Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

Совет доорунда капиталисттик өлкөлөрдү кой, коммунисттик лагерге кирген Чыгыш жана Ортолук Европа мамлекеттерине баруу үчүн да татаал текшерүүдөн өтүү керек болгон.

Арийне, жөөттөр, Иосиф Сталин кезинде Кавказдан көчүрүлгөн элдер, советтик немис сыяктуу элдер айрыкча кылдат текшерилип, өтө сыпаа жолдор менен электен өткөрүлгөн эмес.
...мен КПССтын мүчөсү болбосом да, партком мага чет өлкөгө барса болот деген рекомендация бериши керек экен.
Л. Гендлер



КПССтин тоталитардык бийлиги

Леонид Гендлер мурдакы Ленингард шаарындагы Н.А. Вознесенский атындагы Финансы жана экономика институту, кыскача ЛФЭИнин бүтүрүүчүсү. Бүткүл Союздук Ленин комсомолу-ВЛКСМдин мүчөсү, кибернетика адистигиндеги мыкты студенттендердин бири. Леонид Генделр 1979-жылы студент кезинде ошо кездеги Чехословакиянын баш калаасы Прагадагы тааныштарынан чакыруу алып, бирок үч ай ичинде зарыл документтерди топтой албай, конокко барбай калган.

Балкарларды Кавказдагы ата жеринен зордоп көчүрүү. 8-март 1944

- Мага Чехословакияга барганга уруксат алуу үчүн өзүм окуган институттун макулдугу керек дешти. Ал эми институттан чет өлкөгө барганга макулдук алуу үчүн тийиштүү маектен өтүүнүн өзүнчө катаал тартиби бар болчу ал кезде. Институттун комсомол комитети менен парткомдон маектешүүдөн өткөндөн кийин, ректорат макулдук бермек. Эң кызыгы, мен КПССтин мүчөсү болбосом да, партком мага чет өлкөгө барса болот деген рекомендация бериши керек экен. Чакыруунун мөөнөтү үч ай эле. Бул мөөнөт мага парткомго чейин жеткенге да жеткен жок. Себеби, партком айына бир жолу гана чогулат экен. Институттун комсомол комитетинен мени артка кайтарышкан: оболу факултеттин комсомол комитетинен рекомендация алып кел дешип. Эч ким мага жамандык каалабаса да ушу сыяктуу бюрократтык тоскоолдуктарга байланыштуу үч ай ичинде институттун макулдугун ала алганым жок.

Ошентип, Совет заманында ошо кездеги коммунисттик блокко кирген социалисттик өлкөлөргө болобу, же тилектеш бейтарап өлкөлөргөбү, же душман капиталисттик мамлекеткеби, айтор баарына баруу үчүн окуган же иштеген жайың сага ишеним көрсөтүшү мыйзамый талап болгон.

Мурдакы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында Автомобилдерди жыйноочу өндүрүштүңк бирикмеде иштеген Нүргүл Малабаева 1980-жылдары “социалисттик” Венгер Элдик Республикасына туристтик жолдомо сатып алып барган. Ал кезде 18 жашка эми толгон Нүргүл да парткомдун алдындагы комиссиядан маектешүүдөн өтөмбү деп коркконмун дейт:

- Мен биздин бирикменин комиссиясына маектешүүгө баратканда кокус андан өтпөй калсам чет өлкөгө барбай калам деп коркконмун. Ошон үчүн аябай даярданганмын. Эгер барбай калуу мүмкүнчүлүгү болбосо, мен коркмок эмесмин да.

Белгилей кетчү жагдай, үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө согуш кезинде туткунга түшкөн, же басмачы кыймылына катышкан, же соттолгон адамдарга тыш мамлекеттерге жолдомо сатып алып же жаштар, болбосо маданий делегациянын курамында чыгууга тыйуу салынган. Казак эл жазуучусу, Абай атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мухтар Магауин 1991-жылы СССР кыйраганга чейин эч бир өлкөгө чыккан эмес. Жооптуу кызматтарга да коюлган эмес. Себеби, атасы Воркутада эл душманы катары абакта отуруп, калемгердин орто кылымдардагы казак акындарын изилдеп, даңазалаганын Батыш изилдөөчүлөрү 1970-жылдардын ортосунда өз эмгектеринде жазганы мамлекеттик коопсуздук кызматы - КГБнын көзүнө чалынып калат. Болбосо, ал кезде республикада анча-мынча төбөсү көрүнгөн жазуучулар коммунисттик лагерге кирген өлкөлөргө тез-тез маданий вазийпа менен барып турчу. Ушундай эле тагдырды алгачкы кыргыз интеллигентери Касым Тыныстанов, Касымалы Бектенов, Ташым Байжиев жана башкалар баштан
Венгриянын борбору Будапештин жалпы көрүнүшү. 5-июнь 2011. Т. Чоротегиндин фотосүрөтү.

кечиришкен.

Партия ишенсе да КГБ аңдычу

СССРден тыш жактарга сапарга же окууга барчуларга өздөрүн кандай алып жүрүү боюнча атайын түшүндүрмө же кеңеш берилген. Бишкектик Нүргүл Малабаевага ага ири ишкананын партиялык комитетиндеги сынак-маекте берилген суроолор тууралуу мына буларды айтты:

- Биринчиден, кандай үй-бүлөдөн чыкансың, ата-энең ким; кайда иштейсиң деп сурашты. Андан тышкары Венгриянын тарыхы, экономикасы, өндүрүшү тууралуу суроолорду беришти. Кашык-вилканы туура кармаганды билесиңерби деп да сурашкан. Сырт мамлекетке барганда жалгыз-жарым жүрбөгүлө деген. Ошон үчүн Москвадан баратканда бирөө менен таанышып, Венгрияда ошол аял менен бирге жүргөм. Биздин группада 40 адам бар эле. А мен Кыргызстандан жалгыз болчумун.

Совет мезгилинде партиялык же чарбалык кызматта жүрүп сөгүш алган кызматкерлер, соттолгон адамдар үчүн чет элге жабык болгон. Анткени, андай адамдарга профсоюздук же партиялык комитет коопсуздук кызматына зарыл мүнөздөмөнү берүүдөн айбыкчу.

Учурунда эчен ирет тыш өлкөгө жолдомо жана делегация курамында барган мурдакы профсоюздук кызматкер Мукан Алыкуловдун айтышынча, чет өлкөгө адамдар өтө ылганып туруп анан жөнөтүлчү:

- Мурдакы Советтер Союзу кезде чет өлкөгө барыш абдан кыйын эле. Өлкөдөн тышка чыгуу үчүн ишкана жетекчилигинен, партиялык комитетинен, профкомунан, райком партиядан мүнөздөмө берилип, Мамлекеттик коопсуздук кызматы - КГБ ошонун негизинде гана башка өлкөгө чыгарчу. Партиялык комитеттен же ишкана администрациядан сөгүш алган кызматкер же жумушчуну КГБ эч жакка жылдырбай кармачу. Коопсуздук кызматынын ишине эч ким кийлигише алчу эмес. Эгер КГБ тоскоолдук кылса, андай адам эч качан бөтөн жакка чыга албай калчу.

Капиталист мамлекетке жолдомо менен баруу үчүн совет заманында обол эки социалисттик өлкөгө барып келүү шарт болгон. Себеби комунисттик жетекчилик жана өлкөдөгү турмушту жашыруун көзөмөлдөп турган КГБ советтик адамдар чет өлкөдө калып калат деп чочушкан.

“Капиталисттик мамлекетке барыш үчүн адегенде эки социалисттик өлкөгө барып келиш керек болчу,-дейт Нүргүл айым.- Ошон үчүн мен биринчи жолу Венгрияга барганмын. Экинчи жолу Югославияга барам деп жатып, жетишпей калдым”.

Югославия КПССтин Борбордук Комитети ишенген мамлекеттердин катарына кирген. Бирок социалисттик системанын буржуй өлкөсү эсептелген Югословаияга айрым жарандарын жөнөткөндөн совет өкмөтү корккон.

Комсомол, мыкты студент Леонид Гендлер 1980-жылы Югославияга өндүрүштүк таанышуу практикасына ушундай эле амалкөй бюрократтык механизимдердин жардамы менен бардырбай коюлат:

- Югославия федерациясынын курамындагы Словенияга практикага кибернетиктерден 10 адам бармак. Биз комсомол комитетинде атайын маектешүүдөн өткөндө биздин идеялык зиректигибизди көрсөткөн түрдүү суроолорго жооп бердик. Мисалы менден эгер кокус сурап калышса, социалисттик түзүлүштүн артыкчылыктарын өз оппонеттериңдин алдында кантип ташбыйкат кыласың деп сурашты. Ал кезде Югославияда федерациядагы экономикалык түзүлүшкө байланыштуу курч саясый жана экономикалык дискуссиялар жүрүп жаткан. Мен суроого колумдан келишинче жооп бердим. Бирок биздин группада он адам болсо да, анын бири запаста кармалган экен. Ошол ашыкча адам дал мен болуп чыкпадымбы.

Совет бийлиги Леонид Гендлерге ишеним көрсөтпөй койсо дагы, ал СССР кыйрагандан кийин Батышка чыгып кетпеди. Ал азыр азыр Санк-Петербургады ири холдинг компаниянын департамент башчысы. Маал-маал кызматы боюнча дүйнө өлкөлөрүнө чыгып турат.

Жалгыз жүрбө!

Нүргүл Малабаева тыш өлкөгө баруучу жолдомону эмгектин алдыңкылары гана сатып ала алганын, ошон үчүн ал атайын партияга кандидат болуп өткөн жана жакшы иштеген.

"Ал кезде тыш өлкөгө барыш үчүн кезекке туруш керек болчу,-деп улантты сөздү Н. Малабаева. -Чет мамлекетке каалагандын баары эле бара бербейт эле да. Ал үчүн жакшы иштеп, көзгө көрүнүш керек болчу. Мен 1987-жылы 18 жашымда чет өлкөгө бардым. Андан алдыңкы жылы жашсың дешип, жөнөтпөй коюшкан."

Чет өлкөгө чыккан топтордун ичинде сөзсүз КГБнын адамдары болгон. Алар өз мекендештерине сыртынан жашыруун көз салып, аңдып жүргөн. Эгер кимдир бирөө СССРди сындап, бирөө жаңылыш сүйлөп алса, же КПССтин Леонид Брежнев башындагы карыя жетекчилеринин атына акаарат сүйлөп койсо, андай адамдар экинчи ирет тыш мамлекетке чыга албай калган. Алар ошентип ишенимден чыккан. КГБнын адамы биздин топтогу ар бир адамдын, жетекчи болобу, жөн болобу, кадамын аңдып жүргөн экен дейт 1984-жылы декабарда Жер Ортолук деңизин кеме менен кыдырган Мукан Алыкулов:

- Мен Жер Ортолук деңизин кыдыргам. Биз менен кошо КГБнын бир адамы тымызын барган экен. Биз аны билбейбиз да. Биз кемеде 16 күн жүрдүк. Түркия, Сирия, Египет, Грекияга кирдик. Арабызда КГБнын адамы болгонун кийин билдик. Ал биз менен чай да, 50 граммдан арак да ичип, баарыбызды пайлап, ар бир сөзүбүздү электен өткөрүп, эмне кылып жүргөнүбүздү байкап жүрүптүр.

Бөтөн өлкөгө чыккан советтик жарандар жалгыз жалгыз эмес, топ-тобу менен жүрүш керек болчу. Бул талап башка мамлекеттерде окуган аз сандагы студенттерге да жайылган.

Кыргызстандын мурдакы муфтийи Кимсанбай ажы Абдрахманов 1976-80-жылдары Иорданиянын борбор шаары Амманда университетте окуган. Кимсанбай ажынын сөзүнчө, университетте окуган беш чакты советтик студентке шаарга чыкканда чогуу жүргүлө деген көрсөтмө берилген.

"Иорданиялыктар же башка чогуу окуган чет өлкөлүк студенттер менен сүйлөшкөндө СССРдин келечеги чоң экенин, коммунизм куруларын, элдин жашоосу азыркыдан да жакшы болорун, өкмөт ар бир адамга камкордук кыларын, кандайдыр кемчиликтер болсо, алар убактылуу кыйынчылыктар экенин айткыла деп бизге үйрөткөн. Бизди СССРдин жалаң гана жакшы жактарын айткыла, оркойгон кемчиликтери, олдоксон жактары тууралуу сөз кылбагыла деп үйрөтөт эле," - деп эскерет Кимсанбай ажы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG