Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Индияда учак кырсыгында 158 киши каза тапты


Индиядагы учак кыйраган жерден көрүнүш.
Индиядагы учак кыйраган жерден көрүнүш.

160тан ашык киши менен келаткан учак Индиянын түштүгүндөгү Мангалор шаарынын аба майданына конордо кырсыкка учурады.

Бийликтер учак кыйраганда 158 киши каза таап, сегизи аман калгандыгын билдирүүдө. Аба майданына жаан жаап турганда конгон учак жолдон чыгып кеткен. Аман калгандардын бири Сталин Маякутти Дубайдан келаткан учак токойлуу капчыгайга чейин сүрүлүп барып, өрттөнө баштаганын мындайча билдирди:

– Биз Дубайдан түнкү бирден 15 мүнөт өткөндө учуп чыгып, Мангалорго 6.20да жеттик. Конуп келатканда учак кулап түштү. Учкуч тормозду катуу басканда, учак бир нерсеге барып урунду, өрт башталганда учак жарылып кетти. Мен 4-5 киши менен секирип чыкканга үлгүрдүм.

Сыналгыдагы маалыматка караганда, учак радар орнотулган устунга урунган. Өзүн Кришна деп тааныштырган дагы бир жүргүнчү аман калгандар токойдон кантип качып чыкканын билдирди:

– Аэропортто конуп келатып, учак жолдон чыгып, бир нерсеге урунду. Ал өрттөнө баштап, биз кулап түштүк. Өйдө карап, ачык жылчык бар экен, ошол аркылуу сыртка чыктык. Чытырман токойдон чыгып, темир жолго жеттик. Ал жерден бирөөлөр бизди ооруканага жеткиришти. Биз бешөө болчубуз.

Бул акыркы он жылдагы Индиядагы биринчи ири учак кырсыгы болуп калды. 2000-жылы июлда "Альянс" аба каттамынын учагы өлкөнүн чыгышындагы Патна шаарында турак-жайлардын үстүнө кулап түшүп, аз дегенде 50 кишинин өмүрүн алган.

"Боинг 737" учагын теги сербиялык британ жараны Глушица айдап келатканы аныкталды. "Эа Индия" компаниясында иштеген бир нече чет элдик учкучтун бири болгон Глушица бул жол менен буга чейин көп жолу учкан экен. "Боинг" ишканасы кырсыктын себептерин өз алдынча иликтей тургандыгын бышыктады.

Өкмөт башчысы Манмохан Сингх каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, аларга жөлөк пул төлөнөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG