Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Сирияда жүздөгөн демонстрант камалды


Өкмөттүк аскерлер Дераага танктар менен чабуул коюшту, 25-апрель, 2011
Өкмөттүк аскерлер Дераага танктар менен чабуул коюшту, 25-апрель, 2011

Дүйшөмбүдө Дераа шаарына өкмөттүк аскерлер танктар менен киргизилгенден бери өлкө боюнча коопсуздук күчтөрү 500 жакын демонстрантты камакка алышты. Ал арада Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине Сирияны мүчөлүккө албоого үндөгөн чакырыктар айтылууда.

Бул тууралуу “Савасиях” деп аталган жергиликтүү укук коргоочу уюм кабарлады.

Өлкөдө өкмөткө каршы нааразылык акциялары бир ай мурда дал ушул Дераа шаарынан башталган.

“Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзүү” деп аталган дагы бир уюм билдиргендей, шейшембиде эрте менен Дамасктын айланасында жана Жаблех шаарында да “ондогон” адамдар камалды. Бирок алар кармалгандардын так санын айта алышкан жок.

"Тастыкталбаган өлүм"

Айрым кабарларда Дераада дүйшөмбүдөгү тополоңдо 39 адам набыт болгону айтылат. Бирок маалыматты башка булактар азырынча тактыкташа элек. Анткени өкмөт чет өлкөлүк журналисттерди жумурияттан чыгарып жиберген, шаардын айланасында чөнтөк телефон байланышын үзүп салган.

Адам укугун коргоочу активисттер Сирияда өкмөткө каршы демонстрациялар башталгандан бери коопсуздук күчтөрүнүн колунан кеминде 400 адам өлгөнүн айтышууда.

Укук коргоочу Абазид Абдулла шейшембиде AFP маалымат агенттигине айткананы караганда, коопсуздук күчтөрү бул күнү да Дераада демонстранттарга каршы ок чыгарды. Ал эрте менен өкмөттүк аскерлер жергиликтүү мечиттин имамынын үйүн курчоого алышканын, бирок ал үйдө болбогонун айтты. Имам ишембиде кызматтан кеткенин билдирген эле.

Өкмөттүк армия шаарга жергиликтүү тургундардын суранычы боюнча “террористтик топту” кармаганы келгенин билдирүүдө. Аскерлердин жетекчилиги азыр youtube.com өңдүү интернет сайттардагы видео тасмалар жасалма материалдар экенин, же Сирияда тартылбаганын айтты.

"Менин үй-бүлөмдү өлтүрүштү"

Бирок жергиликтүү тургундардын айткандары башкача. Reuters маалымат агенттигине сүйлөгөн аял Дераага жакын жерде жашай турганын, анын үй-бүлө мүчөлөрүн дүйшөмбүдөгү тополоңдо аскерлер өлтүрүшкөнүн билдирди.

"Алар менин үй-бүлөмдү өлтүрүштү!, - деди ал. - Өлүктөр көчөдө жатат. Мен алар менен бирге болчумун! Менин үй-бүлөм өлүп жатат!"

Америка Кошмо Штаттары да Сирияда президент Башар Ал-Ассаддын кызматтан кетишин талап кылган демонстранттарга каршы зомбулук боюнча кескин билдирүү таратты.

Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Керни: “Жумурияттын башында ким турушу керектигин Сириянын эли өзү чечкенге укугу болушу керек”, - деди. Керни адамдардын укугу урматталышы зарылдыгын, алар өкмөткө нааразылыгын билдиришкени үчүн эле өлтүрүлбөшү керектигин айтты.

"Сириянын эли дүйнөнүн башка жерлериндеги элдердей эле сөз эркиндигине, тынч жыйналууга, өз лидерин эркин тандоого укук алууну самайт, ошого чакырды", - деди Керни.

Дүйшөмбүдө Дераадагы окуядан кийин расмий Вашингтон Сириядагы бүт америкалыктарды “өтө зарыл иши болбосо”, өлкөдөн тезирээк чыгып кетүүгө чакырды.

Мүчөлүккө каршы өнөктүк

Ал арада адам укугун коргоочу уюмдар Сирияны Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары комитетине мүчөлүккө албоого үндөй башташты. Процесске катышып жаткан, ысмын атагысы келбеген дипломаттардын бири 20-майда өтө турган добуш берүүдө Сириянын оордуна башка мамлекет тандалаарын билдирди.

Сириянын талапкердигине каршы өнөктүккө бул өлкөдөгү демонстранттарга каршы чабуулдарды айыптаган билдирүүлөр да себеп болуп жатат өңдүү. Өкмөттүк аскерлердин аракеттерин Франция, Британия, Германия жана Португалия айыпташкан эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG