Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Суфизм Ооганстанда негизинен исламдын бир фалсафасы катары гана белгилүү болуп келген. Эми анын айрым адыйлары суфизм өлкөдөгү коога-калбаны баса алат деп айта башташты.

Ооганстандагы белгилүү саясатчылардын бири Сайед Исхак Гилани өзүн суфилерге кошуп жүрөт. “Талибанды” аскери күч менен жеңүү мүмкүн эместигин айтып, ал бу проблеманы бир болсо суфизм гана чече алат деп ишендирди.

“Эгер ыкыласмандар жапырт колдоого алса, исламдын атынан ар кандай каталыктарды жасап, жаңылып жүргөндөрдү оң жолго салганга суфизмдин 99,9 процент мүмкүндүгү бар”, - деп билдирди ал “Азаттыктын” кабарчысына.

“Талибан” кыймылына киргендер арасында суфизмге ыкыласын койгондор көп экенин белгилеп, Гилани атүгүл талиптердин лидери Омар молдо вахабизмге кийин ооп кеткенин, башында өзүн суфи эсептеп жүргөнүн кошумчалады.

Учурунда ооган суфилери колуна курал алып, аскери кагылыштарга катышкан, саясатка аралашкан учурлар аз болгон эмес. Алар ооган жеринде Батыштын үлгүсүндөгү бейдинаятчыл башкаруу тарыйкасын орнотконго азыр да каршы. Ошентсе да башка мазаптарга, айрыкча вахабизмге караганда суфизм алда канча байистүү келет.

Ушундан улам акыркы кездери Батыштагы бир катар эксперттер ар кошкон радикал жана экстремистчил топтордон коргонуу үчүн суфизмди колдоо керектигин айта башташты. Бирок Гилани буга каршы. Кокус суфизм Батыштан ачык колдоо ала турган болсо, анда ага чоң кадик түшөт, калктын көбү, айрыкча “Талибандын” тарапкерлери андан шек санап калат.

“Талибандын” Нью-Йорктогу мурдагы өкүлү Абдул Хаким Мужахед талиптер ар түрдүү катмардан чыкканын, арасында суфизмдин бардык түрүн четке каккандары, бирок анын нагшбанчылык жана башка салааларына ыкрар кылгандары да бар экенин ырастады. “Эгер абройлуу жана таасирдүү диндарлар киришсе, алар тынчтык процессине жардам бере алат эле”,-дейт “Талибандын” мурдагы жогорку даражалуу өкүлү.

Мурдагы можахеддердин бири,суфи аалымы Масуд Нагшбанд “ислам эрежелерин түшүндүрүүдө “Талибан” аша чаап жүрөт, талиптердин айткан-дегендери ыйык Куранда айтылгандарга кайчы келет” деп эсептейт.

Масуддун айтымында, талиптердин жаңылыш ташкыйбатына азгырылып, көптөгөн мусулман мазаптары экстремизмди туу кылып көтөрүп алышты. Алардан айрымалуу суфизм зобун-зомбулуктун ар кандай түрүн айыптайт.

“Ооган жеринде эч качан дин үчүн уруш болгон эмес, алардын баары саясий жана геосаясий мүдөөлөрдөн улам чыккан, ошондон соң гана ага динди тартышкан”, - дейт аалым. Ошондуктан Масуд кооп-козголоңду басып, тынчтыкка жетишүү үчүн адегенде саясий чечим табылышын абзел көрөт. Ушундай шартта гана суфизм Ооганстандагы баракатчылык процесссине кол кабыш кыла алат.
XS
SM
MD
LG