Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Сирия боюнча "майнапсыз" сүйлөшүү


Сирия оппозициясынын Улуттук Коалициясынын өкүлү Лоуай Сафи Орусиядан көңүлү калганын айтты, 14-февраль, 2014
Сирия оппозициясынын Улуттук Коалициясынын өкүлү Лоуай Сафи Орусиядан көңүлү калганын айтты, 14-февраль, 2014

Британия менен Франция өткөн ишембиде жарым саатка да созулбаган “Женева-2” эл аралык конференциясын сындап жатышат. Сирияда дээрлик үч жылдан бери уланып жаткан граждандык согушка чекит коюуну максат кылган конференция эч кандай жыйынтыксыз аяктаган болчу.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Сирия президенти Башар ал-Асаддын режими бул сүйлөшүүлөрдө “прогресске бут тосконун” айтты.

Британ тышкы иштер министри Уилиям Хейг да ал ойду колдоп, “жыйынтыксыз сүйлөшүүлөр үчүн жоопкерчилик толугу менен Асад режиминде экенин” билдирди.

Буга ошол конференциянын башкы уюштуруучулары - Москва менен Вашингтондон ошол маалда дароо реакция болгон жок. Дүйшөмбүдө гана АКШнын мамкатчысы Жон Керри Жакартадагы маалымат жыйынында бул сүйлөшүүгө токтолуп: "Президент Башар ал-Асад ак ниети менен сүйлөшүүгө отуруунун ордуна, эптеп эле ушул урушта жеңем деген максатта экени дайын болуп калды", - деди.

Конференциянын алдынан АКШ президенти Барак Обама да расмий Дамаскиге кысым жасап, бүтүн Сирия боюнча гуманитардык миссияны жандандырыш үчүн “утурумдук чараларды” ойлонуп жатканын билдирген.

Эл аралык ортомчу Лахдар Брахими соңку сүйлөшүүлөрдүн майнапсыз жыйынтыкталганы, Хомс шаарынан элди башка жакка көчүрүү иши жарым-жартылай гана жасалганы үчүн Сирия элинен кечирим сурады.

"Бул сүйлөшүүлөрдөн үмүт арткан Сирия эли алдында мен терең өкүнүч менен кечирим сурайм, - деди Брахими. - Хомстогу кичинекей ийгилик аларга азыркы оор кризистен чыгуунун аракети башталды деген үмүт берген эле".

Брахиминин айтымында, азырынча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы үчүн убакыт белгилене элек. “Эки тарап тең азыр кайрадан жакшылап өз алдынча ойлонуп, негизи тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантыш керекпи-жокпу деген суроо боюнча бир пикирге келип алышы зарыл”, - дейт ал.

Андан сырткары, Брахими азыр эми АКШ, Орусия жана Бириккен улуттар уюму менен макулдашып алышы зарыл экенин кошумчалады.

Конференцияга оппозициянын атынган катышкан өкүлдөр Сирияда шайлоо уюштурулганга чейин Асад бийликтен кетишин, анын ордуна убактылуу өкмөт иштеп турушу керектигин шарт катары коюшкан.

Өкмөттүн атынан келгендер болсо Асад бийликтен кетпей турганын, анын ордуна “террористтердин” карасанатай аракеттерин талкуулоо зарыл экенин айтып жатышты. Сириядагы азыркы бийлик “ал-Каида” менен байланышы бар-жоктугуна карабай, өзүнө каршы күрөшүп жаткан бүт козголоңчу топторду “террорист” деп атап жүрөт.

Азыр эми Женева талкууларын Брахими “эч бир жыйынтык бербеген пайдасыз сүйлөшүү” деп атаганына карабай, Сирия өкмөтүнүн Улуттар уюмундагы элчиси Башар Жаафари тынчтык процессине али кайтса болот дейт:

- Жок, жок. Биз кайра кайтабыз. Биз элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштеп, кан төгүүлөрдү токтотууга, терроризмди жок кылып, Женева талкуусуна негизделген, элибизге макул боло турган саясий чечим кабыл алууга берилгенбиз. Биз азыр туңгуюкка такалган жокпуз, дале сүйлөшүүлөрдөбүз. Биз азыр сүйлөшүүнү такыр жоготтук деп ойлобойбуз.

Бирок Асаддын режимине утурумдук өкмөт түзүү боюнча дурус басым жасай албай жатат деп Орусияны күнөөлөгөн оппозиция өкүлү Лоуай Сафи кайра сүйлөшүүгө отуруу мүмкүнчүлүгү аз экенин белгилейт:

- Тилекке каршы, мен чынында азыркы сүйлөшүүлөрдөн эч бир позитивдүү нерсе көрбөй жатам. Биз азыр бир эле Сириядагы режимден эмес, бул конференциянын айрым уюштуруучуларынан да такыр көңүлүбүз калып турат. Өзгөчө орустар азыр процессти артка тартып жаткан режимди эпке келтире албай жатышат. Эми бул боюнча чара көрүшөт го деп үмүт кылалы, анткени алар Женева коммюникесинин түзүлүшүнө алып келген алгачкы талкуунун демөөрчүлөрүнөн бири.

Сафи кийинки, үчүнчү жолку талкуу “утурумдук бийлик жөнүндөгү сүйлөшүүлөрсүз” болбой турганын, антпесе мунун баары убакыттын текке кеткенин айгинилей турганын айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG