Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Балдардын мушташы ата-энени азапка салды


Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги Республикалык окуу жайынын камактагы окуучуларынын ата-энелери. 4-ноябрь, 2015-ж.
Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги Республикалык окуу жайынын камактагы окуучуларынын ата-энелери. 4-ноябрь, 2015-ж.

Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинин камактагы беш окуучусунун ата-энеси президентке, премьер-министрге кайрылуу жолдошту.

Алар 20-октябрда Бишкектеги №38 мектептин короосуна кирип барып, окуучуларды сабап, мектепке зыян келтиргендердин арасында балдары болбогонун, коюлган айыптарды жеңилдетип, сот болгончо үй камагына чыгаруу өтүнүчүн айтышты.

Зууракан Маматказиева баласы Бекулан 20-октябрда 38-мектепке тополоң салгандардын арасында болбогонун, чыр чыккан күнү таң эрте ооруканага барып дарыгерлерге көрүнгөнүн тастыктаган тасма бар экенин айтууда.

- Ал күнү уулум Бекулан тарбиячысынын коштоосунда таң эрте №5 поликлиникага барып, дарыгерлерге көрүнгөн соң спорт интернатына келген. 38-мектепте тополоң болгондон кийин интернаттын 70-80 окуучусун эртең менен милицияга алып кетишиптир. Кечке жуук менин балама келишип, ал чыр-чатакка катышпаганын айтканда "түшүнүк жазып коюп кетесиң" деп айтышып, ошондон бери камакта. Балам менен кошо беш баланы да далилсиз кармап жатышат. 80ге жакын баланын арасынан аларды кандай далилдердин негизинде камакка алышканы түшүнүксүз.

Тергөө абагында кармалган спорт интернатынын 11-классынын окуучусу Бектургандын апасы Тахмина Шадыбекова да уулу ал күнү мектепке барган эмес деп ишендирүүдө:

- Балам ал күнү таң эрте спорттук мелдешке даярданып машыккандан кийин "Экспресс" деген ашканада тамактаныптыр. Андан кийин интернатка барса эле тополоң уюштургандардын арасына кошуп менин баламды да алып кетишиптир. Балам беш жашынан бери күрөшкө кызыгып, спортто чоң ийгиликтерге жетүүнү кыялданчу. Чыр-чатакка аралашчу эмес. "Туура эмес иш кылсаң ачык айт, маселе жеңил бүтөт" деп үйрөткөм. Эгер сот болгончо көп убакытка созулуп камакта жата беришсе балдардын аң-сезими бузулушу мүмкүн. Аларга коюлган айыптар оор. Ошол бойдон калса алар соттолуп кетиши ыктымал. Ошондуктан президентке, өкмөт башчыга кайрылып, маселени акыйкат териштирүүгө көз салууну суранабыз.

Шералы Сыдыков атандагы олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын эмгек жамаатынын жыйыны.
Шералы Сыдыков атандагы олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын эмгек жамаатынын жыйыны.

Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинин камакка алынган окуучуларынын ата-энелери №38 мектептин жабыр тарткан окуучуларынын ата-энелери менен жарашып, тосмо арыз жаздырып алышканын кошумчалашты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Айгүл Давлетбаева ата-энелердин жазган тосмо арызы кылмышты токтотууга негиз болбой турганын айтууда.

- Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Беш өспүрүмдүн экөө тергөө абагына, үчөө жатак абагына эки айга чейин камалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ("адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык") кылмыш иши козголгон. Аларга коюлган айып өтө оор болуп саналат. Ата-энелердин жазган тосмо арызы кылмыш ишин токтотууга негиз болуп бере албайт.

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаевдин айтымында, мыйзамда тосмо арыз аркылуу ишти кыскартуу каралган эмес:

- 234-берене боюнча айыпталгандарга эгер алардын жанында таяк өңдүү куралдар болсо өтө оор кылмыш болуп саналып, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралышы ыктымал. Кылмыштын түрүнө жараша кылмыштар жеке, жеке эл алдында жана эл алдында жасалган болуп үчкө бөлүнөт. Эгер эл алдында жасалган кылмыш деп белгиленип, 234-берененин 3-бөлүгү боюнча айыпталышса, элдешкенин тастыктаган тосмо арыз менен иш кыскарбайт. Бирок сот жазаларын жеңилдетиши мүмкүн.

20-октябрда 38-мектепке барып тополоң салган деп шектелип 50гө жакын окуучу кармалып, кийин алардын бешөө эки айга тергөө иштери аяктаганча камакка алынышкан. Алардын бирөө 16, экөө 17, экөө 18 жаштардагы Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги Республикалык окуу жайынын 10-11-классынын окуучулары.

20-октябрдан кийин №38 мектептин айланасында болгон окуяны иликтөө үчүн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева башында турган комиссия түзүлгөн. Териштирүү аяктаганга чейин окуу жайдын директору Муратбек Кыбраев убактылуу кызматынан алынып, окуу жайда билим берүү 9-ноябрга чейин токтотулган.

Ушул жылдын 16-сентябрында да спорт интернаты менен №38 мектептин окуучуларынын арасында массалык мушташ чыгып, үч окуучу бычак жеп ооруканага жаткырылган. Ал окуядан кийин спорт мектебинин эки окуучусу окуудан чыгарылып, бир нече тарбиячыга сөгүш берилип, директордун орун басарлары кызматтан алынган эле.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG