Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Брахими: Сириядагы чатакта ким жеңери күмөн


Жарандар жана Эркин Сирия армиясынын мүчөлөрү Алеппо шаарынын ал-Каласе кичирайонунда эртең мененки авиачабуулдан кыйраган турак үйдү текшерип жүрүшөт. 19-сентябрь, 2012.
Жарандар жана Эркин Сирия армиясынын мүчөлөрү Алеппо шаарынын ал-Каласе кичирайонунда эртең мененки авиачабуулдан кыйраган турак үйдү текшерип жүрүшөт. 19-сентябрь, 2012.

Cириядагы кырдаал улам начарлоодо. 18 айдан берки куралдуу чатакта не өкмөт, не адаватчылар жеңери күмөн.

Улуттар Уюму менен Араб Лигасынын Сирия боюнча арачысы Лахдар Брахиминин көз карашы ушундай.

Алжирлик кексе дипломат шейшемби күнү Катардын “ал-Жазиира” телевидениесине берген интервьюда Сириядагы чатак коңшу мамлекеттердеги абалга да тескери таасир тийгизип жатканын да “канжар ургандай” түз айтты:

- Бу тейдеги чатактар бир өлкөдө балкып жатпайт. Сөзсүз калкып чыгат. Азыр эле коңшу өлкөлөрдөгү жагдайды бейстабилдештирген, же коркунуч туудурган жүз миңдеген качкындар пайда болду.

Шаршемби күнү өлкөнүн соода борбору Алепподо катуу уруш жүрдү. Козголоңчулар өлкө түндүгүндөгү Түркия мен чек арадагы бекеттерди ээлешкени айтылууда. Расмий Анкаранын билдиришинче, Сирияга чектеш Ачкалы шаарында сириялыктар аткан октор кээ бир үйлөргө чейин жетип, бир киши жарадар болгон.

Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Сириядагы жарандык согуштун кесепетинен 250 миңден ашуун адам коңшулаш өлкөлөргө бозгун болуп кетти. Там-жайсыз калган 1, 2 млн. адам эптеп күн көрүүдө. Былтыр мартта тынч көчө жүрүштү армия кан төгүп баскандан кийин ачыктан ачык тирешүүгө, анан жарандык согушка айланган булоондо, Ройтерстин жазышынча, апаат болгондордун саны 27 миңге чыкты.

Эл аралык чабарман Лахдар Брахими ал-Заатридеги качкындар лагеринде интервью берип жаткан кез.
Эл аралык чабарман Лахдар Брахими ал-Заатридеги качкындар лагеринде интервью берип жаткан кез.
Лахдар Брахими интервью бергенден мурда, 18-сентябрда бешимге чейин Иорданиянын Матаф шаарындагы Заатари качкындар лагерине барып, ал жердеги адамдардын ал-ахывалы менен таанышты. Бу лагерде 32 миң сириялык бозгун баш калкалайт. Алар эл аралык чабармандын автомобилин ташбараңга алып узатышкан болчу.

Тажрыйбалуу дипломат интервьюда Сирия өкмөтүн жана козголоңчуларды чатакты токтотунун жолун чогуу издегенге чакырып, эч ким согушта жеңишке жетпейт деген пикирин да билдирди:

- Мен өтө олуттуу, колумдан келишинче айбаттуу айткан пикир мындай: абал аябай осол жана начарлоодо, жакшырып аткан жок. Эки жактагы тең сириялыктар маал-маал биз жакында же үч айда, же эки айда жеңебиз дешет. Менимче, бул чын эмес. Жакында же келечекте кайсы бир жак жеңет деп ойлобойм.

Брахими берегидей, көз карашын ортого салгандан мурда Каирде Араб Лигасынын башкатчысы, ал эми 15-сентябрда Сирия президенти Башар Асад менен кездешти.
Бул Брахиминин эл аралык чабармандык кызматка 1-сентябрда киришкенден берки Асад менен алгачкы жолугуушсу.

Эл аралык мунапыс уюму апта башында Асаддын өкмөтүн аскерлердин карапайым элге аябастан чабуул жасап жатканы үчүн сындаган эле.

Эл аралык мунапыс уюмунун жер-жерлерден топтогон маалыматына ылайык, сентябрдын биринчи жарымында 166 адам, анын ичинде 48 бала жана 20 аял жайран болгон. Ал эми Идлиб, Жабал ал-Завия жана Хама региондорундагы 26 шаар-кыштакта жүздөгөн адамдар жараат алган.

Былтыр марттан берки урушта 2 миңден ашуун мектеп кыйраган. ЮНИСЕФтин Сирия өкмөтүнө таянып билдиришинче, өткөн окуу жылда 7-8-9 класстардын окуучуларынын 70 проценти мектепке барган эмес.

XS
SM
MD
LG