Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Ар кимдин апасы өзүнө аппак


"1000 ак элечек айымдар- 2017" долбооруна катышкан энелер.
"1000 ак элечек айымдар- 2017" долбооруна катышкан энелер.

Журналист Султан Жумагуловдун 8-март майрамына карата энелер тууралуу баяны.

Апамдын төрт класс гана билими бар. Эсимде, айылда Совет деген агай бар эле, ошол киши карыз акча алып кетсе, унутуп калбайын деп кагазга “Забет 5 сом апкети” деп жазганы бар. Мени болсо кичинемден оору тооруду. Кышта башталган жөтөлүм күчөп отуруп, ала жазда өзүм да, апам да уктабай калабыз. Күрсүлдөгөн үнүм уктап атсам да кулагыма угулат. Анан, албетте, ооруканага жаткырышат да, аерден – оо тозок! Төрт маал ийне сайышат, эстесем – азыр да жамбашым зыркырайт. Түн ортосунда келип сайышчу, кээде уйкудан кантип сайып кетишкенин элес албай калчумун. Ошентип, ар жылы жазда ооруканага жатмай. Илмийип көтөрүм болгонумду айт. “История болезни” деген китепче, анын баш жагында “Хронический бронхит” деген ийри-муйру жазуулар азыр да көз алдымда.

Анан апам бир жылы таң атпай ойготуп, ага чейин көрбөгөн бир башкача майды сүткө сапырып, ыкчам бойдон жут деп кыстап, ач карын ичире баштады. Жыты саңырсыйт, чыныны оозума жолотпой ары түртөм. “Ичпесең анда балнитсага апарам”. Антсе коркконуман ичип берем. Кээде кусам. Бирок эптеп эле "балнитсага" жатпаш үчүн саңырсыган сүттү күндө ичмей. Ошентип, - оо кудай! - ал жылы "балнитсага" жатпай калдым. Жөтөлүм азайды. Бара-бара күч кирип, алтурсун башка теңтуштарымдай "гүлгандык" да кыла баштадым.

Кийин чоңойгондо апамдан ал эмне дары эле деп кыстап сурабаймынбы. Көрсө байкуш апам бүбү-бакшы атпайлардан сүрүштүрүп отуруп, аюунун, кашкулактын ич майын эритип, ага жыландын каткан этин майдалап кошуп, сүткө сапырып берсе, көк жөтөлгө дабаа болорун билиптир. Ошентип, килейген "балнитса" төрт жылда айыктыра албаган дартты төрт класс билими бар апам эки кышта айыктырган.

9-классты бүтөр жазда сакмалга айдашты. Эл менен кошо дүрбөп, мен да жөнөдүм. Ак койдун шатырата тууганын айт да, козуларынын боо-боо кырылганын айт. Классташ кыздар да барган. Мен “чоңдун” (атам селсебетте секретар) баласы болгондуктан, малдан алысмын, кыздар “ак кол” деп тергешет. Ошону эле күтүп тургансып алардын козулары өлбөйт да, меникинен күндө тырайган өлүк чыгат. Чабаныбы, классташ кыздарыбы, ары-бери өткөн сайын алдыртан мени аяп карашса, жерге кирип кете жаздайм. Ошол кезде эле гезиттердеги жаңылыктарды көркөмдөп кошуп айткан сүйлөөк жан элем, анын бири жок, үңкүйүп жер карап, үндөбөй калдым. Өзүм “чоңдун” баласы болсом, анан отличник болсом, эмнеге менин козуларым өлүшү керек?

Иши кылса, шылкыным куруп, шагым такыр сынып калаарда үйдөгү атыбызды алчактата минип апам Периштедей болуп жардамга жете келгени. Жаңы туулган козулардын оозуна эмне бир дарыларды эзип куят, энесинин сүтүн бир сыйра саап туруп гана эмизет. Ошондон тарта менден бир да козу өлгөн жок, чабандын өзүнүн да, кыздардын да козулары кызылдай эле кырылды. Кийин Өмөр акенин (чабандын ысмы – автор) “эй айланайын Сайра (апамдын ысымы – автор), эмне сыйкыр кылдың деги? Эмики жылкы туутта ветеринар сурабай эле сени алайынчы” дегени күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ошондо апам болбогондо отличник баласы азыркы тил менен айтканда, моралдык жактан сынып калмак.

90-жылдары Бишкектен төмөн Пригородное деген айылда бирөөнүн үйүндө турам квартирада. Жайдын капортосу эле. Бир күнү шаарга карай бет алсам, жолдун жээгинде килейген фляга, жанында дермантини ыдырай баштаган кара сумка турат. Арыраакта болсо папиросун түтөтүп апам отурат! Э кокуй. Илгери жаш кезинде мурду тынбай канап, догдурдан ылаажы болбогондо кайсы бир бүбү кемпир папирос чектирип атып токтоткон. Ошондон апам азыркыга чейин түтөтөт. Байкуш апам баласына бир фляга кымыз, эки жилик эт алып келатыптыр.

Анысы го мейли. Кээде ашыкча сеп этип алганда өзүм оңой менен таба албаган ийри-муйру көчөнү таап, автобустун аялдамасынан бери карай бирде сумканы он кадам жерге жеткирип, анан фляганы көтөрүп, болжолдоп мен турган үйгө келатыптыр... Апамды келип бир урушам, бир күлөм, бир боорум ооруйт, анча эмне кудайдын азабын тартты десең, ач калганым жок го? “Апанын көөнү - балада, баланын көөнү -талаада” деген ошол тура көрсө.

Мына Апамдын үч эле “жоругу”. Меникиндей Апа жок эки дүйнөдө.

Султан Жумагулов, журналист

XS
SM
MD
LG