Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Президент Ахмединежад глобалдык кризистин күнөөкөрлөрүн тапты


ЭКУ өлкөлөрүнүн Тегерандагы саммити, 11-март 2009

ЭКУ өлкөлөрүнүн Тегерандагы саммити, 11-март 2009

Иран президенти Махмуд Ахмединежад Тегеранда Экономикалык кызматташуу уюмунун жыйында «АКШ жана анын кээ бир союздаштарын» экономикалык кризис үчүн жооптуу деп күнөөлөдү.


Экономикалык кызматташуу уюмунун кезектеги жыйыны шаршемби күнү Тегеранда ачылды. Күн тартибиндеги негизги маселе- дүйнөлүк финансылык кризистен чыгуунун жолдорун талкуулоо.

Президент Махмуд Ахмединежад Экономикалык кызматташуу уюмунун Тегерандагы саммитин ачылышындагы сөзүндө уюмга кирген өлкөлөрдү глобалдык кризис алып келген кыйынчылыкты “ийгиликке айлантууга» чакырды.

Иран президенти Батыш түптөгөн экономикалык системаны жоопкерсиз, адилетсиз деп сыпаттап, ЭКУ аралык сооданы көбөйтүүнү сунуш кылды.

«Капитализм система катары ойрон болду. Экономикадагы негизи-адилетсиз жана жоопкерчилиги жок. Тилекке каршы, дүйнө өлкөлөрү бир катар өлкөлөрдүн үзүрсүз саясатынан чыгым тартыш керек», деди президент Ахмединежад.

Ал ЭКУга мүчө 10 өлкө бирдиктүү акчаны колдонуусу жөнүндө ойлонуусу жана өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн орток банкасы болуусу керек экенин да айтты.

Экономикалык кызматташуу уюму 1985-жылы Иран, Пакистан Түркия тарабынан түзүлүп, региондук уюшмага кийинчерээк Азербайжан, Ооганстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кошулган.

Бул мамлекеттердин жетекчилеринен башка да Тегерандагы жыйынга Ирак президенти Жалал Талабани, Сириянын вице-президенти Фарук аш-Шара ардактуу конок ирети келишкен. Ирак да ЭКУга кошулуу жагын ойлонуп жатканын өлкөнүн Ирандагы элчиси Мохаммед Мажид аш- Шейх «Эркин Ирак» радиосуна берген интервьюда билдирди:

-Ирак мурдакыдан өзгөрдү. Бизде Иран, Кувейт же башка коңшу өлкөлөр менен бирге болуубузга эч кандай тоскоолдуктар жок. Ирак өз коңшулары менен тынчтыкта жана коопсуздукта жашоону каалайт.

Бүгүн баары өз ара сүйлөшүүгө көзкаранды. Коңшу өлкөлөргө каршы согуштун жана баскынчылыктын мезгили өттү. Ирак бүгүн тынчтыкта жашагысы келет. Бул Ирак өкмөтүнүн жана элинин тилегени. Саммиттеги башкы тема- экономика.

Бирок саясый маселелерди кыйгап кете албайт. Себеби, Иран эларалык коомчулук менен өзөктүк прогрмасы боюнча тартышып жатса, Пакистан үчүн чоң көйгө-ислам экстермизми. Ооган өкмөтү талиптер менен маң аткезчилигин ийге сала албай шаштысы кетүүдө.

Президент Хамид Карзай Ооганстан дүйнөлүк апийимчиликтин борборуна айланганын белгилеп, ЭКУ өлкөлөрүн маң аткезчилерине жана терроризмге каршы күрөшкө жардамдашуусун сурады.

ЭКУнун ар бир мүчөсү терроризмге каршы согушта Ооганстанга жардамдашууга тийиш экенине Пакистан президенти Зардари да токтолду.

Абдулла Гүл президент Ахмединежадга Барак Обамадан кат алып келет экен деген кабар бышыкталбаса да, Ак Үй Тегеран менен жаңыча мамиле түзөөрүн соңку окуялар көрсөткөн. Атап айтканда, Мамкатчы Хиллари Клинтон 6-мартта Анкарада болгондо, Ооганстан боюнча марттын аягына белгиленген эларалык жыйынга Иран да чакырыла турганын айткан. Пакистан бул сунушту жактап, Ирандын Тышкы иштер министрлиги президент Обананын сунушу карап көрүлөрүн билдирген.

Ошондон улам Түркия президенти Абдулла Гүл Тегеран саммитине аттанар алдында Иранды АКШга болгон саясатын өзгөртүүгө чакырган. Барак Обама бийлигикке келгенден кийин Ак Үй баарын өзгөрттү. Муну эске алып, башка өлкөлөр да өз саясатын карап көрүүгө тийиш деген эле Гүл.

ЭКУ өлкөлөрү арасындагы сооданы жакшыртуу үчүн бажы салыгын кыскартууга жана уюм мүчөлөрүн глобалдык терроризмге каршы күрөшкө жардам көрсөтүүгө үндөдү Абдулла Гүл саммитте.

XS
SM
MD
LG