Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Жогорку Кеңеште интернет маселеси каралат


"Кыргызтелеком" ишканасы.
"Кыргызтелеком" ишканасы.

Элди интернет менен камсыздоонун абалы жана анын баасын көтөрүүнүн негиздүүлүгүн бүгүн Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети талкуулайт. Жогорку Кеңештин расмий сайты билдиргендей, депутаттарга Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков маалымат беришет.

Буга чейин “Кыргызтелеком" казакстандык провайдерлер менен интернет баасын кымбаттатуу тууралуу бир жылдык келишимге үч ай мурун кол койгон документтер ачыкка чыккан. Муну иликтөө үчүн депутаттык топ түзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG