Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Швециянын Сундсвалль шаардык соту Өзбекстандын жараны Юрий Жуковскийди көрүнүктүү диниятчы жана Каримов режиминин сынчысы Обид Назаровго кол салгандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин абакка кести.

Сот өкүмү 1-март күнү чыкты. Назаровдун жакындары эми бул буйрутма кылмыштын артында турган өзбек саясий режиминин өкүлдөрүн жазалоону суранып жатышат.

Диниятчыны өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн Юрий Жуковскийди Эстресунд шаардык соту 2015-жылдын декабрында 18 жылга камакка алуу чечимин чыгарган эле. Ишти иликтеп, сотко алып чыккан прокурор Кристер Петерсон Назаровдун өмүрүнө кол салууга расмий Ташкен буйрук берген деген ойдо болуп, аны аткаруучу катары каралган айыпкерди өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

Бул өтүнүчтү Сундсвалль шаардык соту 1-март күнү канааттандырды. Айыпкердин өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилишин Обид кары Назаровдун уулу Давутхан адилеттүү өкүм деп баалоодо:

Давутхан атасына кол салууну өзбек бийлигинен көрүүдө

Давутхан атасына кол салууну өзбек бийлигинен көрүүдө

- Мурда чыгарылган 18 жылга камоо чечимин өзгөртүлүп, өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилгенине макулбуз. Биз ушуну суранган элек. Жуковскийдин иши эми Жогорку Сотко чыгабы же жокпу, маалым эмес. Биздин оюбузча иш Жогорку Сотко жетпейт. Себеби, ал үчүн тийиштүү шарттар каралган. Өзүңдү актаганга олуттуу негиздер, жаңы документтер, жаңы жагдайлар болушу кажет. Андай далилдер Жуковскийде жок.

37 жаштагы Жуковскийдин үстүнөн ишти кароону Суиндсвал шаардык соту 9-февралда баштаган.

2012-жылдын февралында Обидхон кары Назаровду Швециядагы үйүнүн кире беришинен атып кетишкен. Ал аман калып, азырга чейин ооруканада дарыланууда. Диниятчыны атты деп шектелген Жуковскийге издөө жарыяланып, былтыр 25-августта Орусиядан кармалган болчу.

57 жаштагы Назаров Ташкендеги көрүнүктүү имамдардын бири катары 1990-жылдары Өзбекстанда атагы чыккан. Кийин бийликтин динди кысымга алган саясатына каршы чыкканы үчүн куугунтукталып, 1998-жылы өлкөдөн качкан. Казакстанда көп жыл жашырынып жүрүп, 2006-жылы Швециядан саясий башпаанек алган.

Ага уюштурулган кол салууну жакындары саясий буйрутма деп эсептешет. Мындай божомолду Жуковскийдин иши сотто каралып жатканы учурда прокурор да айткан болчу. Бирок швециялык журналисттердин белгилешинче, өкүмдө кылмышты жасоого “чет элден буйрук болгону” айтылганы менен, прокурордун корутундусунда “мунун артында Өзбекстан өкмөтү турат” деген негиздеме жазылган эмес.

Ага карабай мында расмий Ташкендин колу бар экенине ишенген Назаровдун уулу Давутхан буйрук берген кишилерди да каматуу аракети жүрүп жатканын айтууда:

- Бул иш Жуковскийнин өзунүн гана колунан келбейт. Ал жөн гана аткаруучу. Бул кылмыштын артында саясий максаттар бар. Кылмыштын мотивдери дагы да кеңири каралышы керек. Демек иликтөө дагы көпкө созулат. Атамдын өмүрүнө кол салуунун артында турган кишилердин ким экени аныкталган. Аларды эл аралык издөөгө берип, кармоо аракеттери жүрүп жатат.

Өзбек өкмөтү азырынча буга эч кандай комментарий бере элек. Ага карабай, расмий Ташкен чет элде жүргөн диниятчы өзбек жарандарын “өлкөдө башалмандык жасоого аракет кылганын” нечен ирет айтып келет.

Швеция мыйзамдарына ылайык, өмүрүнүн аягына чейин камакка алынган кишилер жазаны жеңилдетүү суранычы же башка өтүнүчтөр менен сотко кайрыла алышпайт. Бул мамлекетте жалпысынан 200дөй киши өмүрүнүн соңуна чейин абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG