Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Дача СУда митинг өтүүдө


Бишкектин четиндеги авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ айылынын тургундары элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап, жазалоо талаптары менен кайра митингге чогулушту. Азыр 50гө жакын адам турат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, алар буга чейин коюлган талаптар аткарылбады деп нааразы болушууда. Митингге жарандык активисттер да катышууда.

14-мартта аталган конуштун 200дөй тургуну митингге чыгып, президентке, спикерге жана өкмөткө он беш пункттан турган кайрылуу жолдоп, айылды коопсуз жерге көчүрүүнү талап кылышкан. Муну он күн аралыгында аткарууну, болбосо кайра нааразылык акцияга чыгарын маалымдашкан.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов айылды көчүрүүгө азырынча жер жоктугун, негизги көңүл кырсыктан жабыркагандарга жардам берүүгө бурулуп жатканын кабарлаган.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам набыт болгон. Анын отуз беши айыл тургундары. Жыйырмадан ашуун үй кыйраган. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт ачкан банк эсебине соңку маалыматтар боюнча 96 миллион сомдон ашык акча чогулду.

Кулаган учак Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык. Аталган ишкана жабыркагандарга кенемте төлөп берүүгө убада кылган. Азырынча акча бериле элек.

Андан тышкары президенттин фондунан кырсыктан жапа чеккен ар бир үй-бүлөгө 100 000, өкмөт башчынын фондунан 70 000, спикер фондунан 80 000 сомдон берилмей болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG