Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

“Кыргызстан” фракциясында лидер алмашканы расмий жарыяланды


Канатбек Исаев жана Алмаз Батырбеков.
Канатбек Исаев жана Алмаз Батырбеков.

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясында лидер алмашканы расмий жарыяланды. Фракциянын бүгүнкү жыйынында Канатбек Исаевдин ордуна Алмаз Батырбеков төрага болуп шайланды. Анын талапкерлиги бир добуштан көрсөтүлгөн.

Канатбек Исаев партиянын иштерин уюштуруу жана 11-декабрда өтчү жергиликтүү шайлоолорго даярдык көрүү максатында төрагалыктан кетип жатканын билдирген.

Коалиция куроого байланыштуу сүйлөшүүлөр Батырбековдун төрагалыгы алдында башталат. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG