Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Өлүм менен арбашкан канаттуу көк жал


Александр Мизюк Швейцарияда канатын жайып учуп баратат.

Александр Мизюк Швейцарияда канатын жайып учуп баратат.

30 жаштагы Александр Мизюкту көк жал же оён деп атамакмын. Ал тээ көк мэлжиген бийиктен канаттуу костюм кийип секирет. Канатын жайып учуп баратканда ылдамдыгы 250 км/саатка чейин жетет. Андай оёндорду англис тилдүүлөр бейсжампер (basejumper) же бейсер деп аташат.

Жел менен жарышып, өлүм менен арбашкан Алекстин (Alex Miziuk) өзү сыяктуу курбу-достору негизинен 21-22 жаштан 40-45 жашка чейинки курактагылар.

- Мен канаттуу костюм кийип стационардык объекттерден секирем, - деп баштады сөздү бою теректей жигит. - Англис тилинде андай кыймылсыз объекттерди кыскача BASE деп коюшат. Бул имарат (вuilding), антенна (аntenna), көпүрө (span), жер (еarth) деген сөздөрдүн баш тамгасынан куралган акроними. Ушинтип мен азыр асканын учу сыяктуу жайлардан канаттуу костюм менен секирген адаммын.

Бейсжамперлердин канаттуу костюму таар сымал материалдан тигилип, колтугунда шамал кирчү тешиктери болот. Спортсмен ылдый көздөй шуулдап түшүп баратып, колун эки жакка жайганда шамал костюмун үйлөп, жеңи канатка окшоп калат. Бейсер денеси жерге талп деп түшкөндөн мурда костюмун желге үйлөтүп, канат жайып өзүн башкара башташы зарыл. Андыктан чокубу, аскабы, жарбы, мунарабы же көп кабаттуу имараттын төбөсүбү, ал канчалык бийик болсо, бейсер үчүн ошончолук коопсуз эсептелет.

Алекс Мюзик Монт Бланк тоосунда. Франция, 11-март 2015

Алекс Мюзик Монт Бланк тоосунда. Франция, 11-март 2015

- Канат-костюм салмак менен гана башкарылат. Асканын учунан алгач секиргенде шамалдын ылдамдыгы пас болгондуктан костюм шалбырап турат. Кулоонун ылдамдыгы өскөндө шамал костюмдун жеңиндеги тешиктен кирип, костюмдун канаты бара-бара самолеттун канатынын формасындай абалга келет. Бул абадан жерге түшүп кетпей көтөрүлүп жүрчү күчтү пайда кылат. Канат менен учканда пландаган ылдамдыкка жетүү үчүн кеминде 100 метр керек. Мен эч качан 500 метр төмөндөн секирбейм, себеби учууну пландай баштагандан тарта парашютту ачканга чейин абанын агымы менен бир кыйла убакыт учууга туура келет. Ошон үчүн секирчү жайың канчалык бийик болсо ошончолук жакшы. Мисалы, биз Францияда 3000 метр бийиктен секиребиз. Мен бир жарым мүнөт учкандан кийин парашютту ачам жана жерге коном.

Абада октой учкан кабыландар

Алекс канаттуу костюм менен өтө катуу күүлөнгөндө 240 км/саат ылдамдыкта учкан. Европа же Американын эң мыкты асфальт жолдорунда көк жал шопурлар гана кымбат баалуу жана кубаттуу машинесин мындай ылдамдыкта айдашы мүмкүн. Мындай ылдамдыкта бейсердин да, шофердун да тажрыйбалуу жана шамдагай, өзгөчө күтүүсүз кырдаал түзүлсө, шашкалактап калбай рационалдуу чечим кабыл алганы маанилүү.

- Горизонталдуу абалда учуп баратканда ылдамдыгыңыз 160 км/сааттан ашпайт. Эгер атайлап вертикалдык абалда учсаңыз, ылдамдыкты 220-240 км/саатка чейин тездете аласыз.

Мен канат-костюмду интуиция менен башкарам. Бул самолет сыяктуу: оңго кыйшайтсаң оңго, солго кыйшайтсаң сол жакты көздөй бурулат жана денеңдин: колуңдун, бутуңдун же жамбашыңдын кыймылы багытты өзгөртөт. Канат-костюм менен коопсуз жана ишенимдүү учканды үйрөнгөнгө чейин бир топ убакыт өтөт.

Алекстин мойнундагы тумарында чокудан ылдый карай канатсыз шумкуп баратканда борчукка тийип өлгөн бейсер досунун сөөгүнүн күлү салынган. Экинчи досу чымчык кууган турумтайдай түйүлүп баратып, капталдагы жарга тийгенде Алекс анын артынан учуп бараткан. Эки досуңдун өлүмү сени коркуткан жокпу деген суроомо ийнин куушуруп жылмайып гана койду.

- Канча узак аралыкка учканымды эч качан эсептебептирмин. Бирок эң узак учкан убактым: 1 мүнөт 40 секунда болгон. Орточо сиз 4000 м бийиктен секиресиз да парашютту 1200 м бийикте ачасыз. Сиз ошондо 40 секундадан бир мүнөткө чейин канат жайып учасыз. Мен асканын учунан кадам таштагандан кийин канат жайып бир жарым мүнөт уча алам.

Секиргендин башка түрлөрү да бар. Биз ошондой эле бийик имараттардан, антенналардан, жапыс көпүрөлөрдөн жана жардын учунан да секиребиз. Бирок мындайда парашютту ошо замат ачуу керек. Мен секирген эң жапыс бийиктик 56 метр. Бул көпүрө болчу. Жапыс жерден секиргенде секирер алдында жардамчы парашютуңду кимдир бирөө ачып даяр кармап турганы жакшы. Себеби секирген кезде жардамчы парашют негизги парашютту тартып тургандыктан, ал сен секирер замат ачылат. Бул абдан маанилүү. Анткени сен пас жерден секиргенде жерге тез коносуң. Ошондуктан секирген жериң канчалык бийик болсо, өмүрүң үчүн ошончолук коопсуз жана учууну туура пландоого мүмкүндүгүң көбүрөөк болот. Бийиктик канчалык жапыс болсо, күтүүсүз жагдайга туура реакция жасаганга убактың да аз калат.

Бейсжампинг - эң коркунучтуу спорт

Медициналык статистика боюнча, 2006-жылы алты бейсжамперге өмүр менен кош айтышчу бир кырсык туура келген. 1995-2005-жылдардын ортосунда канаттуу кабыландар 20 850 жолу секирген. Ал ортодо тогуз спортсмен жайран болгон. Ошон үчүн бейсжампинг дүйнөдөгү эң коркунучтуу спорт саналат. Парашюттан секирүү менен салыштырганда өлүм жана кокустукка кабылуу канаттуу костюм менен секирүүдө 43 эсе көп. Алекс канаттуу костюм менен учуу жана парашюттан чыңк ылдый шумкуп секиргендин айырмасын мындай түшүндүрдү.

- Самолеттон секиргенде (skydiving) эки парашютуң болот: негизги жана кошумча. Кошумча парашют негизги парашютка салыштырганда алда канча коопсуз бүктөлөт. Негизги парашют демейде өтө эле бийикте ачылат жана кокус ачылбаса же чиелешип калса, аны таштап салып, кошумча парашютту ачканга убакыт жетерлик болот. Ал эми туруктуу объекттен секиргениңде парашют 1500 метр бийикте эмес, жерге 100 метр же 200 метр жакын калганда ачылат. Кокус парашютту ачып жатканда күтүлбөгөн окуя болсо, жаныңдагы жалгыз парашют менен эмне кылганды өтө ыкчам чечишиң зарыл.

Парашюттан секирген адам ар жолу бир-эки кило салмагын жоготот деген кепти угуп калган элем. Анын чындыгын Алекстен сураганымда:

- Жок (күлөт). Балким корккондо денең нымшыйт эмеспи. Балким ошондон салмак жоготосуң. Учкан кезде салмагыңдын мааниси абдан зор. Салмагың канчалык оор болсо, сени учканда абада көтөрчү күч ошончолук чоң болушу абзел. Ошол эле мезгилде оор адам ылдамдыкты пландоочу абалга жеткенче көп ылдый түшүп кетет.

Бейсжамперге талап учкучтай эле

Канаттуу костюмчан учуу үчүн атайын даярдык жана машыгуу керек. Андан да маанилүүсү кеминде 200 ирет парашют менен секирген болушуң зарыл. Ансыз канчалык жүрөктүү болсоң да өзүңдү ажыдаардын кучагына саласың.

- Албетте. Бул өтө узак жараян. Канат менен учканга чейин самолеттон 200 жолу парашют менен секирген болушуңуз шарт. Ошондон кийин гана канаттуу костюм кийип самолеттон секирип учканга уруксат берилет. Самолеттон учуу Кошмо Штаттардын жана Европанын авиация агенттиктеринин эрежеси менен жөндөлөт. Чоку, антенна, көпүрө сыяктуу туруктуу жайлардан секирүү мамлекеттик агенттиктер тарабынан тескеп-жөндөлбөйт. Бирок мен айткандай канаттуу костюм менен учканга уруксат алгандан мурда 200 мертебе самолеттон парашют менен секирген болушуң керек деген жазылбаган эреже-рекомендация бар. Бул жобо ырасмий документ эмес. Ошон үчүн канаттуу костюм менен секиргенге зарыл нерселерди сатып алып, даярдыгы жок эле секире берүү мүмкүн. Бирок бул өлүм менен бүтүшү күмөнсүз. Ырас, эгер сиз орус же жолдуу адам болсоңуз, же жерде кар калың болсо, тирүү калышыңыз ыктымал.

Канат-костюм менен учкандар тоо-кырдан жана башка жайлардан өз алдынча секиришет. Саламаттыгын ар жолу врачтар текшербейт. Ошон үчүн бейсжампер саламаттыгы үчүн өзү жооптуу.

- Стационардык секирүүдө ар ким өзү үчүн жооп берет. Парашют менен самолеттон секирүүнүн (skydiving) ырасмий бекитилген эрежесине ылайык, адегенде сынактан өтүүңүз шарт. Самолеттун ээси жана сиз кончу жерге жооптуу фирма коопсуздук үчүн жооп берет. Мен жакында эле самолеттон жуп болуп учуу боюнча инструктор кызматына экзамен тапшырдым. Экзамендин шартына жараша ден соолугум учкучтардыкындай эле кылдат текшерилди. Инструктор болуу үчүн 500 жолудан көп парашюттан секирген болушуң зарыл жана үч жылдык тажрыйба керек.

Бейсжамперлердин кийими да арзан оокат эмес. Кийим же канат-костюм, ага 3 миң долларлык парашютту кошкондо баары эң аз дегенде 5 000 доллар болот.

- Жаңы костюм 1800-2000 доллар турат. Кичине размердеги костюмду 1200 долларга сатып ала аласыз. Костюм сизге ылайыктап тигилгени абдан маанилүү. Аны тиккенден мурда денеңиздин 20 чакты өлчөмүн алат. Бирок салмагы, турпаты өзүңүзгө окшош адамдын эски костюмун арзан баага сатып алсаңыз да болот. Костюм канчага чыдаары ал пайдаланганыңызга жараша болот. Демейде жакшы сакталган костюм 400-500 жолу секиргенге жетет. Бирок ар бир же эки жылда костюмдун жаңы түрлөрү чыгат. Жаңы костюмдар менен учканыңды жакшы пландасаң болот. Алар эскилерге караганда алыска да учат. Ошон үчүн сиз эски костюмуңуз өз ресурсун толук иштеп бүтпөй жатып, жаңысын сатып аласыз.

Устаз оён

- Мен бир нече күн илгери Сан Диегодо 1990-жылдардын башында жасалган канаттуу костюмду көрдүм. Ошондуктан бул спорттун пайда болгонуна 20 жылдай болду дейт элем. Бирок костюмчан учууга аракет мындан 40-50 жылдай мурда жасалганын билем. Ал костюмдар чымчык сыңары канатын күүлөгөн туңгуч самолетторго окшоп кетет. Биринчи канаттуу костюмдар жарганатка окшош болуп, канатын бүркүттөй күүлөгөн самолет сыяктуу эле. Акыр аягында ошол жөнөкөй долбоорлор бүгүнкү учуучу костюмдарды жасаганды мүмкүн кылды. Сен бийик деңгээлге жетишмейинче, бардык чыгымдарды өзүң көтөрөсүң. Демөөрчүлөр адамдарды таң калтырган өзгөчө бир трюктарды көрсөткөн профессионалдарга гана акча төлөшөт.

30 жаштагы Алекс Мизюк жакында эле парашют менен чыңк ылдый шумкуп секирүү жана канаттуу костюм кийип жупташып секирүү боюнча инструктор адистигин алды. Эми ал өзүндөй өлүм менен таймашчу жаш кабыландарды самолеттон же көк аскадан коштоп секирип, болочокто бейжампер болгонго үйрөтө баштайт. Андай устаздык укук алуу үчүн Алекс буга чейин самолеттон 530 жолудан көп мертебе абаны чумкуп учкан жана 430 жолу канаттуу костюмчан бийиктен секирип, өлүм менен арбашкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG