Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:35

Ирак согушунун башатына карата британ сырлары


Жек Стро Британиянын тышкы иштер катчысы кезинде Иракка иш сапар менен барган. 2006-жылдын 7-январы. Багдад сыналгысына маек куруп жаткан кези.

Жек Стро Британиянын тышкы иштер катчысы кезинде Иракка иш сапар менен барган. 2006-жылдын 7-январы. Багдад сыналгысына маек куруп жаткан кези.

Британиянын адилет министри Жек Стро Иракка каршы согуштук өнөктүккө жол ачкан өкмөттүк жыйындардын тийешелүү учурлары камтылган протоколдорду жарыялоого тыйуу салды. Согушка каршы күчтөр аны өкмөттүк мурдагы калпыстыкты жаап-жашыруу аракети катары сындоодо.


Улуу Британиянын адилет министри Жек Стро 24-февралда Британ парламентинде чыгып сүйлөп, өкмөт жыйынынын протоколдорунда камтылган айрым документтерди ачыктоонун азырынча “сааты келе электигин” билдирди.

Анын оюнча, өзгөчө жагдайлардан улам ал дал ушундай кадамга барууга аргасыз болду.

- Кыскача айтканда, бул жыйындын протоколдорунун тийешелүү мүнөттөрүнүн маалыматын ачыктоодон келип чыкчу зыян - мындай ачыктоого карата коомдук кызыгуудан алда канча олуттуу салмакка ээ болуп турат.

Жек Стро “Маалымат эркиндигинин акты” аттуу мыйзамдык документте эгерде тийешелүү документти ачыктоо өтө чоң кесепетке алып келчү болсо, анда адилет министри мындай документти жарыялоого бөгөт койо алат деген жобо бар экенин эске салды.

Стро мырзанын оюнча, эгерде 2003-жылкы өкмөттүк жыйындын чоо-жайы азыр ачыкталчу болсо, анда болочокто британ өкмөтүнүн министрлери бул сыяктуу тагдыр чечээр учурларда кылчактап, чечкиндүүлүгү мокоп, жалпы өкмөттүк ишмердүүлүк аксап калышы ажеп эмес.

Оппозициядагы депутаттар Жек Стронун бул сөздөрүн “шермендечилик!” деп кыйкырып каршы алышты.

Маалымат калайыктан жашырылышы керекпи?

Адатта, Улуу Британияда өкмөттүк жыйындардын протоколдору 30 жылдан соң ырааттуу жарыяланып турат.

Бирок Британиянын Маалымат трибуналы азыркы өкмөттү Ирак согушунун ирегесинде: 2003-жылдын 13-мартында жана 17-мартында өткөрүлгөн өкмөттүк жыйындардын протоколдорун калайыкка ачыктоого милдеттендирген чечимин үстүбүздөгү айда кабыл алган, бирок адилет министри трибунал колдонгон мыйзамдык акттын “кычыгын” таап, өз ыйгарым укугун колдонуу менен бул чечимге бөгөт коюп отурат.

Талаштын чоо-жайы эмнеде?

Жоромолдорго караганда, мындан 6 жыл илгери 13-мартта өткөн жыйында ошол кезде башкы прокурор кызматын аркалаган лорд Питер Голдсмит (Peter Goldsmith) Бириккен Улуттар Уюмунун айрыкча резолюциясы жок туруп Иракка согуш ачууга каршы чыккан имиш.

Бирок бир нече күндөн кийин, 17-мартта, лорд Голдсмит мурдагы ойго карама-каршы турумга көчкөн.

Оппозиция бир нече күндүн аралыгында лорд Голдсмит олуттуу кысымга кабылса керек деп боолголойт, ал эми Голдсмит мырза болсо эч кандай кысымсыз эле өз алдынча бүтүм кылганын айтып келет.

2003-жылкы өкмөттүк чечим менен британ аскерлери (АКШ аскерлерине эриш-аркак болуп) диктатор Саддам Хусейн өкүм жүргүзгөн Иракка кол салган, ошондон тартып алар Ирактагы аскердик өнөктүккө ырааттуу катышып келет.

Ирактагы согушка каршы болгон көптөгөн британдыктар ал кездеги өкмөт башчы Тони Блэрге каршы нечен ирет демонстрацияга чыккан.

Оппозиция өкүлдөрү да бири-бирине кайчы пикирде

Ушул тапта британ коомчулугунда адилет министри Жек Стронун чечимин “эң чуулгандуу саясий окуянын купуя сырын коомчулуктан жаап-жашыруу аракети” катары сындаган пикирлер байма-бай айтылууда.

Маселен, “Өзөктүк куралсыздандыруу үчүн өнөктүк” деген уюмдун башчысы Кейт Хадсон (Kate Hudson) айым мурдагы баш прокурор Голдсмит Иракка согуш ачуу маселесинде өз оюн бир нече күн ичинде кантип өзгөрткөнү тууралуу маалыматтар чып-чыргасы коробостон калайыкка ачыкталышы керек деп талап кылды.

Либерал демократтардын өкүлү Дэвид Говард болсо Стро мырзаны айрым аткаминерлердин гана кадыр-баркын сактоо менен алпурушуп жатат деп сынга алды.

Бирок оппозициянын айрым консерватор өкүлдөрү британдык өкмөт кадыресе иш алып баруусу үчүн анын жыйындарынын сыры керектүү деңгээлде сакталышы керек деген пикирин да коомчулук назарына салууда.
XS
SM
MD
LG