Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

"Хезболла" Сирияда жеңгиче атышууга касам ичти


Хассан Насралла
Хассан Насралла

Сириянын өкмөттүк аскерлери менен аларды колдогон ливандык “Хезболла” тобу негизинен суннилер отурукташкан Кусаир шаарында оппозицияга каршы чабуулун күчөтүштү. “Хезболла” Сириядагы режимге жардам берип жатканын ишембиде расмий кабарлагандын эртеси Бейрутта ал топ башкарган районго эки ракета атылды. Ушундан улам Сириядагы конфликт регионалдык деңгээлдеги ири жаңжалга айланып кетпейби деген камтамачылык күчөп турат.

Сирияда Хомс шаары менен Ливандын чек арасы ортосунда жайгашкан Кусаир шаарынын өзгөчө стратегиялык мааниси бар экени мурдатан эле айтылып келатат. Ал жер Сирияда президентке каршы чыккан куралдуу оппозициянын ишенимдүү очогу катары да саналып келди. Бирок азыр эми коңшулаш Ливандагы “Хезболла” куралдуу тобунун колдоосуна ээ болгон Сириянын өкмөттүк аскерлери бир аптадан бери ушул шаарды аткылап, оппозициянын бир топ эле шаштысын кетиргендей болуп жатат.

Сириядагы оппозициялык активисттер ишембидеги атышууларда эле 20дан ашуун адам өлгөнүн кабарлады.

Ишембиде “Хезболланын” лидери Хассан Насралла анын шийи куралчан тобу Сирияда президент Башар ал-Асадды жеңгиче согушкерлерин жибере берерин айтты. Бул аталган топ Сирияда эки жылдан ашуун мезгилден бери уланып жаткан атышууларда президент тарапта атышып жатканын расмий тастыктаган алгачкы билдирүү болчу.

"Биз - бул күрөштүн жана буга чейинкилеринин ээсибиз, биз мунун жеңүүчүлөрү болобуз", - деди ал.

Насралланын айтымында, Сирия менен Ливан азыр радикал сунни исламисттеринин коркунучуна кабылып жатышат. Анын ишениминде, бул “Хезболланын” душманы Израилдин жакын өнөктөшү АКШ жасаган кутумдун бир бөлүгү болушу мүмкүн.

Израил менен “Хезболла” 2006-жылы бир ай атышкан. Ал эми Сириянын президенти Башар ал-Асад шийи мусулмандарынын бир бутагы катары белгилүү алавиттерден болот.

"Биз ошол жолубузду улантабыз жана ал үчүн кандай жоготуу же кесепет болбосун, жоопкерчиликти алууга даярбыз, - дейт Насралла. - Мен 2006-жылы айткандай эле, азыр да жеңишке жетебиз деп убада кылам. Силер - баатырсыңар".

Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясы Насралланын сөздөрүн “согуш ачуу” катары кабыл алганын билдирди.

Коалициянын мүчөсү Адиб Шишалки Стамбулда жасаган билдирүүсүндө “азыр ливандык топту согушка түртүп жатат” деп Иранды айыптады.

"Насралланын билдирүүсү Сирияга жана анын элине согуш ачканын күбөлөндүргөн декларация десек болот. Бул андан сырткары, Сириядагы режим ыдырап, эми сырттагы досторунан жардам күтүп калганын көрсөтөт. Насралланын чечими Ирандын көрсөтмөсү менен кабыл алынганын да айта кетишибиз керек. Демек, Иран режими да буга кийгилишип жатат", - деди Шишалки.

Оппозициялык коалиция Стамбулда чогулуп, тынчтыкка жетиш үчүн АКШ менен Орусия жакында өткөрө турган конференция алдында бир тыянакка келгенге аракет кылууда.

Азыр ал конференцияга катышуу-катышпоо боюнча оппозициянын өзүнүн ичинде бир мунаса табыла элек.

Ал арада келерки айда Женевада өтөөрү каралып жаткан эл аралык конференцияга расмий Дамаск катышышы мүмкүн экенин кыйытты.

Жекшембиде Багдаддагы жолугушууда Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем “Бул жыйын Сириядагы кризисти токтотууга жакшы мүмкүнчүлүк болмок” деп, принцибинде Дамаск ага катышууга макул дегендей ой айтты.

Сирияда 2011-жылдын мартында президент Башар ал-Асаддын режими менен ага каршы чыккан куралдуу оппозициянын кагылыштары башталгандан бери 80 миңдей адам окко учту.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG