Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Европада кызыл диплом алган Нурбек


Нурбек Жаанбаев Чехиядагы Агротехникалык университти быйыл артыкчылык диплому менен аяктады.
Нурбек Жаанбаев Чехиядагы Агротехникалык университти быйыл артыкчылык диплому менен аяктады.

Нурбек Жаанбаев Чехияда жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган биринчи кыргызстандык студент.

Ош облусунун Кара-Суу айылында өскөн Нурбек 2012-жылы Оштогу Ага Xан корунун мектебин аяктаган.

"Азаттык": Чехиядагы Агротехникалык университти (Czech University of Life Sciences) тандашыңызга эмне себеп болду? Окууга кантип өттүңүз? Канча убакыт даярдандыңыз?

Нурбек Жаанбаев: Биринчиден, бул жактын билим берүү деңгээли күчтүү. Экинчиден, Европада окугум келген. Үчүнчүдөн, албетте каржы маселесине байланыштуу болду. Себеби мен чет өлкөдө акысыз билим алуу жолдорун издегем.

Мектепти аяктарга жарым жыл калганда аябай катуу даярдана баштадым. Алгач маалымат издедим, Билим берүү министрлигинин сайтына кирип, керектүү эч нерсе таппадым. Атайын Бишкекке барып, министрликке кайрылдым. Ал жактан азырынча чет өлкөлүк окуу жайлардан тизме келе электигин, кийин электрондук почтама кат аркылуу жөнөтөрүн айтышты.

Эки жумадан кийин мага тизме келди, ал үч күн мурда чыккан экен. Бирок эмнегедир бардык квоталар толуп калыптыр, ал эми калгандары болсо абитуриенттерге өтө кызык эмес кесиптер экен. Андан түңүлүп, интернеттен өз алдынча маалымат издедим.

Кийин баарын байкаштырып отуруп, ата-энем менен кеңешип, Чехиядагы Айыл чарба университетине тапшырып көрүүнү чечтим. Кудай буйруп өтүп кеттим.

"Азаттык": Келгенде бардыгы сиз күткөндөй бекен? Эмнеден кыйналдыңыз же тескерисинче оңой болдубу?

Нурбек Жаанбаев: Биринчи жолу чет өлкөгө чыгышым эле. Башында аябай сүйүнүп жүрдүм. Үч күндөн кийин көчөгө чыгып, трамвай, метрого кантип түшүштү билбей кыйнала баштадым. Бирок бул жактан мага орус, казак досторум жардам берди. Ал эми окуу деңгээли мен күткөндөй эле болду.

"Азаттык": Көп эле кыргызстандык жаштар чет өлкөлөрдө жогорку окуу жайларын аяктап атышат. Бирок артыкчылык диплому менен бүткөндөр аз болсо керек. Кызыл дипломго жетүү оор болдубу?

Нурбек Жаанбаев курсташтары менен.
Нурбек Жаанбаев курсташтары менен.

Нурбек Жаанбаев: Ооба, күнү-түнү окуганга туура келди. Досторум жума күнү кечинде көңүл ачуучу жайларда эс алышса, мен ал жактарга барган жокмун. Башка студенттер кышында-жайында өз өлкөлөрүнө эс алууга кетсе, мен баарынан баш тартып окуганга туура келди.

Алгач келгенде төрт ай чех тилин үйрөндүм. Кийин мага англис тилинде окуган жеңил болорун сезип, англис тилинде окудум. Бул жакка келгиче эле англис тилим жакшы эле. Мектептен алган билимим жетиштүү болчу.

"Азаттык": Азыр Кыргызстанга эс алууга кетип жаткан экенсиз. Алдыга койгон максаттарыңыз кандай?

Нурбек Жаанбаев: Ушул эле университетке магистратурага тапшырып, өттүм. Эки жылдан кийин Ошто менден кийинки карындашым мектепти аяктайт, аны да бул жакка алып келип, жол көрсөтүп, өнүктүрсөм дейм. Бул жакта бир аз иштеп, тажрыйба топтоп, анан Кыргызстанга барып өлкөгө салым кошкудай бир нерсе кылсам деп кыялданам.

"Азаттык": Учурда мектепти аяктап, келечекке кадам таштаган абитуриенттерге кандай кеңеш бересиз?

Нурбек Жаанбаев: Эч нерседен коркпогула дейт элем. Мүмкүнчүлүктөр аябай көп, умтула бериш керек. Он окуу жайга тапшырсаңар бирөөнө сөзсүз өтөсүңөр!

"Азаттык": Ийгилик!

XS
SM
MD
LG