Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

Швейцария: Мечит мунарасын курууга тыйуу


Швейцариядагы азан чакыруучу мунарасы бар мечиттердин бири.

Швейцариядагы азан чакыруучу мунарасы бар мечиттердин бири.

Бүгүн (29-ноябрда) Швейцарияда мусулмандарды намазга чакырууда колдонулган мунараларды мечиттерге орнотууга тыйуу салуу маселеси боюнча референдум өттү. Калайыктын көпчүлүгү тыйуу салууну колдоп добуш беришти.

Улутчулдарды кубандырган жыйынтык

Өкмөттүн диний ишеним жаатында сабырдуу болуу чакырыгы бошко кетти.

29-ноябрдагы референдумдун жыйынтыгына ылайык, Швейцарияда буга чейин курулган мечиттердеги мунаралар сакталып кала берет, бирок мындан ары курула турган мечиттерде азанчылар чыгып маал-маалы менен элди намазга чакырууга колдоно турган мунаралар болбоого тийиш.

Жекшембиде өткөн референдумга добуш берүүгө укуктуу адамдардын 55 пайыздайы катышты, алардын 57 пайыздайы оңчул партиянын сунушун (мечиттерге мунара курууга тыйуу салууну) колдоп добуш беришти.

Мечит мунарасы - күрөш символубу?

Калк пикирин тактоону сунуштаган Швейцариянын Элдик Партиясы аттуу оңчул партиянын пикиринде, мечит мунарасы бийлик үчүн күрөштү туюнтат жана анын түпкү мүдөөсү – Швейцарияны исламдык өлкөгө айландыруу болуп саналат.

Мечит мунарасына тыйуу салуу боюнча референдум чакырууну жактагандар 100 миңден ашуун кол топтошуп, мыйзамга ылайык жекшембиде добуш берилди.

Швейцариялык өкмөт болсо мындай тыйуу салуу аракетине каршы чыгып, өлкө атуулдарын референдумда мечит мунарасына уруксат кылуу үчүн добуш берүүгө чакырган болчу.

Өкмөттүн оюнча, мунарага тыйуу салуу өлкөнүн демократиялык бейнесине чоң залакасын тийгизет жана коомдогу диний ишеним эркиндигине доо кетирет.

Референдумдан соң Швейцария өкмөтү өлкөнүн Федерациялык Кеңеши “калк чечимин кадырлай турганын” атайын билдирүү аркылуу маалымдады.

Диний агымдар

Швейцарияда болжол менен 400 миңдей мусулман байырлайт. Буга чейин алар өлкөдө курган мечиттердин ичинен төртөөнүн азан чакыра турган мунарасы бар болчу.

Өлкөнүн калк саны – 7,7 миллиондон ашат. Калктын 50 пайыздайы католиктерден, 48 пайызга жакыны – протестанттардан турат. Башка диний азчылык топтору да бар.

Айтмакчы, Швейцария пост-советтик секулярдык (лайык) Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыгын ырааттуу өрчүтүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG