Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Албания Сириянын алаамат куралдарын албайт


Албания -- Сириянын химиялык куралдарын жок кылууга Албания катышпастыгы тууралуу өкмөт чечимин кубаттаган топ. Тирана, 15-ноябрь, 2013.

Албания -- Сириянын химиялык куралдарын жок кылууга Албания катышпастыгы тууралуу өкмөт чечимин кубаттаган топ. Тирана, 15-ноябрь, 2013.

Сириянын химиялык куралдары кайсы өлкөдө жок кылынары азырынча белгисиз. 15-ноябрда Албания алаамат куралдарды өз аймагында жок кылууга макул болбосун билдирди.

Ага карабай, Химиялык куралдарды тыюу уюму (OPCW) эки жылдан ашуун убактан бери жарандык согуштун кучагындагы Сириянын химиялык куралдарын жок кылуу планын бекитти.

Химиялык куралдарды тыюу уюму бекиткен планга ылайык, химиялык куралдардын “эң коркунучтуулары” Сириядан 31-декабрга чейин чыгарылат. Калган химиялык уулуу элементтер 5-февралга чыгарылууга тийиш. Өлкөдө нервди шал кылчу зариндин негизги эки ингредиентинин бири - изопропанол гана калтырылат.

Маалыматтарга караганда, Сирияда 1 миң тонна химиялык куралы бар. Бул куралдар кайсы өлкөгө чыгарылып, жок кылынары али беймаалым. Себеби Албания андай операцияларды аткаргандай кубаты жок болгондуктан бул жоопкерчиликтен баш тартты.

Бул жөнүндө премьер-министр Эди Рама жума күнү түз эфирде жарыялады:

- Албания көрсөтүлгөн ишеним үчүн, биздин досторубузду жана өнөктөштөрүбүздү аябай урматтоо менен, Албания үчүн бул операцияга кошулуу мүмкүн эмес деп чечтим.

НАТОго мүчө ишенимдүү союздашы Албаниядан бул жоопкерчиликтүү ишти бүткөрүүнү АКШ сураган эле. Бирок химиялык куралдарды өлкөгө алып келгенге албандар арасында каршылык күчтүү болду. 15-ноябрда өкмөттүн чечимин күтүп, өлкө байтакты Тирананын борбордук аянтында орнотулган чоң экрандын алдында бир нече миң адам чогулуп турду. Алар Эди Раманын Сириянын химиялык куралдарын жок кылууга катышпайт деген сөзүн алакан чаап колдошту.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки жума күнү жасаган билдирүүсүндө албан өкмөтүнүн чечими - эки өлкөнүн мамилесине залал тийгизбесин эскертти:

- Биз Албаниянын химиялык куралдарды өлкөдө жок кылууга олуттуу мамиле жасап, кабыл алган чечимин баалайбыз.

Псаки айым химиялык куралдар мерчемделген мөөнөттө жок кылынарына Вашингтон бекем ишенгенин да кошумчалады.

Албания өзүнүн коммунисттик доордон мураска калган химиялык арсеналынан 2007-жылы Вашингтондун техникалык жана финансылык жардамы менен кол жууган.

Быйыл сентябрда Сирия химиялык куралдарын толук жок кылганга макулдук берип, бирок алар өлкөдөн тыш жакта жексен кылынсын деп суранган. Президент Башар Асад массалык кыргын салчу куралдар менен кош айтышканга Орусия жана Кошмо Штаттар арачылык кылган сүйлөшүүдө ынанган. АКШ августта Дамасктын четинде зарин газынын чабуулунан жүздөгөн адамдар уугуп өлгөндөн кийин Сирияга аскерий сокку урулат деп коркуткан.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына жараша, Сириянын химиялык арсеналы 2014-жылы 30-июндан кечиктирилбей жок кылынышы абзел.
XS
SM
MD
LG