Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Иван Айвазовскийдин эмгеги Бишкекте гана эмес, Ташкенде дагы уурдалды. Өзбек музейлеринен бир нече кыл калем чеберлеринин эмгектери Женевадагы Гүлнара Каримованын үйүнөн жана Москвадагы аукциондо табылган. Өзбек сүрөткерлери шедеврлерди уурдоого музейлердин кызматкерлери аралашканын айтышууда.

Өзбекстандын Мамлекеттик көркөм өнөр музейинен жоголгон алты картина Москвадагы СОВКОМ тоорук үйүндө сатыкка коюлду. Ал сүрөттөр "Түркстан авангарды" деп аталган коллекциянын автору, 1964-жылы көз жумган Виктор Уфимцевдин кыл калемине таандык былтыр жоголгон эмгектер болуп чыкты. Москвадагы аукцион үйү бул картиналарды орус жарандары тапшырганын жана картиналардын кандай жол менен келгенин текшерүү СОВКОМдун милдетине кирбесин билдирди.

Ал эми Ташкендеги Мамлекеттик көркөм өнөр музейинин директору Васила Файзиева уурдалган сүрөттөр жасалма көчүрмөлөр менен алмаштырылганы аныкталганы тууралуу Uz24 маалымат порталына кабарлады.

Маданият жана спорт министрлиги тарабынан 42 адис кирген комиссия түзүлүп, алар экспонаттарды тизмектеп чыгышкан. Инвентаризация маалында музейдин графика бөлүмүндө Уфимцевдин алты сүрөтү көчүрмө экени аныкталган.

Тизмектегенге чейин музейдин директору Файзиева Москвада Уфимцевдин сүрөттөрүнүн көчүрмөлөрү сатыкка коюлууда деген ойдо жүрүптүр. Жумушчу топтун текшерүүсүнөн соң, Ташкендеги сүрөттөр жасалма экени белгилүү болду. Бул таанымал сүрөтчүнүн картиналары былтыр Ангрен галереясында дагы уурдалган эле.

Ангрендеги укук коргоочу Дмитрий Тихоновдун "Азаттыктын" өзбек кызматына айтышынча, музейдеги Уфимцевдин сүрөттөрү 1990-жылдан 2004-жылга чейин такай кайтарууда болгон.

Ташкендик сүрөтчү Вячеслав Ахунов болсо Өзбекстандагы музейлерден сүрөттөрдү уурдап чыгууга андагы кызматкерлер аралашканынан кабардар экенин айтты:

Мурда майда чыр-чатактар болуп турчу. Көргөзмөлөр дирекциясынын кору кыңыр иштерди табышкан. Бирок ал тез эле басылып калган. Аталган фонддо көптөгөн жылдар бою чогулган коллекция бар. Бизде Сүрөтчүлөр бирикмеси жоюлган. Анын коллекциясы Көркөм өнөр академиясына өткөн. Сүрөтчүлөр союзунун архиви жана документтери жоголгон. Аны менен бирге бир нече картиналар дайынсыз жок болуп кеткен. Эгер өкмөт текшерүү жүргүзсө, ал ишти биринчи кезекте Нукус музейинен баштоо керек. Ал музейде Санкт-Петербургдан кийинки эле классикалык орус авангард сүрөтчүлөрдүн бай коллекциясы бар эле. Игорь Савицкийдин көлөмдүү коллекциясы бар болчу. Текшерүү болобу же жокпу, ал башка маселе.

Ошто төрөлгөн сүрөтчү Ахунов картиналарды эң биринчи уурдоо жана көчүрмөгө алмаштыруу Ангренде башталганын, өткөн кылымдын 30-жылдарындагы футуризм багытындагы сүрөттөрдү Малевичтин кара квадратын көчүргөндөй эле оңой экендигин белгиледи.

Ангрен галереясында 1986-жылы Виктор Уфимцевге таандык эки миңдей экспонат болгон. Азыр алардын канчасы калганы белгисиз. Ал эми ташкендик искусство таанучунун айтымында, галереядагы "жаңы келген экспонаттарды каттоо китеби" атайын жок кылынган.

Ангрен галереясы баалуу сүрөттөрдү "сактоого шарт жок" жана алар "жер төлөдө нымдан чирип кеткен" деген куру жүйөнү карманып келээрин укук коргоочу Тихонов айтат.

Былтыр өзбек президентинин тунгуч кызы Гүлнара Каримованын Женевадагы үйүнөн 60 чакты баалуу көркөм эмгектер табылган. Алардын арасында Уфимцевдин 1959–1960-жылы жаралган эмгектери да бар. Бул сүрөттөр алыскы Швейцарияга кантип жеткени тууралуу так маалымат жок.

Өзбекстандын Маданият жана спорт министрлиги тарабынан 1964-жылга чейин тартылган сүрөттөрдү өлкөдөн тышка алып чыгууга тыюу салынган. Жада калса, сүрөттү тарткан кыл калем чебери да өз эмгегин чек арадан алып өтө албайт.

Интернеттеги "Купить картину" порталынын кызматкери Наталья Малинина "Азаттыкка" Виктор Уфимцевдин эмгектерине талап чоң экенин билдирди:

Уфимцевдин өткөн кылымдын 30-жылдарында Түркстанда жаралган эмгектерине кызыгуу күчөдү. Биз сүрөт уурдалган-уурдалбаганын тыкыр текшеребиз. Мүмкүн болушунча баасы кымбатыраак сүрөттөрдү сатканга аракет кылабыз. Кардар катары сиз дагы сүрөттү текшерсеңиз ашык болбос.

Виктор Уфимцев 1899-жылы Уралда төрөлүп, "Түркстан авангарды" деп аталган эмгектеринин топтому менен тарыхка кирген. Самаркандга 1923-жылы келген сүрөткер эмгектеринде ачык түстөрдү колдонгону менен өз замандаштарынан айырмаланган.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында Хива музейине кирген уурулардын бети 1992-жылдан бери ачыла элек. Аталган музейдин сактоочусу Азад Каримов "Азаттыкка" анда жоголгон экспонаттар азыркыга чейин Интерполдун издөөсүндө экенин билдирди.

Ташкендеги Мамлекеттик көркөм өнөр музейинен Иван Айвазовскийге, Василий Тропининге, Карл Брюлловго, Иван Крамскойго жана Василий Суриковго таандык беш баа жеткис мурас 2001-жылы дайынсыз жоголгон. Акыркы эки-үч жылда италиялык кыл калем чеберлери Томассо Соларинин жана Жованни Беллининин картиналары да уурдалган.

Музейлерде түп нускалардын ордуна көчүрмөлөр илинген учурлар бардыгы айтылып жүрөт. Сүрөттөрдүн көчүрмөлөрүн жашыруун тарткан деген айып менен Көркөм өнөр окуу жайынын эки окутуучусу айыпка жыгылган. Өзбекстандын музейлеринде баасы бир нече миллион доллардык Пабло Пикассо жана Василий Кандинский өңдүү дүйнөлүк улуу сүрөткерлердин эмгектери бар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG