Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Намыска сокку урган допинг чыры


Дүйнөлүк антидопинг агенттиги февраль-май айларында тест тапшырган 52 орусиялык спортчунун 49унун канынан кызытманын белгилерин тапканын жарыялады. Андан сырткары допингге каршы уюм спортчулардан допинг тест алууга орус өкмөтү тоскоолдук кылып жатканын билдирди.

Дүйнөлүк антидопинг агенттиги соңку жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, февраль жана май айларында тест тапшырган Орусиянын 52 спортчусунун 49унан, Казакстандын беш спортчусунун төртөөнөн тыюу салынган дарылардын белгиси аныкталган. Денесинен допинг табылган оор атлетчилер мурунку Олимп оюндарда алтын жана күмүш медалдарын уткан белгилүү спортчулар болчу.

Учурда Казакстандын оор атлетика федерациясы допинг колдонууга шектелип жаткан төрт оор атлетчини Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимп оюндарына катыштырууну 27-июнда Эл аралык олимпиада комитетинин тартип комиссиясынын кароосуна сунуштоого даярданууда.

Казакстандын спорт министринин орун басары Сакен Мусайбеков эгер комиссия алардын суранычын канааттандырбаса, 20 күн ичинде апелляциялык арыз менен ишти кайра кароо өтүнүчүн тийиштүү эл аралык уюмдарга жолдоону көздөп жатышканын жарыялады.

Бул аралыкта допинг колдонууга шектелген казак спортчулары оюндардан убактылуу четтетилип, расмий оюндарга катыштырылбайт.

Казак спортчусу Илья Ильин.
Казак спортчусу Илья Ильин.

​Казакстан учурда допинг колдонууга шектелген төрт спортчунун эсебинен 2012-жылдагы Олимп оюндарынын жыйынтыгы менен дүйнөлүк рейтингде 12-орунга чыккан. Эгерде төрт спортчунун допинг колдонгону аныкталып, ал спортчулар чемпиондук наамдарынан айрылса, Казакстан дүйнөлүк рейтингде 23-орунга түшөт.

Учурда ушундай эле абал орусиялык спортчулар арасында да байкалууда. Маселен, жыл башынан бери орус курамасынан Шарапова, Исинбаева баш болгон 4 миңден ашуун спортчусунун канынан допинг белгиси табылганы жарыяланган. Мындан улам орусиялык спортчулар кызытма чырын орус-батыш саясаты менен байланыштырып чыгышты.

Эми 8-июнда таймашка катышуу укугунан эки жылга ажыратылган орусиялык теннисчи Мария Шарапова ал колдонгон дарыга тыюу салынганын билбегендигин айтып, Эл аралык олимпиада комитетине арызданарын билдирди.

Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык биримдиги 17-июнда орус курама командасын алдыдагы Олимп оюндарына катыштыруу же катыштырбоо маселеси бир жаңсыл чечмекчи. Бул арада орусиялык жеңил атлетчи Елена Исинбаева көз карандысыз Дүйнөлүк антидопинг агенттигин "калыстыктан тайды" деп айыптаган пикирин америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезити аркылуу жарыялады.

Ал өзүнүн актыгын, 20 ирет рекорд койгонун, бардык таймаштары чет өлкөлөрдө орун алганын, тесттерди дайыма чет өлкөлөрдө тапшырганын жүйө келтирип, акыркы анализдин жыйынтыгы саясат экенин айтты.

Бул арада дүйнөлүк антидопинг агенттиги акыркы жыйынтыгында Орусиянын жүздөгөн спортчуларынан тест алууга мүмкүн болбогонун, муну орус бийликтери шарттаганын айтып чыгышты.

- Орусиянын 736 спортчусунан допинг тест алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Спортчулар таймаш бүтө электе стадиондордон качып кетип жатты. Оор атлетика боюнча Орусия чемпиондугу өткөн Владикавказ менен Грозныйга биздин адистерди киргизбей коюшту. Спортчулардын жашаган дареги катары жат адам киргизилбеген аскердик шаарчалар көрсөтүлгөн.

Адатта жыл сайын спортчулардын 2% допинг менен кармалат. Акыркы маалыматтар боюнча, Дүйнөлүк антидопинг агенттиги өткөн жылдын ноябрынан бери орусиялык 2947 спортчудан тест алган. Алардын 62% таймаш эмес күндөргө туура келген. Дагы 455 орусиялык спортчудан допинг тестти британиялык агенттик алган. ​

Кыргыз балбаны президент Атамбаевге кайрылуу жолдоду

Быйыл Бразилияда өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алып, кийин канынан кызытма табылды деп лицензиядан кол жууган грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев кайрадан допинг тест тапшырып, Олимп жолдомосун кайтарып алуу аракетин көрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Айтымы, Астанада болгон лицензиялык мелдештен кийин канынан 0,85 мг өлчөмдө мельдоний табылды деген аныктаманы кайра текшертүү үчүн убагында тиешелүү чара көрүлбөй калган. Бул мүчүлүштүктү жоюу үчүн адвокат жалдап, "Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү" (UWW) уюмуна кайрадан кат жолдонгон.

Бүгүн маселе оң жакка чечилүүсү үчүн Кенжеев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранды.

Жанарбек Кенжеев
Жанарбек Кенжеев

- Канымдан тыюу салынган препарат табылды деп маалымат келгенден кийин беш күн ичинде кайрадан анализди текшертип, өз укугуман пайдалансам болмок экен. Мындай укугум бар экенин билген эмесмин. Учурунда Күрөш федерациясы, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы UWW уюмуна кенен түшүндүрмө жазып кат жолдоп, менин таламымды талашып койсо болмок. Алардын кат жолдогону же жолдобогону белгисиз. Маселе чечилбегендиктен аргасыз өзүм маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу менен чыгууга туура келди. Айрым бир жооптуу кызматкерлердин кайдыгер мамилесинен 20 жылдык эмгегим текке кетип жатат. Ушул маселени президент Алмазбек Атамбаев көзөмөлүнө алуусун суранам, - дейт Кенжеев.

Жанарбек Кенжеев Азиянын эки жолку чемпиону. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Азия чемпиондугунун коло байгесин үч жолу, күмүш байгесин бир жолу уткан.

2005-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Азия оюндарында коло байгени үч жолу жеңген. 2004-жылы Афина олимпиадасына катышып ал учурда 13-орунду алып калган. 12 жылдан кийин гана олимпиадага барууга кайрадан мүмкүнчүлүк алган болчу.

XS
SM
MD
LG