Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Швеция террор чабуулун иликтеп жатат


Стокгольмдо полиция окуя болгон жерди текшерүүдө, 11-декабрь, 2010
Стокгольмдо полиция окуя болгон жерди текшерүүдө, 11-декабрь, 2010

Швецияда ишембинин кечинде удаама-удаа эки жардыруу болду. Андан бир адам өлүп, эки киши жаракат алды. Бийликтер муну “теракт” деп атап жатышат.

Швециянын чалгын кызматы (SAPO) ишембинин кечиндеги кош жардыруу чын эле теракт болгонун ырастады.

Алгач шаардагы эл көп топтолгон чоң дүкөндүн жанында машина жарылып кеткен. Андан 15 мүнөт өтүп-өтпөй белине бомба байлап, рюкзагына толтура мык салып алган жанкечти өзүн жардырып жиберди.

Өлкөнүн жашыруун кызматынын коопсуздук бөлүмүн жетектеген Андерс Торнберг жардырууларга 10 мүнөт калганда белгисиз бирөөлөр ушул кызматка жана өлкөдөгү ТТ маалымат агенттигине кат жиберишкенин айтты.

"Ал катта бир киши жөнүндө айтылыптыр, - деди ал. - Ага Швеция башка мамлекеттерге аскерлерин жибергени, анан Мухаммад пайгамбар жөнүндө карикатура тартылганы жакпай жаткан экен. Бирок биз дале ал катты анализдеп жатабыз. Ошондуктан бирдеме деп айтыш азыр кыйын".

Кийинчерээк ТТ маалымат агенттиги ошол катта Швеция Ооганстанга жиберген 500 аскер жөнүндө сөз болгонун жазды. Чынында ал аскерлердин мандаты жарым айдан кийин, 1-январда, токтотулат. Эгер аларды Ооганстанда дагы калтырабыз дешсе, анда буга өлкөнүн парламенти макулдугун бериши керек.

Бул катта Мухаммад пайгамбардын карикатурасын тарткан швед сүрөтчүсү Ларс Вилкс жөнүндө да айтылган. Бул сүрөтчүгө негизи көптөн бери эле коркутуулар болуп келди. Мухаммад пайгамбарды итке окшоштуруп тарткан сүрөтү үчүн аны өлтүрүүгө да аракет кылышкан.

Катта: “Силер Исламга каршы согушту, пайгамбарды маскаралаганды, анан чочко-Вилксге жардам бергенди токтотпосоңор, жазаңарды тартасыңар”, - деп айтылыптыр.

Ал арада Швециянын премьер-министри Фредрик Рейнфелд анын өкмөтү “ачык коом жана демократияны” колдой берээрин кайталады.

Бул өлкөдө террор коркунучу боюнча коопсуздук чаралары мурдагы “төмөнкү” деңгээлинен “ортоңкусуна” быйыл октябрда эле көтөрүлгөн эле. Анткени Швециянын өзүндөгү айрым топтор түрдүү чабуулдарды уюштурушу мүмкүн экени тууралуу сөздөр болгон.

Бирок ишембидеги окуялардын айынан коргонуу аракеттери андан бетер күчөтүлбөй турганын айтып, чалгын кызматынын өкүлү Торнберг коомду бир аз болсо да тынчтандырууга аракет кылгансыды.

"Соңку окуялардын айынан Швецияда коопсуздук чараларынын деңгээли дагы көтөрүлбөйт, - деди ал. - Бирок биз кырдаалга көз салып, болгон окуялардын маанисин иликтей беребиз".

Стокгольмдун имамы Шейх Хассан Муса бейкүнөө адамдарга каршы жасалган кандай гана зордук-зобун болбосун, аларды кескин айпытай турганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG