Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Спорт семиздикти жеңе албайт


Учурда семиздик дүйнөнүн баш оорусуна айланды
Учурда семиздик дүйнөнүн баш оорусуна айланды

Окумуштуулар ашыкча салмактан тамакты мүнөздөп жана чактап ичүү менен гана кутулса болот деген тыянакка келишти.

British Journal of Sports Medicine басылмасы жазып чыккан бул макала учурда кызуу талкууланып жатат.

Кардиолог Асим Мальхотра адам ашыкча салмактан спорт менен эмес, тамакты чактап жеп арылса болот десе, Lancet журналындагы макалада туура эмес тамактануу алкоголь менен чылымдан кем эмес зыяндуу экени маалымдалат.

Кыргызстанда болсо калктын алты-жети гана пайызы спорт менен машыгат. Бизде оорунун алдын алууга караганда, аны дарылоо иши басымдуу. Адистер акыркы мезгилдерде жүрөк - кан тамыр дартына чалдыккандар, тукумсуздуктан жапа чеккендер жана омурткасы мертингендер көбөйгөнүн эске салып, мунун себебин ден соолукка көңүлкош мамиледен көрүшөт.

Эл аралык эксперттердин айтымында, семиздиктен спорт куткарбайт. "Азык-түлүк компаниялары өз товарын өткөрүү үчүн ойлоп тапкан бул жарнама элдин аң-сезимине бекем орноп калган. Спорт менен машыгуу тек гана кант диабети, жүрөк, инсульт сыяктуу дарттардын алдын алат" дешет медиктер.

Кыргызстанда болсо жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар 50 пайызды түзөт. Мындан 20 жыл мурда инсультка кары-картаӊдар кабылса, азыр бул дарт кыйла "жашарды". Жогорку категориядагы дарыгер, ангионевролог Абдусалим Артыкбаев бул көрүнүш элдин ден соолукка кам көрүү маданияты калыптанганда гана токтойт деп эсептейт.

- Бизде Батыштагыдай дени сак болуу маданияты калыптанган эмес. Ушундан улам азыр жапжаш кыз-жигиттер инсультка кабылып жатат. Батышта адамдар жашына карабай көчөдө жөө басып, чуркайт. Биздин жарандар отуруп иштегенге көнгөн. Анүстүнө бизде чуркап же дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарганга, жашоонун сергек образын үгүттөгөн атайын иш-чаралар да жеткиликтүү жүрбөй жатат.

Акыркы кезде Кыргызстанда омурткасы мертингендер көбөйүп, алар кыймылдан алыс, кымбат дарыларга акчасын короткон катмарга айланууда. Эл ичинде спортко болгон көз караш өзгөрсө, мындай дарт азаярына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы хирургу Сабырбек Жумабеков ишенет:

- Спорт менен машыгуу адамдын саламаттыгы үчүн өтө пайдалуу. Тилекке каршы, бизде бирөө көчөдө чуркап жүрсө, буга эмне жин тийгенби деп кабылдагандар бар. Спорт адамды ашыкча салмактан арылтып эле тим болбой, ар кандай булчуң, муун жана сөөк ооруларынан да коргойт.

Спорт менен кыймылдуу жашоого көңүл бурбагандан улам кыргыз эркектеринин арасында тукумсуздук да кеңири кулач жайган. Жыйырма жыл мурда жылына бир же эки жолу тукумсуздук боюнча операция жасалса, азыр аптасына жок дегенде эки кишиден бул илдет аныкталат. Республикалык урология борборунун андрологу Жаныбек Мамбетовдун айтымында, кыймылдын аздыгы бул дарттын күчөшүнө себеп:

- Илгери ата-бабаларыбыз атка минип, жөө басып көп кыймылдашчу. Азыр тукумсуздук, простата безинин сезгенүүсү деген дартка көбүнесе стол кучактаган чиновниктер чалдыгууда. Спортту максаттуу пайдаланууга маани бербей калдык.

Батыш окумуштуулары бул учурда адам туура эмес тамактанса, азыгы туура эмес болсо бир да спорттук көнүгүү жардам бербесин айтууда. Анткен менен спорт ден соолукка пайдалуу экенин танышпайт.

Профессор Марк Бейкер спорт арыктатпайт экен деп аны таштап салууга болбосун, аны тең салмактуу диета менен айкалыштыра билүү жакшы натыйжа берерин эскертет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG