Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Идлибдеги соккудан окуучулар мерт болду


Сириянын Идлиб провинциясында мектепке урулган соккудан 35 киши, анын ичинде 22 бала набыт болду. ЮНИСЕФ тараткан бул маалымат Бириккен Улуттар Уюмунда Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн кайым айтышуусуна алып келди.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Идлиб провинциясындагы Хасс кыштагына абадан сокку 26-октябрда урулган. Андан 35 киши набыт болгон. Алардын 22си балдар, алтоо мугалим экени айтылды. Идлиб провинциясын куралдуу козголоңчулар көзөмөлдөйт. Ошондуктан сокку Орусия же Сирия аба күчтөрү тарабынан урулганы айтылууда.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Энтони Лейк “Бул - трагедия. Бул - зомбулук. Эгерде ал атайын жасалган болсо, анда ал аскерий кылмыш” деди. Ал ошондой эле бул Сирияда жарандык согуш башталгандан бери мектепке урулган эң кандуу сокку экенин белгилеген.

Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Виталий Чуркин мындай маалымат чыкканда “Бул үрөй учурарлык окуя. Ага биз аралашпасак керек деп үмүттөнөм” деген. Ал Орусиянын Коргоо министрлиги менен байланышып, соккуга кимдин тиешеси бардыгын аныктоого аракет жасарын билдирген.

Куткаруучулар аман калгандарды издөөдө
Куткаруучулар аман калгандарды издөөдө

Орусиянын Коргоо министрлиги 27-октябрда билдирүү таратып, анда Орусия же Сириянын аба күчтөрү акыркы тогуз күндөн бери Алеппонун айланасына сокку ура электигин билдирген. Идлиб провинциясына караштуу Хасс кыштагы Алеппонун түштүк-батышында 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында БУУнун гуманитардык башкармалыгынын башчысы Стивен О'Брайн Орусия жана Сирия бийлиги Алеппо үчүн күрөштө ачарчылык тактикасын колдонууда деп айыптады:

- Жайкын тургундар Орусия жана Сирия күчтөрү тарабынан бомбаланып жатышат, эгерде андан аман калышса эртең ачарчылык азабын тартышат. Бул абийирге сыйбаган, бирок ачык-айкын тактика.

Алепподогу абалды “акыр заман тозогу” деген Стив О'Брайн акыркы айда анда 400 киши өлгөнүн белгиледи. Ал Алепподо козголоңчулар ээлеген аймактарга асмандан ташталган баракчаларда “бул силердин акыркы мүмкүнчүлүгүңөр, жаныңарды куткаргыла. Эгерде бул райондордон кетпесеңер жок кылынасыңар” деп жазылганын айтып, Орусия жана Сирия өкмөтү өз максаттарын өтө ачык билдиришкен деди. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешин адамдардын азабын токтото албашын сынга алды.

О'Брайндын мындай сөзү Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркиндин кескин каршы пикирин жаратты. Ал Алепподо Орусия жарыялаган гуманитардык тыныгууну Бириккен Улуттар Уюмунун тааныбасын “ачуу келтирген көрүнүш” деп, анын учурунда гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүлгөнүн, “террордук” топтор ага жол бербегенин атады. Москванын дарегине О'Брайндын айыптоосун Чуркин “текеберсинүү” деп атады:

- О'Брайн мырзанын бүгүнкү сөзү сын көз карашымды билдирүүгө аргасыз кылып жатат. Анын үстүнө ал БУУнун кызматкерлеринин кемчиликсиз экенин айтып жатып, текеберсине мыйыгынан жылмайып койду. Мен андай жылмаюуга негиз жок деп ойлойм. О'Брайн мырза, биз сыйынгыбыз келсе чиркөөгө бармакпыз, эгерде ыр уккубуз келсе театрга бармакпыз, БУУнун катчылыгынын жетекчилери Коопсуздук кеңештин жыйынына чакырылганда болуп жаткан окуяга объективдүү талдоону күтөбүз. Сизде андай болбой калды.

Чуркин О'Брайнды баяндамасын кези келгенде жаза турганын романына калтырууну сунуштады.

АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр Сириядагы акыркы окуялар боюнча Орусияны сынга алып, Алеппого гуманитардык жардам жеткирүүдө Москва Улуттар Уюму менен биргеликте иштебеди деди.

Стивен О'Брайн орус элчисине кайрылып, атууну, согушту токтотууга чакырды. Москва өз кезегинде Алепподо “Жебхат ан-Нусра” тобунун террорчулары орун-очок алган деп, аларды шаардан сүрүп чыгарууда Сирия бийлигин колдоого алууда. Тынч калктын согуш жүрүп жаткан аймактан чыгып кетүүсүнө террорчулар жол бербей, аларды тирүү калканч катары колдонуп жатканын билдирүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG