Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Сребреница курмандыктары эскерилди


Сребреница курмандыктарын эскерүү. Айрым адамдардын сөөктөрү кайра көмүлүүдө. Босния-Герцеговина. 11-июль, 2015-жыл
Сребреница курмандыктарын эскерүү. Айрым адамдардын сөөктөрү кайра көмүлүүдө. Босния-Герцеговина. 11-июль, 2015-жыл

Сребреница кыргынынын 20 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чарасына келген Сербиянын премьер-министри Александр Вучичти жергиликтүү эл таш, бөтөлкө ыргытып, кууп жиберишти.

Бул тууралуу CNN каналы билдирди. Босния-Герцеговинадагы аталган иш-чарага миңдеген киши чогулду.

1995-жылдын 11-июлунда Босниядагы үч жылдык согуштан соң, сербиялык аскерлер БУУнун голландиялык бейпилдик күчтөрү тарабынан коргоого алынган - мусулмандар жашаган анклавды басып алышкан.

Миңдеген мусулман балдар жана эркектер токой аркылуу качканга аракет кылышканда, сербдер артынан кууп өлтүрүшкөн. Серб аскерлери голландиялык аскерлердин базасында калган дагы 2000 адамды аялдардан жана балдардан бөлүп, дарга асышкан. Кийин алты миңдей адамдын сөөгү мурдагы БУУнун базасынын жанындагы Потокари мемориалдык борборуна кайра көмүлгөн. Бүгүнкү эскерүү иш-чаралары дал ушул жерде өттү.

Жалпысынан бул кызыл кыргында 13-77 жаштар аралыгындагы курал-жараксыз 8 миңден ашык босниялык мусулман кырылганы айтылат.

Сербиянын премьер-министри Александр Вучичти кубалап жиберишти
Сербиянын премьерине таш ыргытышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Холокосттон кийин Европада массалык түрдө киши өлтүрүлгөн эң оор кылмыш катары бааланган бул каргашаны эскерүүгө Сербиянын премьер-министри Александр Вучич, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт жана Түркиянын премьер-министри Ахмет Даутоглу келди.

Эскерүүгө келген расмий коноктор
Сребреницадагы кызыл кыргынды эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Мурдагы Югославия аймагындагы согуш кылмыштарын караган эл аралык Гаага соту Сребреница окуясын геноцид деп тааныган. Европа парламенти 11-июлду Сребреница окуяларынын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялаган. Бүгүн аталган кыргында набыт кетип, бирок сөөктөрү акыркы бир жылда табылган 136 адам кайра жерге берилди.

Сребреница курмандыктарын эскерүүгө миңдеген адамдар келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Бир нече күн мурда Бириккен улуттар уюму мындан жыйырма жыл мурда Сребреницада болгон кыргынды геноцид деп табуу боюнча резолюцияны карап, анда Орусия бул резолюцияны кабыл алууга вето койгон.

Сербиянын премьер-министри Александр Вучич буга чейин, 7-июлда Белграддагы маалымат жыйынында 11-июлда Сребреницадагы кандуу булоондун 20 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышарын айткан болчу.

Ал бул чечимге БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө мамлекеттер - Орусия менен Кытай резолюцияга вето коюу боюнча убада бергенден кийин келгенин кошумчалаган.

- Мен эскерүүгө сыймыктануу менен барам, анткени Сербия кайсы бир адамдар бул кылмышты жасаганын мойнуна алат... Биз муну өз жыргалчылыгыбыз үчүн жасашыбыз керек. Ал адамдардын аттарын билебиз. Биз бул коркунучтуу кылмыштардын баарын айыптайбыз жана алардын ар бирин кылмыш жообуна тартабыз. Бул биз жарашууга даяр экенибизди жана башка элдин курмандыгы үчүн башыбызды ийип урмат кыла аларыбызды көрсөтө турган мүмкүнчүлүк.

Ошол эле кезде Александр Вучич «бул жерде жалпы эл күнөөлүү эмес» деген эле. Ал эми Орусия менен Кытайга БУУнун Коопсуздук кеңешинде резолюцияга вето коюусу үчүн ыраазычылык билдирип, ал үчүн бул мамлекеттер эч нерсе талап кылышпаганын айткан.

XS
SM
MD
LG