Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Сириянын өкмөттүк армиясы аскерлерге муктаж


Сириялык качкындар Түркия менен чек арада, 10-июль, 2015
Сириялык качкындар Түркия менен чек арада, 10-июль, 2015

Сириянын президенти Башар Асад согушту аягына чыгаруу үчүн кандай гана саясий сунуш жана диалог болбосун колдоого даярдыгын билдирди.

Ушунун айынан бир нече райондорду оппозициячыл козголоңчулар менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна алдырып жибергенин да ачыктады. Ошого карабай Асад согушта утарына ишендирет. Ал ошондой эле согушту аягына чыгаруу үчүн кандай гана саясий сунуш жана диалог болбосун колдоого даярдыгын билдирди.

Дамасктагы соңку билдирүүсүндө президент Башар Асад Сириядагы согуштук аракеттерде өкмөттүк күчтөр аскерлерге муктаж болуп турганын айтты. Сыналгы аркылуу түз берилген бул жыйында Асад “оор абалга карабай бийликтер өлкөнү коргоп калууга кудурети жетерин” билдирди:

- Чынын айтсак армияда аскерлер жетишпей турат. Бирок бул биздин алсызданып турганыбызды билдирбейт. Армия согуштук аракеттерде жеңүүгө жөндөмдүү. Биздин аскерлер элди толугу менен коргоп калууга алы жетет.

Асад 25-июлда жалпы аскердик милдет жөнүндөгү мыйзамды бузгандарга мунапыс жарыялаган. Ага ылайык, Сириянын аймагында армияда кызмат өтөөдөн качып жүргөндөр бир ай ичинде, башка өлкөгө чыгып кеткендер эки ай аралыгында өз эрки менен келсе кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Анткени Сириянын улуттук армиясы толуктоолорго муктаж. Согушка чейин өлкөнүн армиясы 350 миң болсо, алар азыр 200 миңге чейин кыскарып кеткен. Ошол себептүү Асаддын бийлиги өлкөнүн бир нече аймагын козголоңчуларга алдырып койду.

Дамаск аймактардагы бийликке каршы эмес козголоңчуларды өзүнө тартууга мажбур болууда. Айрым шаарларда болсо катардагы тургундар колуна курал алып, өздөрүн өздөрү коргоого аргасыз. Алар да өкмөттүк аскерлерге жардам берип жатканын президент мойнуна алды:

- Башка облустарды да алдырып жибербөө үчүн армия негизги аймактарды колдон чыгарбай турат. Кээ бир аймактарда ыкчам аракеттерди көрүүгө далбастадык, бирок аскерлер өлкөнүн бардык региондоруна жетишсиз. Кантсе да азыр биз келишим аркылуу чечүүгө мүмкүн болбогон, аябагандай оор кырдаалда турабыз. Унчукпай отуруу коркоктук, саткынчылык менен барабар болуп турат. Бирок Сириянын бир чарчы метр жери да эч кимге берилбейт, биз эч кимге кул болбойбуз.

Президент Асад ошондой эле согушту аягына чыгаруу үчүн кандай гана саясий сунуш жана диалог болбосун колдоого даяр экенин билдирди. Бирок ал ошол эле маалда “терроризм менен күрөшүүнү камтыбаган демилге” маанисиз экенин кошумчалады.

Сириянын өкмөттүк армиясы ушул тапта бир нече фронтто – ички исламчыл көтөрүлүшчүлөргө жана өлкөнүн ири аймактарын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларына каршы согуш жүргүзүүдө.

Соңку мезгилде Асаддын армиясы өлкөнүн түндүк-батыш аймагындагы Идлиб провинциясынан жана байыркы Пальмира шаарынан сүрүлүп чыккан.

Ушул жылдын башында Сирия “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы АКШ баштаган коалицияга кошулбай турганын, бирок согушкерлер менен күрөштү күчөтүү үчүн айрым өлкөлөр менен кызматташууга даяр экенин жарыялаган эле.

АКШ баштаган эл аралык күчтөр “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы коалиция түзгөн. Ушул тапта коалициянын учактары согушкерлерге каршы абадан сокку уруп жатат.

Сириядагы конфликт 2011-жылы өкмөткө каршы нааразылыктар менен башталган. Асаддын бийлигин кулатууну каалаган оппозиция менен өкмөттүк армиянын кармашуусунан улам өлкөдө жарандык согуш тутанып кеткен. Кийин диний радикалдар согуштук аракеттерде таасирин кеңейткен. Сирия менен Ирактын үчтөн бир бөлүгүн ээлеген “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу бул аймактарда “халифат” жарыялаган.

Сирияда жарандык согуш башталган төрт жылдан бери 230 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, үч миллиондой адамды качкын болууга аргасыз кылды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG