Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Математика боюнча олимпиада өтөт


Алгебра.
Алгебра.

Олимпиаданы “Себат” билим берүү мекемеси уюштурууда. Маалыматта айтылгандай, олимпиада окуучулардын математика cабагына кызыгуусун арттыруу, интеллектуалдык таймаштардын түрлөрүн өркүндөтүү, өзгөчө шыктуу окуучуларды таап, аларга андан ары колдоо көрсөтүүгө шарт түзүү максатында өткөрүлүүдө. Билим таймашы Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен жалпы орто мектептерин 6-класс окуучуларынын арасында үч баскыч менен өтөт.

1-баскыч райондук деңгээлде. 4-мартта, 2-баскыч, облустук деңгээлде 1-апрель күнү өткөрүлөт. 1-баскычта байгелүү орундарды ээлеген 5 окуучу сынактын экинчисине катышат. Республикалык жыйынтыктоочу баскыч 22- апрелде Бишкекте өтөт. Республикалык баскычка облустук олимпиадалардан 1-, 2-, 3-орундарды ээлеген окуучулар, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын командалары катышат.

Жеңүүчүлөр диплом, ноутбук, планшеттер менен сыйланат, ал эми алардын мугалимдери акчалай сыйлык алышат. Жеңүүчүлөр окуган мектептерге да сыйлыктар ыйгарылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG