Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемияга даяр турууга үндөдү


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Маргарет Чан чочконун сасык тумоосу боюнча акыркы маалыматтарды берип жатат, Женева, 29-апрель, 2009-жыл
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Маргарет Чан чочконун сасык тумоосу боюнча акыркы маалыматтарды берип жатат, Женева, 29-апрель, 2009-жыл

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (WHO) чочконун сасык тумоосуна байланышкан коркунуч деңгээлин 5-баскычка көтөрдү. Бул чечим вирустун адамдан адамга жугуу учурлары бир эле аймактын 2 өлкөсүндө катталгандан кийин кабыл алынды. Дүйнөнүн булуң-бурчунда сасык тумоонун жайылышын алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Шаршембиде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Маргарет Чан Женевада маалымат жыйынын өткөрүп, пандемия коркунучуна даяр туруу керектигин белгиледи:

- Бардык өлкөлөр пандемияга даярдык пландарын ыкчамдатууга тийиш. Сасык тумоо өңдүү ооруларга жана оор пневмониянын пайда болушуна жакындан байкоо салып туруш керек.

Ошол эле күнү вирустун очогу болгон Мексиканын саламаттыкты сактоо министри Хосе Анхел Кордова жаңы катаң чаралар жөнүндө маалымдады:

- Алдын алуучу чаралардын алкагында, майрамдардан пайдаланып, майдын алгачкы 5 күнүндө коомдук жайларды жабуу чечимин кабыл алдык.

6-майга чейин мектептер иштебейт, коомдук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Президент Фелипе Калдерон элди майрамда үйдө отурууга үндөдү.

Мексика өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, H1N1 вирусунан 168 киши көз жумду, 3 миңдей адам аны жугузуп алган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлгөндөрдүн арасынан 8 киши дал ошол чочко сасык тумоосунан каза тапканын тастыктады. Калгандарынын анализдери даяр боло элек.

Бул аралыкта АКШнын тиешелүү мекемеси сасык тумоонун бул түрү өлкөнүн 11 штатында жайылганын билдирди.

Техаста 2 жашар кыздын өлүмү сөз болгон вируска байланыштырылып, штаттагы мектептер убактылуу жабылды. Мындай чара Американын бир катар башка штаттарында да көрүлүүдө.

Европа биримдигинин саламаттыкты сактоо министрлери Люксембургда илдетке каршы чараларды координациялоону талкуулап жатышат. Анын алдында эле Испания өкмөтү Мексикага барбаган адам чочконун сасык тумоосу менен ооруп калганын кабарлады. Бул – вирустун адамдан адамга жукканын дагы бир жолу далилдейт.

Адистер сасык тумоонун бул түрү чочконун этинен жукпайт деп ишендиришкени менен, бир катар өлкөлөр чочко этинин импортуна тыюу салышты. Арменияда андай чарадан тышкары өлкөгө кирген унаанын бардыгы дезинфекциядан өткөрүлүп жатат. Еревандын эларалык аэропортунда вирус катталган өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөр көзөмөлгө алынууда. Армениянын Санэпидемстанциясынын кызматкери Гаянэ Сахакяндын айтымында, өлкөдө вируска каршы даары жетиштүү.

Өзбекстан саламаттыкты сактоо министрлигинин эпидемиология бөлүмүнүн жооптуу өкүлү Бокижон Маткаримов “Азаттыкка” билдиргендей, илдетти алдын алуу программасында чегарадагы көзөмөлдү күчөтүү, дарыгерлерди жогорку даярдыкка келтирүү, керектүү дары дармек запастарын толуктоо каралган. Андан тышкары элге маалымат берүү үчүн атайын телеберүүлөр даярдалууда.

Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо министрлиги болсо бардык аэропорттор менен темир жол вокзалдарында адамдын дене температурасын өлчөй турган жабдыктар орнотулганын,"Тамифлу" деген дарынын запасы болсо 1 жылга жетерин маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымат катчысы Грегори Хартлдын ырастоосунда, САРС жана куштардын тумоосун алдын алуу тажрыйбасы азыркы вирустун жайылышына каршы күрөштө чоң жардам берүүдө.

XS
SM
MD
LG