасыз же кошулбайсызбы?

А. Илларионов: Менин көз карашымча, мындай теория чынында эле популярдуу. Бирок ал чындыкка коошпойт. СССРдин кыйрашы мунайдын арзандашы жана тышкы карыздын көбөйүшүнө байланыштуу эмес.

Ырас, берегидей концепция, көз караш Егор Гайдардын “Гибель империи” деген китеби жана башка көптөгөн макала-интервьюлары жарыялангандан кийин коомдо кеңири жайылып кетти.

8-март майрамына арналган куттуктоо барагы.

Мындай көз караш чындыкка дал келбегенине ишенүү оңой эле. Ал үчүн мунай жана газды көп өндүргөн жана экспорттогон өлкөлөрдүн тагдырын карап көргөн жетиштүү. Дүйнөдө мындай 40тан ашуун өлкө бар. Алардын баары 1980-жылдардын башында мунайдын баасынын кескин арзандашын баштан өткөрүп, жалгыз гана СССР кыйрады.

Эгер окуя 40тан ашуун өлкөнүн биринде гана болсо, окуянын мыйзам ченемдүүлүгү күмөн санатат. 80-жылдары Латын Америка мамлекеттеринин көпчүлүгүнүн тышкы карызы өскөн жана аны төлөй албай кризиске да батышкан. Дефолт болгон. Бирок алардын бири да кыйраган жок. Ошентип Советтер Союзун мунай арзандап, тышкы карызды төлөй албай кыйрады деген теориянын негизи жок.

Экинчи жактан СССР менен удаа кайсы мамлекеттер ыдырап кеткенин карап көрөлү. Алар экөө: Югославия жана Чехословакия. Аларда мунай-газы жок эле. Алар мунайдын арзандоосунан пайда гана көрүштү жана ага карабай кыйрашты. Ошентип Советтер союзу мунай арзандап жана тышкы карызын төлөй албай кыйроого мажбур болду деген теорияга негиз жок.

“Азаттык”: Мурдагы Советтер Союзунда азык-түлүктүн түрлөрү, телевизор, жеңил унаа, килем, үй-эмеректери, сапаттуу товарлар тартыш болгон. Ошол эле учурда Чыгыш Европанын Венгрия, Чехословакия сыяктуу өлкөлөрүндө, Югославияда эл керектөөчү товарлардын тартыштыгы болгон эмес. Эмне үчүн?

А. Илларионов: Алардын элди керектүү товарлар менен камсыздай алган себеби жөнөкөй эле. Аларда бааны жасоо системасы Советтер Союзундагыга караганда алда канча ийкемдүү болгон. Маселе тиги же бул товарды өлкө ичинде өндүрүүдө эмес. Маселе, бааны жасоо системасынын талап менен сунуш ортосундагы катнашты ийкемдүү чагылдырганында.

Венгрия, Югославия, Чехословакия сыяктуу өлкөлөрдө баа жасоо системасы
Советтер Союзуна салыштырганда алда канча ийкемдүү болгон. Тиги мамлекеттерде эл керектөөчү товарлардын баасы үзбөй кайра каралып турган же кээ бир товарлар үчүн өтө ийкемдүү баа жасоо системасы болгон.


“Азаттык”: Андрей мырза, сиздин оюңузча, Советтер Союзуна азык-түлүк жана эл керектөөчү товарлардын тартыштыгынан чыгуу үчүн кандай кадамга баруу керек эле?

СССРдин акыркы президенти Михаил Горбачев 1991-жылдын 5-ноябрында Бишкектеги Ак Үйдө кыргызстандык саясатчылардын (депутаттардын,​ өкмөт мүчөлөрүнүн, ар кыл саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн) алдында чыгып сүйлөдү.

А. Илларионов: Советтик жетекчиликке баа жасоо саясатын ийкемдүү кылып, ийилме баа саясатына өтүү жана эркин баа жасоо жетиштүү эле. Ошондо сиз менден сураган жана Совет доорунда катуу тартыш болгон товарларды элдин кенен-кесир сатып алуусуна шарт түзүлмөк. Арийне, тиги же бу товарларды ар бир эле жаран сатып ала алмак эмес. Себеби сунуш кылынган баа боюнча сатып алганга бардык эле адамдардын кудурети жетпейт болчу. Башкача айтканда, советтик жетекчилик социалисттик пландуу экономика жөнүндөгү түшүнүгүн өзүнүн саясый бийлиги үчүн садага чапты. Эгер алар 1970-80-жылдары экономикалык реформага барса, баарынан да баа жасоодо реформа жүргүзүп, бааны эркин жасоого өтсө, Коммунисттик партиянын саясий бийлиги 1991-жылы кулатылат беле деген чоң суроо жаралат.

“Азаттык”: СССР космосту өздөштүрүүдө биринчи орунда турган. Мыкты аскерий техниканы жасаган. Бирок жөнөкөй экономикалык маселелерди чече албаган. Ушундан улам өлкөнү башкарган КПССтин Борбордук Комитети экономисттерди укпаган сыягы, кеңешкен да эмеспи деген суроо туулат.

А. Илларионов: Совет заманында 1960-жылдардын ортосуна чейин саясий жетекчилик чын эле экономисттерге көңүл бурушпаган жана алар менен эсептешпеген. Ал кезде эмне зарыл болсо, ага команда берүү менен жетишсе болот деген пикир өкүм сүргөн. 1920-жылдары түптөлгөн пландоо системасынын маңызы ушунда. Товарды өндүрүүгө кеткен чыгым, товарга болгон талап, талап менен сунуштун катнашы саясий жетекчиликтин көңүл сыртында калган.

Өлкөнүн бай ресурстарын бейсарамжал пайдалануу аркылуу ондогон жылдар бою экономикалык өсүү темпин салыштырмалуу бийик деңгээлде кармап турууга мүмкүн болгон. Бул, айрыкча, аскерий техникага, куралдардын түрлөрүнө, кийинчерээк космостук техникага мүнөздүү көрүнүш. 1960-жылдардын ортосунда экономикалык өсүш жайлай баштаганда экономисттерге талап пайда болуп, аларга көңүл бурула баштады. 70-жылдардын аягынан тарта социалисттик-экономикалык системанын өсүшүн бийик деңгээлде кармап туруу зарылдыгы келип чыкканда экономисттерге талап да көбөйдү.

М. Горбачев 1985-жылы мартта КПССтын башкатчысы болгондон кийин баштаган алгачкы өнөктүктөрүнүн бири “экономикалык өсүүнү тездетүү” деп аталганы кокусунан эмес. Мына ошол мезгилден тарта экономисттер коомдук-саясий талкууда өзгөчө орунду ээлей башташат.

“Азаттык”: СССР кыйрагандан бери жыйырма жыл өттү. Орусияда алиге чейин Индиянын “Татасы” (Tata Nano) сыяктуу башынан аягына чейин өзү ойлоп, жасаган жеңил машинеси жок. Экономикасы кара майга тыкыс байланган. Постсоветтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан Кытай товарларына кокодон көмүлгөн. Жергиликтүү өндүрүш алсыз. Бул абалдан кантип чыкса болот?

А. Илларионов: Биринчиден, Орусияда жеңил автомобиль жасалат. Ырас, “Жигулинин” түп нускасы Италиянын “Фиаты” болгон. Өлкөдө автомобилдин башка да түрлөрү өндүрүлгөнү менен алар дүйнөлүк рынокто атаандаша албайт. Ага карабай өндүрүлөт. Проблема өлкөдө эл керектөөчү товардын бардык түрлөрүн сөзсүз өндүрүүдө эмес. Балким Кытай гана өзүнө зарыл эл керектөөчү товарлардын баарын өндүрүшү мүмкүн. АКШ да керектүү товарлардын баарын өзүндө чыгарбайт.

Бүгүн өндүрүштүк же эл керектөөчү товарларды аз чыгым менен өндүрүү жана аларды дүйнөлүк базарда чоң пайда менен сатуу маанилүү. Орусия мындай талаптан четте кала албайт. Орусия энергетикалык ресурстарды, металл жана башка айрым товарларды сырткы базарга чоң киреше менен сата алат. Мындан баш тартып, аз киреше алып келчү же чыгашалуу товарларды өндүрүү экономикалык жактан акылсыздык болмок. Ушул көз караштан алганда, эмгекти эл аралык бөлүштүрүүдө Орусиянын азыркы абалы өтө ыңгайлуу саналат.

“Азаттык”: Эмне үчүн экс-советтик өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия республикалары Орусия менен бирдикте Европа Биримдиги сыяктуу саясий-экономикалык союз түзө албайт? Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Андрей Илларионов

А. Илларионов: Принцибинде бул өлкөлөр Евробиримдик сыяктуу саясий-экономикалык союзду түзө алат. Ал үчүн маанилүү жагдай жетишпейт. Сиз берген суроодо ошол зарыл шарт айтылууда.

Евробиримдик - бул саясий жактан демократиялуу өлкөлөрдүн союзу. Кариб бассейниндеги Латын Америка мамлекеттеринде демократия Европа өлкөлөрүндөгүдөй кемелине жетпесе да, баары жакшы болбосо да, алар саясий-экономикалык союзду түзүшүүдө. Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү экономикалык союзду түзүү чоң кыйынчылыктар менен жүрүүдө. Себеби алар саясий абалы боюнча бир кылка эмес. Региондо демократиялуу да, жарым авторитардуу да, авторитардуу да, атүгүл тоталитардуу да өлкөлөр бар.

Узак мөөнөттүк туруктуу ийгилик жана интеграция үчүн эки шарт зарыл: өлкөдө саясий-демократиялык система жана рынок экономикасы өкүм сүрүшү абзел. Ал эми пост-советтик мейкиндиктеги көпчүлүк өлкөлөрдө, албетте, Балтика боюндагы үч мамлекетти жана Грузияны кошпогондо, кечээ жакынга чейин авторитардык жана жарым авторитардык бийлик өкүм сүрдү. Украина менен Молдовада абал бир аз жакшыраак болду. Ошондуктан интеграцияга зарыл жагдай жок.

Рынок системасынын өнүгүү жагынан алганда да биздин өлкөлөр интеграция ийгиликтүү болчу зарыл стандарттын минималдык талабына жооп бербейт. Биздин республикаларда нормалдуу рынок экономикасы калыптанып, демократиялык бийлик туруктуу саясый системага айлангандан кийин бирдиктүү саясый-экономикалык союзду түзүү убакыттын гана маселеси болуп калат.

“Азаттык”: Ырахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG