Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Орусия колдогон Сирия аскерлери чабуулдарын күчөттү


Орусиянын согуштук учагы бомба таштоодо. Сирия, 14-октябрь 2015
Орусиянын согуштук учагы бомба таштоодо. Сирия, 14-октябрь 2015

Сирия аскерлери өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү Хомс провинциясында көтөрүлүшчүлөргө каршы чабуулга өтүштү. Маалыматтарда аскердик операция орусиялык учактардын сокку уруулары менен коштолгону айтылат.

Сириядагы адам укугуна көзөмөл салчу уюмдун билдиришинче, өкмөттүк күчтөргө Ливандагы "Хезболла" кыймылынын согушчандары да кошулду.

15-октябрда башталган чабуулдун максаты, Сириянын өкмөттүк телеканалынын кабарлашынча, Хомс провинциясынын түндүк жана түндүк-батышындагы шаар-кыштактарды кайтарып алуу же ырасмий айтылгандай “коопсуздукту жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүү”.

Таңкы 5:30да башталган операцияга удаа эле Орусиянын аскер учактары Хомстун тегерегиндеги Талбисе шаары, Тейр Малла, Дар Кабира жана Халидия кыштактарына кеминде 15 жолу бомба таштады. Чабуулга ливандык шииттердин "Хезболла" тобунун согушчандары да катышып жатканын Сириядагы адам укуктарына көз салган уюм маалымдады.

Баш кеңсеси Лондондо орношкон уюмдун мүдүрү Рами Абдулрахмандын "Рейтер" агенттигине айтышынча, авиачабуулда алты согушчан жана эки карапайым жаран өлгөн.

Дамаск шаарынын Хомско кеткен жолдун боюндагы Башар Асаддын сүрөтү тартылган билборд. 13-октябрь, 2015
Дамаск шаарынын Хомско кеткен жолдун боюндагы Башар Асаддын сүрөтү тартылган билборд. 13-октябрь, 2015

Талбисе шаары Хомс жана Хаманы туташтырган кан жолдон орун алган. "Франс пресс" агенттигинин маалымдашынча, Хомс шаарынын бир районун башка бардык бөлүгү жана Хаманы толук бойдон өкмөттүк аскерлер көзөмөлдөйт. Бирок ортодогу аймак жана эки калааны бириктирген кан жол байистүү исламчылар менен “ал-Каиданын” бучкагы эсептелген “ал-Нусра фронтунун” колунда.

Хомстогу чабуул - Сирия аскерлеринин 1-октябрдан берки эң ири согуштук операциясы. Биринчи операция 8-октябрда Хомска коңшулаш Хама провинциясында болуп, анын жүрүшүндө президент Башар Асадга ишенимдүү күчтөр 10 чакты айыл-кыштакты бошотконун Сирия өкмөтү маалымдаган. Экинчи операция 14-октябрда өлкө борбору Дамаск шаарынын чыгыш жагындагы Жобар районунда башталганы жарыяланган.

Орусиянын согуштук учактары акыркы күндөрү Сириядагы активдүүлүгүн күчөтүүдө. 13-октябрда маалымдалгандай, соңку бир күндө 88 жолу жердеги буталарга сокку урган. Бул мурдагы күндөрдөн бир кыйла көп.

Бул күнү АКШ жана анын союздаштары Ирактагы жана Сириядагы жихадчыларга 18 жолу абадан сокку урган. Андан пайдаланып, Ирак аскерлери 15 чакырым алга жылганын жана Рамади шаарын курчоого алганы калганын Пентагондун өкүлү, полковник Стив Уоррен билдирген. Сирияда сокку ал-Хавл жана ар-Ракка шаарларындагы согушчандардын өңүт жайларына урулган.

Орусиянын аба күчтөрүнүн Сириядагы операциясы 30-сентябрда башталган. Москванын айтуусунда, анын учактары соккуну “Ислам мамлекети” тобунун жихадчылары жана Сирия режимине каршы башка “террорчуларга” урууда. Ал эми Вашингтон жана анын союздаштары Орусияны Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн байистүү оппозицияны бомбалоодо, операция стратегиялык жактан туура эмес” деп күнөөлөшүүдө.

Мусулман уламаларынын суннит комитетинин мүчөлөрү Орусиянын Бейруттагы элчиканасынын маңдайында Москванын Сириядагы кырдаалга кийлигишүүсүнө каршы митинг өткөрүшүүдө. Ливан, 14-октябрь 2015
Мусулман уламаларынын суннит комитетинин мүчөлөрү Орусиянын Бейруттагы элчиканасынын маңдайында Москванын Сириядагы кырдаалга кийлигишүүсүнө каршы митинг өткөрүшүүдө. Ливан, 14-октябрь 2015

Бирок Башар Асаддын экинчи бир бекем колдоочусу Тегеран антип эсептебейт. Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрагасы Аладдин Бөрүжерди кечээ Дамаскиде журналисттер алдында сүйлөп, Сириядагы халифатчыларга каршы согушка Орусиянын кошулуусу региондогу кырдаалды жаңы нукка салат деген оюн айтты:

- Америка жана анын союздаштары “Ислам мамлекети” тобуна каршы аракеттерди олуттуу кабыл албай, ага тамаша катары мамиле жасашууда. Ошон үчүн жаңы коалиция жана жаңы команда майданга чыкты жана бул олуттуу болот. Бул региондогу жагдайды жаңыча өнүктүрөт.

Бөрүжерди жихадчыларга каршы жаңы коалиция деп Орусия, Иран, Ирак жана Сирияны айтууда. Бул төрт мамлекет ай башында Багдадда орток чалгындоо борборун түзгөн.

Өткөн ишемби күнү Сирияда бир нече ирет орусиялык жана америкалык учактар бири бирине 16 чакырымга чейин жакындан учушкан. Эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин өкүлдөрү Сириянын аба мейкиндигинде коопсуздукту сактоо маселесин үчүнчү жолу видео конференцияда талкуулашты. Тараптар маалымдаганга караганда, учкучтардын коопсуздугун бекем коргоо боюнча келишимди макулдашканга эки жак өтө жакын турушат.

XS
SM
MD
LG