Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

АКШнын космос программасы орустарга көз каранды болот


НАСАнын "Арес-1-X" ракетасы учурулду, бирок чөлмөк программасы толук жаңыланганга чейин америкалыктар орустардын көзүн карайт. 28-октябрдагы сүрөт, 2009-жыл

НАСАнын "Арес-1-X" ракетасы учурулду, бирок чөлмөк программасы толук жаңыланганга чейин америкалыктар орустардын көзүн карайт. 28-октябрдагы сүрөт, 2009-жыл

Америкалык космостук чөлмөк учуулары 30 жылдан бери АКШнын космостук үстөмдүгүнүн айныгыс далили болуп калды. Дагы беш жолу учкандан кийин бул чөлмөктөрдүн мөөнөтү аяктоодо, бирок алардын ордуна башка космос кемелери даяр болбогондуктан, АКШнын космос агенттиги НАСА (NASA) орустардын көзүн убактылуу карап кала турган кырдаал түзүлүүдө.

«Атлантис» космос чөлмөгүнүн астронавттары өткөн жумада Жер орбитасын айланып жүргөн Эл аралык Космос бекетинен алты саатка сыртка чыгып келишти.

Алты америкалык астронавт отурган «Атлантис» орбитага 16-ноябрда 15 тонна керек-жарак ташып келген.

1981-жылы апрелде биринчи жолу космоско чөлмөк жиберген бул программа менен бүгүнгө чейин астронавттар космоско жандоочторду учуруп, обсерваторияларды жайгаштырып, планеталар аралык изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Алар орбитага «Хабл» космос телескобун жайгаштырып, аны оңдоп-түзөп, орустардын эски «Мир» бекетинде болушту, жана бир нече өлкө чогуу пайдаланган Эл аралык Космос бекетине эң зарыл жабдыктарды жеткирип турушту.

Тарыхка адам баласынын зор илимий жетишкендиги катары кире турган бул программа трагедиялардан да куру болгон жок.

1986-, 2003-жылдары эки чөлмөк жарылып, 14 астронавттын өмүрү кыйылды.

1960-70-жылдардагы «Аполло» Ай миссияларынан кийин АКШнын космостук стратегиясынын өзөгүн түзүп келген чөлмөк программасынын мөөнөтү келерки жылы аяктоодо.

Ушул тапта президент Барак Обаманын администрациясы космостук программаны кантип улантуу жолдорун иликтеп жатат.

НАСАнын маалымат катчысы Кайл Херриң бул жеңил тапшырма эмес экендигин "Азаттыкка" мындайча билдирди:

– Президент НАСАга жалпы эле Америка Кошмо Штаттары кайсы багытта кетиш керек экендигин изилдөөнү тапшырды. Айга кайра барабызбы? Эл аралык Космос бекетинен туруп иштейбизби, же 20 жылдан кийин түз эле Марска учабызбы? Изилдөө ушуларга жооп бериши керек.

Буга чейин НАСАнын заказы менен жүргүзүлүп, өткөн айда жарыяланган изилдөө азыркы 18 миллиард доллар бюджети менен агенттик, мурдагы Буштун өкмөтү пландагандай, азырынча Айга, андан кийин Марска киши учура албай тургандыгын айгинелеген.

НАСА азырынча чөлмөктөрү учуп турганда Эл аралык Космос бекетине мүмкүн болушунча көбүрөөк жабдык жеткирип алууга далалаттанууда.

Чөлмөктөр 2010-жылы сентябрда акыркы жолу космоско учурулат. Андан кийин америкалыктар аз дегенде 2015-жылга чейин орустардын «Союз» космостук кемелеринин гана көзүн карап калат.

Америкалык Чөлмөк программасынын директору Уэйн Хейлдин айтымында, чөлмөктөрдүн акыркы учууларынан жаңы муундагы космос кемелери ишке киргенге чейинки беш жылды бош калтырганы АКШнын олуттуу чекилиги болуп калды:

– Менин айрыкча өкүнгөнүм, биз азыркы чөлмөктөрдүн ордун баса турган кемелерди кура элекпиз. Чөлмөктөр 10 жылдын ордуна дээрлик 30 жыл кызмат кылды. Бирок жаңы чөлмөктөр даяр болгончокту, ортодо беш жыл биз жайдак калганы отурабыз.

Америкалык космос кемелеринин жаңы мууну саналган «Арес» ракетасы өткөн айда ийгиликтүү учурулду. Бирок астронавттарды ташый турган «Орион» али даяр эмес.

НАСАнын өкүлдөрү Эл аралык Космос бекети 2015-жылга, а балким 2020-жылга чейин да, орбитада иштеп турат деп үмүттөнүшүүдө.

Бекетке азырынча азык-түлүк, күйүүчү май, башка керек-жаракты европалык жана жапон кемелери жеткирип турат. Бирок астронавттар ал жакка Орусиянын «Союз» ракетасы менен гана бара алышат.

Бул ракета акыркы 40 жылдагы эң ишенимдүү космос кемеси катары таанылды, бирок аны ижарага алыш кымбат. Хейлдин айтымында, Москва бир кишинин бир жолку учушу үчүн 50 миллион доллар алат.
XS
SM
MD
LG