Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Алеппо шаары согуш кучагында


Эркин Сирия армиясы Алеппо шаарындагы Шаар райондук полициясынын мүчөлөрүн туткундап баратышат. 25-июль 2012
Эркин Сирия армиясы Алеппо шаарындагы Шаар райондук полициясынын мүчөлөрүн туткундап баратышат. 25-июль 2012

Cирия президенти Башар Ассаддын режимин дипломаттар да таштап кача баштады.

Буга чейин президентти бир нече мартабалуу генерал, көптөгөн офицерлер менен аскерлер таштап кеткен жана анти-өкмөттүк күчтөргө кошулган.

Сириянын ири шаары жана соода борбору Алеппо шаарында ишембиден бери Асадга ишенимдүү аскерлер менен көтөрүлүшчүлөр ортосунда айоосуз согуш жүрүүдө.

Cириянын Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчиси Абдил Латиф Дабаге жана Кипрдеги дипломаттык миссиясынын башчысы Ламия Харири айым кызматтарын калтырып, Катарга өтө качышты.

Аялы-күйөөсүнүн Башар Асаддын бийлигин чанып, анын режимине каршы көтөрүлгөн адаватчыларга кошулганын АКШ тастыктады. Мартабалуу дипломаттардын качканы, Ак Үйдүн өкүлү Жей Карнейдин сөзү менен айтканда, президент Асаддын “күнү бүтүп баратканын” жана “бийликти мурдагыдай тескей албай калганын” жышааналайт.

Козголоңчулар Алеппо шаарында иптар кылышууда. 24-июль 2012
Козголоңчулар Алеппо шаарында иптар кылышууда. 24-июль 2012
Сириянын Омандагы аскерий атташеси Мухаммад Тахсин Факир да качып кеткенин Катарда жайгашкан “Ал-Жазира” телеканалы кабарлады. Ай башында Асаддын “кемесин” Ирактагы элчи Наваз Фарес таштай качкан.

Былтыр мартта Ливияны 42 жыл башкарган Муаммар Каддафинин бийлиги бошой баштаганда АКШдагы элчинин артынан тышкы иштер министри дыр коюшкан.

Өлкөнүн экинчи чоң шаары жана коммерциялык борбору, түндүктөгү Алеппо шаарында ишемби күндөн бери эрегишчилер менен армия арасында катуу уруш жүрүүдө.

Соңку маалыматтарда 2 миллион калктуу калаага көтөрүлүшчүлөрдүн жаңы күчтөрүн киргизбөө үчүн Алеппонун чет тарабы артиллериялык куралдардан, минометтордон жана тикучарлардан тынбай аткыланып, уруштук аракеттер Асадга каршы көтөрүлүштүн очогу Хомсто жана Хама, Дера, Дейр-эз-Зор шаарларында да жүрүп жатканы кабарланууда.

Сириядагы куралдуу тирештин күчөшү Кичи Азия өлкөлөрүн кайра коогалаңга
салды. Коңшулаш Түркия чек араны көзөмөлдөөнү күчөттү. Бирок качкын-бозгундар үчүн “дарбазаны ачык” калтырды. Сириядагы 16 айдан берки капсалаңдан улам Түркияга 46 миң адам качкан. БУУнун маалымдашынча, Сирияны 115 миң адам таштап кетти.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Даудоглу расмий Анкара Сирия элин колдой берерин билдирди:

- Ар ким өзү тандаган ишке жараша соттолот. Ал эгер өз элин бириктиргендин ордуна аларга каршы армияны чабуулга айдаса, букараларын артиллерия жана танктар менен аткыласа, анын натыйжасында 20 миң агайын-туугандарыбыз өлсө, бизде бир гана жол калат. Биз өзүбүздүн азапка кабылган сириялык агайындарыбызды колдойбуз жана алар менен биргебиз.

Cириялык качкын кыз Ирактын ичиндеги качкындар лагеринде. 24-июль 2012
Cириялык качкын кыз Ирактын ичиндеги качкындар лагеринде. 24-июль 2012
Ал эми Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан дүйнө өлкөлөрүн Сириядагы “кандуу булоонду токтотууга” үндөдү. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү болсо Орусия жана Кытайдын каршылыгынан улам Асаддын режимине каршы жаңы санкция кабыл алалбай жатат. Анын айынан, сириялыктардын каны төгүлүп жатканын айткан Германиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Петер Виттиг Башар Асаддын бийлиги өз элине аскерий техниканы аянбай айдаганына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду:

- Асаддын өкмөтү өз элине каршы оор аскерий техниканы айдактоодо жана аткылоодо. Атүгүл эки күн илгери эл аралык коомчулукту химиялык жана биологиялык куралдарды колдонобуз деп коркутту. Бул айоосуз жана адамгерчиликсиз коркутуу.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин айрым өлкөлөрдүн Сирия оппозициясын колдоп жатканы “өлкөдөгү кырдаалды ого бетер курчутат” деди.
Кремль ошол эле учурда Сириянын химиялык куралдарды колдонобуз деген коркутуусун ынангыс окуя деп баалады.

Расмий Дамаск апта башында козголоңчуларды басуу үчүн химиялык куралдарды пайдаланбасын, бирок кокус тышкы күчтөр өлкө чегинен кирсе, массалык кыргын салчу куралдарды колдонууга даяр экенин эскерткен болчу.

Сирия оппозициясынын ырасташынча, өлкөдө былтыр марттан бери жүрүп жаткан чатакта 19 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек. БУУнун май айында, Сириядагы кандуу булоон кеминде 10 миң адамды жалмаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG